АПАСЫН ӨЛТҮРҮП, БЕТОНДОП САЛЫПТЫР

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Май айынын жыйырмасында Кыргызстанда көптөгөн апалар Энелер күнүн майрамдашты. Сүйүктүү балдары энелерине гүл, ар кандай белек беришсе, алыстагы балдары телефон чалып куттукташты. Ал эми бул майрамдан эки күн мурун Аламүдүн районунун бир айылында өз уулунун колунан ажал тапкан эненин сөөгү табылып отурат.

ТЕМИР ЧЕЛЕКТИН ИЧИНЕН ТАБЫЛГАН ӨЛҮК
Коомчулуктун денесин дүркү­рөткөн бул окуя Аламүдүн районуна караштуу Заречное айылында өткөн жылдын ноябрь айында болуптур. 18-майда аталган айылдагы үйдө эки айдан бери батирде жашап жаткан жубайлар үйдү оңдоп алууну чечишет. Үй-бүлө башчысы короодо жөн эле жаткан 200 литрлик темир челекти курулуш иштерине пайдалангысы келип, цемент куюлган темир челектин ичин жарганда чыккан жагымсыз жыт мурдун өрдөп кеткен. Ичиндеги цементти төккөн учурда катып калган цементтин арасынан кишинин денеси чыгат. Дене көптөн бери жаткандыктан, жыттана баштаган экен. Алар ошол замат Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмчөсүнө кайрылышат. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу келип, иликтөөнү баштайт. Иликтөө иштери учурунда табылган дене мурун ушул эле үйдө уулу менен батирде жашаган 47 жаштагы Наталья Муллаяновага тийиштүү экендиги аныкталат.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын денесинде көптөгөн жарааттар бар экендигин аныктаган. Коңшуларынан сурамжылоо жүргүзүү учурунда алар бул аялды өткөн жылдын күз айларынан бери көрбөгөнүн, Натальянын уулу апасын “Орусияга кетип калган” деп айтканын билдиришкен. Иликтөө учурунда Натальянын 31 жаштагы Максим аттуу уулу селсаяктык жашоо кечирип, 2 айдан бери көрүнбөй кеткени билинген. Ага издөө жарыяланып, 6 күндөн кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен кармалган. Аны милиция кызматкерлери биринчи суракка алган учурда эле омурткасы сыздап, жан кейиткен толгоого чыдап, жарык дүйнөгө алып келип, түйшүк менен чоңойткон апасын өлтүргөнүн мойнуна алган.

БАЛТА МЕНЕН БАШКА ЧАПКЫЛАЙ БЕРГЕН
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүдөй болгон: Наталья Муллаянова уулу Максим менен Орусиянын Москва шаарынан көчүп келип, Заречное айылында 10 жылдан бери жашап жүрүшкөн. Максим Бишкек шаарында төрөлүп, кийин Орусияга кетип калышкан да, кайра кайтып келишиптир. Ошентип, апасы экөө 2007-жылы Ысык-Ата районунун Кант шаарынан жарандык паспорт алышкан.
Айыпталуучунун айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында Максим апасы экөө үйдө отуруп кечке жуук урушуп кетишкен. 30 жашка чыкса да эч жерде иштебей жүргөн баласына акыл айтса, мүмкүн, анысы уулуна жакпай калгандыр. Максим ачуусу менен апасын бетке муштуму менен уруп жибергенде Наталья жыгылып калат. Максим жерде жаткан балтаны алып келип, энесинин бетин чапкылап кирген. Ошентип, байкуш эне өз уулунун колунан ажал таап, түбөлүк уйкуга кеткен. Балта менен бетке чаба бергендиктен, эненин бети тамтыгы жок, жарымы гана калган. Эсине келген Максим эмне кыларын билбей, энесинин өлүк денесинин жанында жашап жүргөн. Бул ортодо арак ичип жүрө берген да, 3-күнү короодо турган темир челекке апасын салып, үстүн цементтеп таштаган. Андан кийин үй ичиндеги буюмдарды, идиш-аяктан бери базарга алып барып сатып жиберген. Көп ичип жүрүп, акыры селсаяк болуп кетип, Бишкек шаарынын ар кайсы жерлеринде күн кечирип калган.

“АПАСЫН ӨЛТҮРГӨНДӨН КИЙИН СЕЛСАЯК БОЛУП КЕТКЕН”  
Аламүдүн РИИБинин оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн из кубары Сталбек Сейтказиев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 18-майда саат 11лерде Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз аялдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон Заречное айылына опертоп барганыбызда киши колдуу болуп каза болгон аялдын денеси бар экен. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, ал ушул эле үйдө батирде жашаган 1965-жылы туулган Наталья Муллаянова экендиги билинди.
Ал эми 1981-жылы туулган баласы Максим Муллаянов 2 айдан бери ал даректе жашабай калыптыр. Ага кылмышка шектүү катары издөө жарыялаганбыз. Издөө жарыялангандан 6 күндөн кийин селсаяк болуп жүргөн жеринен Максим Муллаянов Бишкек шаарынан кармалган. Биринчи эле суракта ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, апасын кантип, эмне себептен өлтүргөндүгүн, мындан сырткары үй буюмдарын кай жакка алып барып сатканынан бери көрсөтүп берди. Учурда Максим Муллаянов СИЗОдо, тергөө иштери жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(46)
04.06.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООО кудайым сактасын ушундай балдардан Озунун энесин озунун колу менен олтургон ушундай окуялар кобойуп баратат
04.06.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bary ailanyp kelip jumuwsuzduka takalat kyrgyztan onukso uwundai nerseler azaiat boluw kerek
04.06.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар туз эле тозокко бара берсе болот го дейм. Тем более оз энесин олтургон бул иттин жашоого укуго жок.
05.06.2012. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
без суда и следствие
05.06.2012. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиш эненин таманында.Мындай акмактарды АЛЛА озу жазасын берет.Эне эн ыйык адам.Зоокурлор,адам аты очкондор,оз энесине кантип колу барды!ОО,АЛЛА озун сактай кор!Пендене акыл,ыйман бере кор.
05.06.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai sakta emne deerimi da bilbei kaldym
05.06.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allah oz jazasyn bersin!!!4ekten 4ygyp ketken eken yimandyn joktugu uwu da...
05.06.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бул эмнеси акыр кыямат жакындап калганго
06.06.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсиниздерде болсо Алай районунда да ушуга окшогон окуя болуп откон. Ал орус бала оз энесин олтуруп денесин кай жерге катышын билбей журогу менен боорун куруп бир кыргыз кошунасын чакырып арака закуска кылып жешет. А калган денесин (сан жагын) чочконун эти деп базарга алып барып сатып жиберет. Калган денесин короосуна комуп салган жеринен иттер чукуп таап алышып ошодон кармалат.
06.06.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла озу сактасын ал баланы атыш керек.
06.06.2012. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии бул окуя адамды ыйлатат экен.Бул сволочь омурунун акырына чейин жакшылык корбой ототго.
06.06.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заречное...ayildin atini kara,egemenduu bolgonubuzga 20 jil boldu,dagi ele oruscha ekk!,ayil okmotu,rayn bashchilari emne ish kilip oturat ozu?
06.06.2012. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allahin eki ayaktuu makulugu,ayabay mikachi go bu chekten chikkan,aylanayin kirgizim,sen ushunday bolo korbo!
06.06.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eki buttuu aiban da mal
07.06.2012. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз айтпасак деле олтурсо крек аны.
07.06.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал баланын озун да тируулой, ошондой темир челекке салып цементтеп катырып, тируулой бетин балталаш керек. Ошол да аздык кылат.
07.06.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi tooba uwundai da bolot beken kudai saktai kor
07.06.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атууга айдаш керек, соз жок.
07.06.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаль что такой ребенок вырос! но и правительство наше тоже виноват! надо работу дать обучение дать! в советское время всех бездельников брали и на Калхоз отправляли, а сейчас что правительство даже не хочет чтоб наши граждане в Росии работали вон сделали вместо упрощенного гражданства в Росси обычным как ту всех теперь тока через 5 лет получишь.
не буду пальцами показывать кто не работает в Правительстве!
08.06.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе болбогондой кантип жашап журот бул айбан.
09.06.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илимий жактан алып караганда кылыш жоопкерчилине тартылып жазасын алсын,диний жактан ыйман жок журокто аллах жазасын берет мындай канкорлорго
09.06.2012. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай мыкачыларды СИЗОдон тынчытып,сындырып коет,ЗОНАга жеткизбей эле
09.06.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш керек
10.06.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olum
10.06.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аланы шылтоолоп, озунордун да мыкаачы экенинерди билдирипсинер достор...
10.06.2012. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки бала мушташа кетишет. Анан бироосу, экинчисин башка чаап олтуруп коёт. Тиги дуйного барганда экоосу тен тозокко тушот (олтургону да, олгону да). Себеби экоонун тен ою, бирин-бири олтуруу болгон экен. Ошол учун достор, бироого олум тилегенден коро, озунорго омур тилегиле. Бул баланы жазалай турган биз эмес.
10.06.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekerinen aitylbait eken. Biroogo zar duino. Biroogo kor duino. Kee bir adamdar enege jetpei zar bolso. Oz enesin kor kylyp olturot eken. Myndai emi ech kimdin bawyna tuwpoi ele koisun. Oz enesin olturgon adamdardy kamabai ele eldin astyna chygaryp enesin kantip kyinap olturso owontip oltur kerek. Menin mumkunchulugum bolso men. Olum jaza kodeksin uwundai akmaktarga chygarmakmyn.
10.06.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oto jaman boluptur
10.06.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын ушундай зоокурлордон.
27.06.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oozuman kelmem tuwtu. kaapır ıy ayban turbaybi. jawoo kayaka baratat. jandı keyitken okuyalar. allahım ya rabbım sen bizdi kechir
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо