Нуриса Абазова: «СҮЙҮҮНҮ БААЛАБАСАМ, МУРДА ЭЛЕ ТУРМУШКА ЧЫКМАКМЫН»

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Бир кезде Бек Борбиевдин, андан кийин Сыймык Бейшекеевдин жанында созолонто ырдап жүргөн белгилүү ырчы Нуриса Абазова – учурда “Достор” тобунун ырчысы. Ырчынын жакында эле кыздуу болуп, энелик бакытка балкып турганын угуп, маекке чакырдык.

"37 ЖАШЫМДА ЭНЕ БОЛДУМ"
Биз менен маектешүүгө келген Нуриса айымдын жанында кыңылдап үн чыгарып коюп, колу-бутун тыбыратып жаткан наристесин карап көз кубанды. Анан, албетте, сөз ошол наристе тууралуу башталды.
– Жолдошум экөөбүз көптөгөн ысымдардын арасынан тандап жатып кызымдын атын Айдай деп койдук. Бүгүн туптуура бир жарым айга толду. Апрелдин 16сында алгачкы ирет эне болуу бактысына балкыдым. Көптөн бери күтүп, Кудайдан тилеп, суранып жүрүп тапкан кызыбыз болду. Сөз менен айтып жеткире албаган ырахат экендигин эми сездим. Эртеден кечке Айдай менен убарамын. Кичине эле кыймылдабай уктап калса, барып "дем алып жатабы?" деп текшере бермейим бар (күлүп). 37 жашымда көргөн кызым болгондуктанбы, өзүмө ашыкча жумуш кылып, эмитен эле колго көндүрүп алдым. Эркеликти жакшы эле билип калдык. Атасы да аябай баласаак.

"ЖОЛДОШУМ ЭРКЕ КЕЛИН БОЛДУҢ ДЕП КАЛАТ"
Турмуш куруу, түбөлүктүү түгөй табуу жаатында да маегибиз кызыктуу уланды. Бул ырчы айым турмушка 36 жашында аттанып, жолдошу Улук менен баш кошкон күнүн жылмаюу менен эскерип отурду.
– Менин кайындарым Нарындан болушат, бирок азыр Жалал-Абадда турушат. Нарындын салт, ырым-жырымдары башка дедимби, айтор, баратканымда аябай сүрдөгөм. Сүрдүн күчү менен тердей берип, жетерде суу болуп кеткем. Барсам эле “привет” деп орусча аралаштырып сүйлөп тосуп алышса, таң калыптырмын. Аны көрүп, анан өзүмө келгем. Бат эле аралашып, көнүп кеттим. Жолдошум да 10 бир туугандын эң кичүүсү болгондуктан, “менин кичүүлүгүмдөн улам сен эрке келин болдуң” деп калат. Эркелик кичинемден эле бар да. Үй-бүлөдө кыздардын эң кичүүсүмүн.

"УЛУК ТҮРМӨГӨ ЖАТКАН ЭМЕС"
– Эгер мен сүйүүнү баалабасам, эчак эле турмушка чыгып кетмекмин. Колумду сурагандар көп эле болгон, бирок мага жакпаган адамдын менин күйөөм болгонун элестетип эле жок дечүмүн. Бешенеме жазганы Улук экен, табышып, сүйүшүп калдык.
Улук экөөбүз бир концертте Спорт Ордосунун алдынан таанышканбыз. Бир жигит келип эле телефон номеримди сурады, берип койдум. Бир айдан кийин СМС, телефон чалуулар келе баштады. Алгач жагымдуу сөздөр менен арбап алды. Жакшы сүйлөшүп калабыз, таарынышып кетебиз, кайра жазылабыз, айтор, анын ортосунда 4-5 жыл өтүп кетти. Анан 2010-жылы баш коштук. Биз жаңы үйлөнгөн кезде бир гезит “түрмөдө жаткан бирөөгө турмушка чыгыптыр” деп жазып чыккан эле. Ал жөн гана ушак кеп. Андайдан Кудай сактасын. Ынтымактуу күн кечирип келебиз. Экөөбүз көбүнчө тамашалардан улам таарынышып калабыз. Мага бир нерсени айтып, артынан "тамаша" деген сөздү кошпой койсо, мен ага ишенип алам да, таарынып уруш чыгарып жиберем (күлүп).

"ТАМАКТА КУРТТАР ЖҮРӨТ АГАРЫП"
Ырчы катары эл арасында популярдуулукка жетише алган Нуриса Абазова 1974-жылы 11-октябрда Токтогул районунун Торкент айылында врач менен дүкөнчүнүн үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
8 бир туугандын бешинчиси. 4 кыздын кенжеси болгондуктан, аябай эрке өскөн. Эркелигин мындан бил, үйдө оорураак жумуш чыгып калса, калп жөтөлүп, "ооруп жатам" деп жатып алчу экен. “Көрсө, актрисалык жөндөмүм ошол кезде эле бар экен да” деп өзү күлүп калат бул тууралуу. Анан да балалык дегенде эле талаага чөп жыйнап, картошка тергени барган күндөрдүн бирин көп эстейт:
– Классташтар менен талаада кызыктуу дечи, бирок эки-үч күндөн кийин эле үйдү сагынып калчумун. Талаада муздаткыч деген кайдан. Бир күнү кечинде тамак жеп жатсак, тамакта курттар жүрөт агарып. Көрсө, эт курттап кеткен экен. Ошол жерден баштадым, "бизди иштетип, курттаган эт менен тамак берип..." деп наалып. Кетем десем жибербейт. Эртеси 4-5 кызды ээрчитип, таңга маал саат төрттөр чамасында качып кеттим, кыска жолго түшүп алып баратабыз. Бир маалда агайларыбыз алдыбыздан чыгышты. Биринчи эле мени урушушту.

"НУРИСА – ЫРЧЫ ЭМЕС, АКТРИСА"
Каарманыбыз ырчы болуу тилеги менен 1991-жылы филармониянын алдындагы студияга тапшырат. Тилекке каршы, өтпөй калат. Ошол эле жылы Опера-балет театрынын астындагы опералык студияда окуйт. Эки жылдан кийин бул окууну аяктап, актёр Эгемберди Бекболиевдин кеңеши менен театралдык жаатта актёрдук кесип боюнча билим алууга киришет. Кийин актриса катары Кыргыз драма театрында иштеп жүрүп, Бек Борбиевден чогуу ырдоо сунушун алат. Ошентип, ырчылыкка, чоң сахнага кадам ташталган.
Ырчылыкты таштоо азырынча оюнда жок экенин айтып: “Жолдошум деле менин чыгармачылыгымды колдойт. Ырчы экенимди билип туруп эле мага үйлөнгөн да. Эгер мага тоскоол боло турган болсо, анда экөөбүз баш кошпошубуз керек эле. Ырдаба десе угушум мүмкүн, бирок аны аткаруу ишке ашабы, айта албайм”,- деп күлүп калды.

Нуриса айым тууралуу жолдошу Улук:
– Нуриса – аябай боорукер, ишенчээк, ак көңүл, эң негизгиси, мыкты жар. Анан да өзү айтып жатпайбы, аябай эркемин деп, ошол эркелик жагы дагы деле бар. Эркелиги кош бойлуу кезинде андан да күчөгөн. Анан да тамашалап койсоң, ошону чын көрүп алып ыйлаганга чейин барат. Экөөбүз алгач таанышканда Нурисанын ырчы экенин билген эмесмин. Азыр кээде "ырчылыкты ташта" деген күндөрүм болот. Акыры бир күнү токтот дейм го, ошондо токтойт да.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Нуриса Абазова: Cүйүүнү баалабасам, мурда эле турмушка чыкмакмын

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(36)
04.06.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оуу 36жаш дагы жакшы чыгып кетти кыздаар эртерээк эле чамдап баланын бакытын эрте сезгиле ошол жакшы
SUPER.KG видео
04.06.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болушсун .
SUPER.KG видео
04.06.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы уйбулоо экен. Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
04.06.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нуриза эже ачык айрым,шайыр эже экен))).Жолдошуңуз менен кызыңыз Айдай менен бактылуу үй-бүлөөлөрдөн болгула!
SUPER.KG видео
04.06.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Нуриза эжеке, бактылуу таалайлуу болунуз уй-булонуз менен!!!
SUPER.KG видео
04.06.2012. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нуриза эже куйоого кеч чыгыптырсыз мейли жездебиз жакшы адам экен сиздин баркынызга жетип сизди сыйлайт деп терен ишенем кызыныз омурлуу болсун токтогулдун торгойу болуп журо бериниз сизди урматтап жердешиниз
SUPER.KG видео
04.06.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga nurisa ejebis aiabai nejnii aialzati katari sezil4u,andai emes okshoit mmmmm.
04.06.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менден бир жаш чоң экен!Кеч болсо да бактылуу бол!
SUPER.KG видео
05.06.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуриза эжекебиз ачык анан отоо тамашакой турбайбы.Бактылуу болунуздар!!! Ырларынызды уккандан тажабайм.Жаны ыр озунуздон жеке ырынызды кутот элем.
SUPER.KG видео
05.06.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нуриза эженин уну дарылдайт го.
SUPER.KG видео
05.06.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))) сонун уй-було экенин!
SUPER.KG видео
05.06.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол!Бешик боонор бекем болсун!Омурун берсин!Азаматсын!
SUPER.KG видео
06.06.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менде дагы......
06.06.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktiluu boluwsun
06.06.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо окшошуп да кетишет экен)Дагы деле жаштай,сулуулугу сакталып калыптыр.
SUPER.KG видео
06.06.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хе хе чон энеми сонун туурайт экен тамшакой таптакыр мен ойлогондон башкача экен.Азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
07.06.2012. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уну тунук эмес экен
SUPER.KG видео
07.06.2012. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуриза эже супер ,астыга тартып турат экен!!!Чындыкты тарс суйлойт экен,эркелиги билинип турат!!Ну бактылуу болушсун!!!
Модератор info түзөттү 07.06.2012 09:45
SUPER.KG видео
07.06.2012. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябагандай шайыр эжеке экен ...
SUPER.KG видео
07.06.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошунун колдоп турганы жакшы экен:)
SUPER.KG видео
07.06.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар ишинизднрге ийгилик!
SUPER.KG видео
07.06.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалык да жонокой тугойлор болобу??? Экоонун берген маегин карап отуруп баардык тугойлор ушундай болсо кана, ажырашуулар аз болоор беле деп ойлоп калдым. Алардан бир гана "позитив" таркап турат экен. тфу тфу тфу
SUPER.KG видео
08.06.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurisa eje kan4ada degi?
Baktyluu, uzun omyr syryshsyn yi-bylosy menen!
SUPER.KG видео
08.06.2012. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiluu boluwsun! Nuriza ejege 4igarma4ilik iygilik!
SUPER.KG видео
11.06.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуууууууууууууу болгула!
SUPER.KG видео
11.06.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында эле соннун уй-було
SUPER.KG видео
28.06.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунздар!!!
SUPER.KG видео
19.06.2013. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей кезде газеталардан окуп теледен ырларын эле укчумун. Эми убакыт отуп интернеттен коруп кандай адам экенин бааладым. Нуриза эже сизге ийгилик бактылуу болунуз жонокой аял экенсиз. Сизден эми клипти аябай кутом, жок дегенде соонун ыр (чырарма).... Супер-инфо гезитинин жамааты сиздерге чоон рахмат. Ушинтип кыргыз эстрадасынын эски муундарын дагы унутпай интернеке чыгаргандыгыныздар учун....
SUPER.KG видео
08.08.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар
27.08.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоюнда соонун болуп алыптыр мммммм бактылуу болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо