«ПРАКТИКАНТ АГАЙ АЗАПКА САЛДЫ»

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Түштөн кийин бармагын тиштеп, кылган кылык-жоруктарына кейип-кепчигендер арабызда көп. Жашоонун коко тикендүү жолунан буйтап өтө албай арман кылган кыздын баяны.

“КЫЗДАР МЕНЕН МЕЛДЕШЕ КЕТТИМ”
– Анча-мынча жигиттерди көзгө илбеген керме каштардын бири элем. Артымдан чуркаган жигиттердин шагын көктү тиктеп, мурун чүйрүп сындырып койчумун. Ошондой күндөрдүн биринде сүйүүгө кабылдым. Математика сабагы боюнча шаардан бизге Талип аттуу практикант агай келди. Мурда сөз айткан жигиттердин алдында өзүмдү жогору сезсем, агайдын алдында берген суроолоруна жооп бере албай тердеп-кургап, уялчаак кызга айлана түшөм.
Бир күнү курбуларым менен мелдеше кеттик. Алар эгерде мен агайды өзүмө багындырсам, узун чачтарын кестиришмек болушту. Ал эми мен жеңилсем, айылдын эң мыркынбайы деп аталган Мадыл менен жүрмөй болдум. Ичимден “баары бир мен жеңишке жетишем” деп, болгон аракетимди жасай баштадым.
Агай айылдын четкерээк жагындагы үйдө турчу. Кечкисин терезесинин алдына коюлган столдо улам көчөнү карап коюп, түн бир оокумга чейин китеп окуйт. Бир күнү ата-энемден “курбу кызымдыкына барып чогуу сабак даярдайбыз” деп суранып, китеп-дептерлеримди көтөрүп алып агайдын үйүн көздөй бастым. Агай менин күтүүсүздөн келип калышыма апкаарый түштү.
– Саламатсызбы, сизден бир теманы жакшылап түшүнүп алайын дедим эле...
– Ой, Айжамал, тынччылыкпы? Кир, өйдө өт. Кайсы теманы? Сабактан түшүнбөй калдыңбы?
– Ооба.
Мектептен сүрдүү көрүнгөнү менен, агай жөнөкөй эле экен.
– Кана, кайсы теманы түшүнбөй калдың?
– Мм... бүгүнкү теманы.
Агай өзүнүн китебин алып, столун мага жандай коюп түшүндүрө баштады. Кулагым дүлөй, агайдын илебине мас боло түштүм. Бир кезде “сен эмне бир чекитти карап катып калдың, мени угуп жатасыңбы?” дегенде гана селт эте түштүм. “Ойлонуп кетиптирмин” деп кутулдум. Акырын колумдан кармап, “эртең да кел, жакшылап түшүндүрүп берем” деди.
Эртеси агайга дагы келдим. Негедир терезе пардасы чүмкөлүп жабык. “Үйүндө жок го...” деген ой келип, буруларда эшикти ачып өзү чыгып калды. Мына ошол күндөн баштап агайдын үйүнө барууну адат кылып алдым.

“КАРТ БӨРҮ ДА, СЕЗИМИМДИ БИЛИП КОЮПТУР”
– 11-классты аяктаар мезгил болгондуктан, “Жалпы республикалык тестирлөөгө бизди Талип агай даярдай турган болду” деп үйдөгүлөрдү көндүрүп койгом. Ошентип, алгебрадан кошумча сабакка бара баштадым. Агай менин баш-отум менен сүйүп калганымды “чү” дегенде эле түшүнгөн экен, көрсө. Кантсе да карт бөрү эмеспи. Бир жолу барганымда китеп-дептер коюлган столдо шире, шарап туруптур. Муну көрүп эшикке шарт бурулдум, бирок агайым колдон кармап өзүнө бекем тартты. Мен уялып кеттим, моюнумдан, бетимден өпкүлөп кирди. Бир башкача сезим мени байлап алды ошондо. Канчалык “жок” дегеним менен, коргошундай эрип, чапташып калдым. Балалыгым менен ошол күнү кош айтыштым...
Оо, арман күн! Көз ачып жумганчалык жыргал үчүн азыр соолуган гүлгө айландым. Экөөбүз жашырынып жолугуп жүрдүк. “Сүйөм-күйөм” деген сөздөр жамгырдай жаады. Убакыт өтүп, баягы курбуларым бурчка такай башташты, “агайың биздин көзүбүзчө сага сүйүү сезимин билдириши керек, антпесе ишенбейбиз” деп. Агайыма мелдеш тууралуу айтууга туура келди. Мына ошондогу анын кебетесин көрүп алгыла. “Сен мени ким деп ойлоп жатасың, мени ошол окуучу кыздардын көзүнчө маймыл кылгың келип жатабы?” деп демитип кирди. Баягы жароокер көз караштар заардуу көз карашка айланды. Көзүмдү ала качып жаттым. Анан эч нерсе болбогондой “болду, эми мени унут” деп басып кетти. Бет алдымдан жер көчүп, отуруп эле калдым.Көп өтпөй шаарына кетип калды.
Эми баарын түшүндүм, мени кусур урду. Теңиме албай жүргөн балдардын кусуру. Ооба, билем, айылдын мыркынбайы Мадылга турмушка чыккан күндө да ал менден өйдө турат. Мен сүйүү эмне экенин билбей туруп чалындым. Азыр апам чүнчүп, жадакалса чачын да жөндөп тарабай калган кызына түшүнбөй жүргөн кези. Көчөгө да чыгуудан тартынам, мектепке эптеп барып келем да, үйдөн чыкпайм.
Ошол, окурман, учурда эмне кыларымды билбей, чайналып жатам. Курсагым чоңоё баштады. Абийиримди эми кантип жашырам?..

Айжамал


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(118)
08.06.2012. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билемин уйдон чыктын,врачка баратасын
эстээрсин мени бир кун агарган кезде чачын
эркекмин уксан апа мен сага керек болом
намыска туруп берчу карысан медет болом
ырыскым кудай берген бар чыгаар кыйнабаймын
алдырбай тороп алчы апаке кыйнабаймын
журогун мн суйлош ал деле кыйбай турат
атасыз торобойм деп абийрин кыйнап турат
жашоого 5 ай мени эмнеге жараттынар
тируулук ыраа корбой журокту канаттынар
апаке суранамын кеч болуп кетел
09.06.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмушbenbatler,
08.06.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылдан кет.торо дагы ата енендин ешигинин алдына таштап кет багып алышат да.аборт кылба аборт деген адам олтуруу ниточто адам озундон чыккан адамды олтуруу
08.06.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
www.belek сиздин создорунузго толугу менен кошулам.
08.06.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында агайыда кыз да ойлонсо болот еле еми баары кеч келечегин алдыда мындан арткы турмушуну ойлоп озуно озун кубат берип ишенип жаша
08.06.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан кийинки жашоонузду таза откооруго аракет кылыныз.
09.06.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында жаман болуптур, эми ал агайынды тагдыр озу таразалайт, болгону ичиндеги баланы гана ойло.
09.06.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kele4egin aldyda torop balandy ozun ele 4onoitkonun tuura!!!!
09.06.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызга кырк уйдон тыю джейт сага копчулук айтпаган го озуно сак болгонунда мындай нерсе болмок эмес
09.06.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эч нерсе дей албайм, кыскасы аман бол
09.06.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт..." Билбей деле каласын башын маан болуп калат мындай окуяны укканында. Бирок кыз бечара жалка. Сабырдуу бол, арканды алыс таштап оз бактын учун курош. Ар бир адам оз тени болот. Жакшы ниет кылып сабырдуу болсон баары жакшы болот. Кийинки жашооно ийгилик.
09.06.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо озундо,мне не чего сказать!!!
09.06.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобунчо кыздардан катачылык кетет...
10.06.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akili jok bolso ushu da
10.06.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз, эки бутунун ортосу менен ойлонот окшойт...
10.06.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тагдыр.Суйуу бул адамды азапка салат.Сен эми баланы алдырбай, бир айласын таап тороп ал.Сени куноологондорго кошула албайм.Алар суйууго кабыла элек болсо керек деп ойлойм.
11.06.2012. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boloru boldu emi arka kaitpai aldiga jiliw kk jawsin jawoo aldida baari jakwi bolot.
13.06.2012. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз курсактагы баладан кутулса, эмки мелдеш кайсы темада болот болду экен.
16.06.2012. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми болоор иш болуп, боесу каныптыр, бойдогу баланды алдырбай эптеп тороп ал анын устуно биринчи балан экен, баланын оз ырыскысы озундо азыр аборттон кийин торой албай жургондор канча
16.06.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси жакшы адамдар экен.Кечкисин агайынын уйуно кызын жиберген.Эми тороп ал.Эл суйлоп-суйлоп калат.Аборттон кийин балалуу болбой каласын.
01.07.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы болуптур ошол кызга аздык кылат эми Бишкекке келсен сага жакшы иш табылат эми сага абийирдин да кереги жок
13.07.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
агай жакшынакай сонун статья мн кетет кыз жашы жетелек болсо
20.07.2012. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда ошондой кылат элем агайдын ордунда болгондо кыз озу келип адамды кызыктырып жаткандан кийин анан ал не кылышы керек
06.08.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага окшогон адашкан кыздар коп, бирок ойлонушпайт турмушун. Врачка барып корунуп башкасыга турмушка чыга бер. Бир эле сен эмессин мындай !
17.08.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр чынында кыздардын89% селкасы жок
19.09.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге неге ишенчээк болосунар мынчалык
25.09.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууну булгап минтип суйушпой эле койбойлубу туугандар, адам сезиминде суйуу тунук таза аруу бойдон калсын!
06.10.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум оруп чыкты ((
12.02.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюндан от чыгат деген чын да...
15.03.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башын иштебесе колу бутундун шору
14.09.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу келсе уйуно жинди эмессинби,сага чала,мындан жаман болосун,Мыркынбай башына эмес башка жагына дагы тартпайт сени.ачык айтып агайынды сотко берип балана фамилия ал.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо