Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Cултан Садыралиевдин жубайы Асел: «СУЛТАН ЭКИНЧИ АЯЛ АЛАМ ДЕСЕ, МАКУЛМУН»

№499 25-май-31-май, 2012-ж.

Кезинде Султан десе ичкен ашын жерге койгон кыздар көп эле. Азыр ырчы үй-бүлөлүү болуп калса деле андай күйөрман кыздардын саны азая элек. Кээде “жубайы ырчынын күйөрман кыздарына кантип түтөт болду экен?” деген ой келбей койбойт. Жаш үй-бүлөнүн кызыктуу жашоосун билүү максатында Султан менен жубайы Аселди маек төрүбүзгө чакырдык.

– Саламатсыңарбы? Түтүн булатканыңарга эки жыл болуп калды, бири-бириңерди жакшы билип калсаңар керек. Асел, Султан үйлөнгөнгө чейин кандай эле? Үйлөнгөндөн кийин өзгөрүлдүбү?

Асел: – Жакшы. Султан үйлөнгөнгө чейин шайыр, көйрөң болсо, азыр кичине токтолуп калган. Күн өткөн сайын бири-бирибизге көнүп, сиңишип, мурункуга караганда жакшы түшүнүшүп баратабыз.
Султан: – Ооба, чынында, жакшы түшүнүшүп калат экенсиң. Үйлөнгөнгө чейин Асел такыр эркелечү эмес, азыр өтө эрке. Досторум мени жумшаксың дешет. Ошол жумшактыгымданбы, айтор... Бала кезимде аялымды эркелетип, китептегидей, жомоктогудай кызыктуу жашайм деп кыялданчумун да...
А: – Ошондой болуп жатабы анан?
С: – Болуп жатат окшойт... Аябай такып сурадың го...

– Кыз-жигит болуп жүргөндө урушуп кеткен учурлар болгонбу?
А: – Ооба, урушчубуз... Кээде Султан сүйлөшүп жатып эле телефондун трубкасын коюп салчу.
С: – Эми ошол убактагы абалга байланыштуу эле да. Гастролго чыгып, телефондун "зарядкасын" албай калып өчүп калат дегендей.

– Султандын күйөрман кыздары толтура, алардан кызганбайсыңбы?
А: – Жок. Алар, болгону, күйөрманы да. Тескерисинче, Султан мени кызганат, саат сайын чалып, "эмне кылып жатасың?", "каякта жүрөсүң?" деп.
С: – Эмне айтып салдың анын баарын? Негизи, мусулманчылыкта "аялын кызганбаган эркек бейишке чыкпайт" деп айтылат эмеспи. Албетте, кызганасың да, аялың болгондон кийин. Ал эми аялы күйөөсүн кызганбаш керек.

– Султандын кайсы адатын калтыра албай убарасың?
А: – Үйдө артынан жыйнабайт. Калтыра албай жүргөн адаты – уйкучулугу.

– Бири-бириңерге жиниңер келгенин эмнеден улам билип каласыңар?
А: – Чынын айтсам, жини деле келбейт. Кээде кабак-кашы бүркөлүп калганда ачууланып калганын байкап калам.
С: – Аселдин жини келбейт, абдан чыдамкай, кээде эле мени укпай көк беттенип коймой адаты бар. Анан жинине тийбейин деп эки-үч күн сүйлөбөй коём. Негизи, жакшы көргөн адамыңды чын жүрөктөн сүйсөң, кемчиликтери деле көзүңө көрүнбөйт.
А: – Койчу, үйдөн башкача айтасың го (күлүп)...

– Бизге берген маектеринин биринде Султан "аялым досторума кошпойт" деп айткан болчу. Чындап эле кошпойсуңбу?
А: – Султандын достору көп. Ал өзү билет кимге кошулууну. Мени укпайт деле, ачыгын айтканда.

– Султандын ачык-айрым, баарын бетке айтып салмай мүнөзү бар, сага катуу тийбейби?
А: – Жок, ал айтчу сөзүн мага эле эмес, менин ата-энеме, бир туугандарымдын деле бетине айтып коёт.

– Биз билген Султан кандай ата?
А: – Мыкты сапаттарынын бири – анын чектен ашкан боорукерлиги, күйүмдүүлүгү. Үйдө да жөн отурбай кол кабыш кылып, мага жардамдашат. Мына, кечээ бир жерде тамактанып отурсак, жеп жаткан тамагын көчөдө бараткан бир итке берип салды. Анан аябай баласаак. Мен Акмырзаны урушсам, "урушпа" деп мени тыйып калат.
С: – Уулум Акмырзанын мурдун чымчып аарчыса, бетин жууса да кежирленип ыйлай бермей адаты бар. Анан айтам, "ыйлатпачы баланы, өзүм эле үч күндө бир жууп турам" деп.

– Султан, “аялыңа болгон сүйүү бара-бара балага өтүп кетет экен” деп айтканың бар. Кимди көбүрөөк жакшы көрөсүң?
С: – Жараткан экөөнө эки башка сүйүү берген да. Эгер экөөнү салыштырсам, уулум Акмырза сүйүүмдүн көбүрөөк пайызын ээлеп калат го...

– Акмырза төрөлгөндө жолдошуңдан эмне белек алып, кандай сөз угуп кубандың?
А: – Үч күн достору менен майрамдап жүргөнү белек болду мага (күлүп). Белек десе эле кымбат баалуу буюм эмес, жылуу сөздөрүн айтып көңүлүңдү алып койсо жакшы да, ичиң жылып калат.

– Эгерде Султан экинчи аял алам десе макул болот белең?
А: – Ооба, эгер аял алам десе макул болмокмун. Жакшы да, аны жумшап коюп өзүм отурмакмын (күлүп).
С: – Хе-хе... Жо-ок, мен ойлойм да, бул атайын ушинтип айтат болуш керек. Негизи, кээде "эмне, мени сүйбөйбү?" деген деле ой келет. Бирок экинчи аял алганга оюм да, каалоом да жок. Асел өзү эле 10 аялга тете.

– Үйдө чатакты ким биринчи чыгарат?
А: – Акмырза (күлүп).
С: – Мен буга жиним келип, ачууланып турсам да, колунда балам күлүп турса баарын унутуп калам.

– Султандын калп айтып кармалып калган учурлары болгонбу?
А: – Андайлар болгон. Султан калп айтканда мурду көтөрүлүп калат. Анын калп айтып жатканын мурдунан эле билип коём.
С: – Ооба, дос-тааныштар менен отурганда калп айтып койсом, алардын көзүнчө калпымды чыгарып коёт. Бул жакшы нерсе экен, кийинкиде калп айтпаганга аракет кылып каласың. Эң башкысы, мага кошулуп калп айтышпайт да. Керектүү жерден бирөөнүн көңүлү үчүн деле калп айткан учурлар болот да, турмушта.

– Рахмат, маегиңерге. Бактылуу жаштардын катарын толуктап жүрө бергиле. Султан, 1-июнда өтчү концертиң ийгиликтүү өтсүн.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Султан Садыралиевдин жубайы Асель: "Султан экинчи аял алам десе, макулмун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(100)
29.05.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур.баласы кылыгы чыгып калган кези экен.Бактылуу болгула!
29.05.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бактылуу болгула
29.05.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула былжырап балалуу болгула)))))
30.05.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да тилегеним уй булолук бакыт.ишине ийгилик
30.05.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Кудайым силерге ден соолук берсин! Акмырзанын жакшылыктарында ээрчишип журо бергиле. Азаматсынар!
SUPER.KG видео
30.05.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу балгула!!!
SUPER.KG видео
30.05.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
555555555555
31.05.2012. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
31.05.2012. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун, экоо тен жонокой,дилинде кири жок адамдар экен...Султандын кулгонун тим эле жакшына угулат экен=))
31.05.2012. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. Баланын омурун берсин. Сени тушунгон, урматтаган жарын, ар дайым жанында болсун...
SUPER.KG видео
31.05.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султан жаны чыгып жатканда хит болгон ырлары ошол убакта бишкектеги бир магазинге чоогу кирип калдык сатуучу кыздар автограф сурап жатканда жонокойлугунон жактыргам султанды мен аябай сыйлайм ошондон бери иманбековго караганда акылдуу адамгерчиликтуу экен
SUPER.KG видео
31.05.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Sultandin irchy katary oto ele jaga berbeit, emi irlaryn ancha dele kyzygyp ukpaim degenim...Birok kelinchegi abdan nazik yimanduu korunot...Baktyluu bolgula!
31.05.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султан молодец жакшы ырдайт бактылуу болгула бала-чаканар менен
31.05.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аселдин жоопторуна караганда Султан ойдогудай кожоюн эмес окшойт,неси болсо да уясы бузулбасын
01.06.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mne toje tak kajets9
SUPER.KG видео
01.06.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula .. akmyrza azyr jigittin gulu, owondo sultan baike jigittin rozasygo e>. baktyluu bolgula
SUPER.KG видео
01.06.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султан садыралийиб талантыңа таланыт кошулуп, кыргыздын гөркөм-өнөрүү үчүн жан күйдүрүп емкек кылганга буйрусун! азамацың! кытай кыргыздары биз чынгы сенын ырларыңды жактырабыз. үй- бүлөөң менен бактылуу боол!
01.06.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы. Аялы татынакай, жонокой, билимдуу экен. Мен Султандын билими жонундо эч билбейт экем. Neyse, чексиз бакыт, чеги жок махабат, бекем денсоолук силерге! MUROK, сенин айтканын туураго дейм...
02.06.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй-булонорго бакыт!!!Баланарга ден-соолук!!!
02.06.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayali kunikgo...
SUPER.KG видео
05.06.2012. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
takaya krasivaya)))))))))))))povezlo emu)))
SUPER.KG видео
12.06.2012. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялына аябай уйротуп келген го
SUPER.KG видео
09.07.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
SUPER.KG видео
10.07.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы алылдуу айымдардан экен . Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
26.08.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai jakty, 4yn jurokton bakyt kaalaim, sonun ui-bulo eken, balasy soooonun eken, kelin4egi da jakty, al emi SULTANga soz jok- MOLODEC!!! bulardy men korup alyp jurogum jyrgap meni menen bolup atkandai sezilip atty...
SUPER.KG видео
02.09.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты.азамат Султан.Асел жонокой токтоол айым кен.Бактулуу болгула.анан Журналистка идеальный деп(суроо берип салдыго)колундагы баракта жазылган меспи кыргызчасы?
SUPER.KG видео
17.01.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan baike sizge 4ygarma4ylyk kaalaim. Asel' eje menen baktyluu bolgula, Allahym silerdi koldosun
SUPER.KG видео
19.10.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такая классная пара)Асель эже хорошая,достойная жена для любимчика страны Султана Садыралиева)Сыночек лапуля..здоровья и счастья им)
SUPER.KG видео
19.10.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он нашел своего человека, истинную любовь......радует
SUPER.KG видео
19.02.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Асель бактылуу болгула!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо