«ЫСЫК-КӨЛ ПЕРИСИНЕ» ЭС АЛУУГА ЖОЛДОМО, МЫРЗАСЫНА 25 МИҢ СОМ

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Ысык-Көл

24-май күнү Каракол шаарында жайгашкан К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда “Ысык-Көл периси жана мырзасы-2012” сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан жашы 17ден жогору болгон 12 бийкеч жана 12 мырза катышып, күч сынашты. “Сулууга кимдер гана суктанбайт” демекчи, сулууларды колдоп келген көрүүчүлөрдүн саны залдын 100 пайызын түздү. Алып баруучулук милдетти актёр Нурдөөлөт Копоев аркалады. Бийкечтердин бири ак куудай керилип басса, дагы бири жылдыздуу жүзү менен, башкасы ийиле бийлеп көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Алардан кем калбаган мырзалар да өз өнөрлөрүн жалпыга көрсөтө алышты. Калыстар тобунун жыйынтыгында “Ысык-Көл периси-2012” наамына Барскоон айылынан келген 20 жаштагы Искендербек кызы Адиа ээ болуп, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алды. Ал эми “Ысык-Көл мырзасы-2012” наамы Айтбек Ишенбековго буюруп, губернатордун атынан 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Башка катышуучулар да диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
04.06.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm suluu dele emes eken!
04.06.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа, сулуу эмес экен балким таланты бардыр ким билет же баягы эле коррупция болдубу???
04.06.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну сулуу дешсе, биле албадым
05.06.2012. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу баардык жерден топ келиш керек го?! Эми таланты, онору бар болсо керек, но чырайы анча эмес!
05.06.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсулуу эле болуп турат! завидуйте молча с-ки!
05.06.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndan suluular boluwu mumkun,birok alar jasalma suluular,a bular tabigatynan kelgen suluular !
07.06.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык-Колдо туруп Ысык-Колго жолдомо алыптыр... Кандай кулкулуу :D! Чынында сулуу эмес экен. Таланты, шыгы болгону менен "Ысык-Кол сулуусу" дегенден кийин сырткы сулуулук да болушу керек.
11.06.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ё-моё!!! Ысык-Колдун сулуусу ушул болсо , анда башкалары.....)))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо