Камчы Сарыбаев: «АРТИСТТЕРГЕ ЧЫДАГАН АЯЛДАРГА МЕДАЛЬ БЕРИШ КЕРЕК»

№499 25-май-31-май, 2012-ж.

Тасмада болобу, тойдо болобу, Камчыкебиздин күлүп, тамаша тартуулап жүргөнүн гана көрөбүз. Биздин маек да жылмаюу менен башталып, бир аз муңаюу менен аяктады.

КЫСКАЧА

Туулган жылы – 1978-жыл, 7-февраль
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Салмагы – Өзү көтөрө алат
Бою – 178 сантиметр
Кыжыры келгени – Айдоочулардын сол жакка бурулам деп белги берип туруп, оң жакка бурулуп кеткени
Көп колдонгон сөзү – «Неме, бодро-бодро»
Фобиясы – Мышык. Чай ичкенде же уктап калганда бутунан мышыктын өтүп кеткенинен коркот

– Кандайсыз, Камчы байке?
– Бодро-бодро!

– Маегибизди театрдагы образдарыңыздан баштасак. Кечээ жакында эле өткөн "Келиндер козголоңунда" кемпирдин образын жараттыңыз, негизи, жашоодо да күлдүрүп сүйлөйсүзбү?
– Адам үтүрөйүп жүрө берсе, үтүрөйүп кала берет экен. Ошондуктан көп нерсени тамаша аралаш сүйлөп түшүндүргөнгө аракет кылам. Кемпир боюнча, өзүмдүн 87ге чыккан чоң энем бар. Спектаклде да ошол адамдын образын жараттым. Кийингени да ошондой, жоолукту гана ылайыкташтырып башкача салынып алганым болбосо. Бир жолу үйгө жаңы келин алып келдик. Келиндер боорсок кесип, байкелер сыртка чыгып өздөрүнчө эле саясатты кыйратып жатышат деп кой. Анан чоң энемдин кийимин кийип алдым да, капыстан эле бир жерден чыга калып бакылдап кирсем, баары каткырып калышты. Анда студент кезим болчу. Азыр да тойлордо чоң энелерди «боорсоктой болгон апам го ушул менин, ушул апамдан секет кетем го, күлгөнүн карачы, тимеле кыздарга окшоп» деп эркелетип калам.

– Сизди кантип эркелетишет?
– Камчыке деп эле айтышат. Шакен деген киндик энем бар. Ал мени азыркыга чейин далдайып турсам да, жамбашка чаап эркелетет.

– «Көк салкында» назик стилисттин образын келиштире аткарыпсыз...
– Дүйнөлүк масштабдагы эркек стилисттерди карасаң, баарынын эле жүрүш-турушу ошондой го. Ошолорго окшошуш керек болду да.

– Ал ролго элдин реакциясы кандай болду?
– Мурда көптөр «эй, бүктөп коём» деп сүйлөсө, азыр Жонни деп тийишип калышкан.

– Бир ирет "үйүмө уурулар кирип, 30 бөтөлкө арагымды уурдап кетишти" деп үйүңүздөгү жоголгон буюмдарга эмес, бөтөлкөгө кейигениңиз бар. Ошондон улам сурайынчы, жашооңузду "ак молдо" көп коштойбу?
– Анда мындай болгон да. Түркиядан, Москвадан, Эстониядан алып келген ар кандай формадагы арактар бар болчу, ошолорду уурдап кетишкен эле да. Негизи, өзүм ачууну көп жактырбайм. Эки стакан ичсем эле уйкум келет. Бул жаатта аял кишинин ылжып мас болуп калганын көрсөм, иренжийм.

– Сиздей оптимистти жараткан ата-энеңиз кимдер болду экен?
– Апам айылда эмчи, бардык ооруларды дарылайт. Атам мен 10-класста окуп жүргөнүмдө каза болуп калган. Мени атама көп окшоштурушат. Ал да «здоровый» киши болчу.

– Уулуңуз Барсбек менен маектешкенде ал да бизди бир топ күлдүргөн. Актёрлукка жакынбы?
– Барсбек артисттик жагынан менден күчтүү. Менин ролдорумду өзүмө туурап берет. Бир жолу бир тасмага экөөбүз чогуу эпизоддук роль жаратканбыз. Элестет, гонорарга келгенде мага аз, балама көп берип койсо болобу. "Эмнеге?" десем, "балаң сага караганда көп ойноду" деп коюшкан. Кичүү балам азыр 5 айлык.

– Барсбектин тентек экенин көрүп, сиздин кичине кезиңизди да ошондой элестетип койдук...
– Мен кичинемде дискотекадан калчу эмесмин. Ар нерселерди уюштуруп эле жүрчүмүн. Бир жолу мектептин сахнасында Кычанды ойноп жатып, «мобу уйларыңды, малдарыңдын баарын мага бересиңби?» деп колум менен офицерлер, аскерлер отурган жакты көрсөтүп салыптырмын да. Алар келип алып, «биз сага мал болуп калдыкпы, башка жакты көрсөтпөйт белең?!» деп урушушкан.

– Атаңыздан таяк жеген тентектиктерчи?   
– Актёр болбой калсам, ашпозчу болмокмун. Анткени көчөдөн үйгө досторумду чогултуп келип, муздаткычта турган эттен шишкебек жасап берип салчумун. Атам урушчу, бирок тоготпойт элем.

– Кичине кездеги сүйүүлөр таттуу болот го. Эске салып өтпөйлүбү?
– Менин сүйүүм бала бакчадан эле башталган. Гуля деген кызды жактырып калгам. «Боевая» кыз болчу. Мени сабагандарды ал сабап салчу. Эсимде калганы, апасы алаканыбызга сүзмө салып берсе, ошону даам татып коюп ойной берчүбүз. Ошол Гуляны азыр деле таппай жүрөм. Жолуксам, катташып жүрмөкпүз. Ал азыр кандай болуп калды экен?..

– Келинчегиңиз сизди аябай кызганса керек, ээ?
– Башында кызганчу. Ошонун айынан уруша кетчүбүз. Азыр баарын түшүнүп кабыл алат. Артисттердин аялдарына, негизи, медаль бериш керек. Алар биздин бардык нерсебизди көтөрүшөт. Келинчегим Элнура азыр үйдө Камчы Сарыбаев өлкөсүнүн каржы министри жана балдар бакчасынын жетекчиси.

– Студенттик кездеги жоруктарыңыз эсиңизде барбы?
– Уялуу деген сезимди жок кылуу үчүн балдар менен троллейбустун акыркы жагында гитара, аккордеон чертип отура берчүбүз. Эл «омеей, булар келесоолор го» дешчү.

– Бала кыял деп көп сыпатташат сизди. Өзүңүз өзүңүздү кандай көрөсүз?
– Жаман көргөн да, жакшы көргөн да сапатым – ак көңүлдүгүм. Ушул колу ачык мүнөзүмдөн мени көптөр пайдаланып кетишет. Кайра өзүм эле азабын чегип жүрөм.

– Камчы деген атыңызды ким койгон?
– Мен төрөлгөндө чоң атам сүйүнчүлөп бир уста кишиге барыптыр. "Неберелүү болдум" десе, «мына бул камчыны белекке ал да, камчыдай бекем болсун деп атын Камчыбек кой» дептир. Кыргыздар колуна эмне тийсе, баланын атын ошентип коё беришет го. Ошондуктан атам уста кишиге барып калганына жана анын колуна камчы илинип калганына сүйүнөм. Колуна үбөлүк тийип калса Үбөлүк, көмүр тийип калса Көмүрбек деп коюп коёт беле?..

– Жашоодо түркүн кызыктар болот да. Кээде кайгырып, кээде күлүп, кечке эле 32 тишти көрсөткөн убак боло бербейт, капаланып, кейип, сөгүнүп, тээп алган учурлар...
– Капаланам. Элге аны көрсөтсөң, түшүнбөйт. Алар мени башкача кабыл алып калышкан. Барсбек төрөлгөндө сүйүнгөнүмдөн ыйлагам. Ал эми экинчи балам ооруп калганда кейигенимден көзгө жаш алгам. Жанболот ичеги-карыны тешик төрөлдү. Элестет, ооруканада свет жок. Доктурлар эки күндүк балага операция жасап жатышат. Аларга ушунчалык ыраазымын. Жылуулукту сакташ үчүн бөтөлкөгө дааратканадан ысык суу алып келип, машинанын аккумуляторун коюп алып операция жасашкан. Азыр 21-кылым, нанотехнологиянын заманы, а биз кайда жүрөбүз? Ошондо жиним келип ыйлагам. Азыр, Кудайга шүгүр, балам жакшы.

– Акырында биздин гезит уюштурган Суперфутбол тууралуу сурай кетейинчи. Даярдыктар кандай?
– Биз биринчини алабыз. Тайды сойгону го, өзүм эле союп коём. Аны бышырганга жер таппайтабыз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Камчы Сарыбаев: "Артистерге чыдаган аялдарга медаль бериш керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
28.05.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур. Ишинизге ийгилик уй-булонуз менен ар дайым жакшылыктарга кубо болуп журобериниз. Мен Камчы байке менен бирге иштеп калган кундор болгон, эн мыкты киши. Ишинизге ийгилик.
28.05.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Камчыке кыргыздын кыраан жигити болуп журо бер. сага ийгилик. уй булоно бакыт.сен катышкан кинолор коркуно чыга тушот ко атандын горуууу!
28.05.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
камчы ага сиздин талантыныз зоор.эч качан талыкпаныз.сиз кыргызга керексиз.сиздей талантуулар коп экен.балдарыныз бактылуу болуп женебиз менен коооооп жашан.ишинизге ийгилик!
28.05.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылуулукту сакташ үчүн бөтөлкөгө дааратканадан ысык суу алып келип, машинанын аккумуляторун коюп алып операция жасашкан. menin da yilagim kelip ketti elestetip..balanyz omurluu bolsun,oorubasin!
28.05.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myshyktan men ele korkom go dechu elem..)))
28.05.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
вах вах шашлык жегенин, апетит ачылып кетти
29.05.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы актер!боз салкын менен көк салкында жакшы образдады жараткан.бактылуу бол Камчы!ийгилик сага!
29.05.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге ийгилик кыргызстан обондорунун да коркун ашчу элениз
30.05.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо камчыке сизге коп -коп ийгилик
01.06.2012. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men bakadan korkom aaaaaaaaaaaa
01.06.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elder karasanar apasi menen atasi ayabai okshosh eken biri birine:)))))))) kamchi baikebiz da ekoono ten okshosh turbaibi:)))vpechetlyaet
01.06.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле атасына аябай окшош экен, ийгилик сизге
01.06.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыбек байкенин апасы Айна эже, биздин айылдын 1- врачы. Тамашокой аябай жакшы адам.
SUPER.KG видео
02.06.2012. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsiz Kamchi baike!
SUPER.KG видео
02.06.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay azamat baike da Kamchy baike, talantyn ayabay baalaim, adamkerchiliktuu, jonokoilugun dagy baalaim, ishinizge iygilik, uy-buloonuzgo yntymak!
SUPER.KG видео
02.06.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуну көргөндө аябай жиним келчү эле азыр аябай жагып кады. Жөнөкөй экен, ойлодум эле орой болсо керек деп. Балдарыңызга жакшы ата экенсиз!
Модератор info түзөттү 05.06.2012 14:13
SUPER.KG видео
02.06.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mandai jaryk, jakshy maanaidy jaratkan, toltura adam:-)
SUPER.KG видео
04.06.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскача айтканда коломуно жараша бодра байке экен
SUPER.KG видео
10.06.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байке комик да, кычкасы жагат!Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
12.06.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы байкени аябай сыйлайм бирок километраж корсоткучу 160ка чеин деп туратко анан кантип 180-200ду басты екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо