Сайкал Садыбакасова: «БИР ЖИГИТКЕ СҮЙҮҮМДҮ БИЛДИРЕ АЛБАЙ КАЛГАМ»

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

“Кыз-Бурактын” учурдагы көз мончогу Сайкал сахнага чыгып көздөрүн жалжылдатып, бетиндеги уячасын чыгара күлгөндө жигиттер жер тепкилеп жиберишет го, чиркин! Анда сөз Сайкалда.

– Сайкал, кандайсың? Аябай кечигип келдиң, ишиң чачтан көп болуп жатат бейм?
– Жакшы. Базарда кездеме калбай калды окшойт. Көйнөк тиктирүү менен алек болуп жүрөбүз. “Таарынба” жана “Жаным, ай” деген ырларга клип тарттык.

– Жаш болсоң да “Кыз-Бурактын” жүгүн моюнуңа илип келе жатасың. Кээде тажап, өзүң курдуу кыздардай ээн-эркин баскың келеби?
– Башында кыйналган учурлар болду. Азыр баарына быша баштадым, уйкудан калып, ачка-ток жүргөнгө. Күндөп-түндөп жүрүп ар кандай сөздөрдү да угат экенсиң. Мисалы, кээде ырды кечинде жаздырып калабыз. Керектүү нерселерди алуу үчүн “Народный” дүкөнүнө кирип калсак, “Сайкал кыздарын салып алып, түндөп эле көчөлөп жүрө берет” деген сөздөрдү чыгарышат экен. Айтылып жүргөндөй, бизде тартип темирден бекем. Апам ашыкча бастырбайт. Ар бир саат сайын эмне кылып, кайсы жерде жүргөнүбүз боюнча “доклад” берип турабыз.

– Жалган “доклад” берип, кээде Гүлшайыр эжеге айтпай майрамдап койгон учурлар кантип эле болбосун?
– Ы-кы, андай учур боло элек. Апам “кыздарым, ичкиңер келсе, бирөөлөрдүн алдында эмес, менин маңдайымда ичкиле” деп, кээде майрамдарда шампан куюп берет. Ар бир жакшылыкта сөзсүз аш демдеп, шишкебек жасап, салаттын түрүн даярдап, шампан менен майрамдайбыз. Ашты бизден Аида жакшы басат. Мен салат жагын алам. Азалия дасторкон жайганга бөлүнөт.

– Эми сүйүү баракчаңды ачалы. Буга чейин бул баракчаңда бир да жигиттин аты атала элек, ошентсе да көпөлөк сүйүүлөр көп болгондур?
– Көпөлөк сүйүү көп эле кыздарда болот деп ойлойм. Менде деле болгон. Лекцияда отуруп бир жигиттин көз карашына арбалып, анан дагы бир жерден таанышып калган жигиттин дене мүчөсүнө тартылган учурлар дегендейчи. Сүйүү абдан керек. Мисалы, сүйүү тууралуу ырларымдын көбүнүн тарыхы бар. Анда тамашалуусунан баштасам. “Эстей жүр” деген ырымды жаздырып жатканда шоколадга "ашык" болгом. Ал кезде мага таттууга тыюу салынган эле. Ушунчалык шоколадга зарыгып турганымда алдыма куту толо шоколад коюп, “жеткире ырдасаң, мобу таттуунун баары сеники болот” дешкен. Ошондо шоколадды тиктеп туруп сонун ырдап салгам.
“Кой дебедиң” менен “Эстей жүр” деген ырым да бир жигитке арналган. Ал жигит мени таштап кеткен эмес. Болгону, сүйүүмдү билдире албай калгам. Лекцияда аны карап отурган учурларымды элестетип ырдагам. Буга чейинки менин ырларым жалаң эле жетпей калган сүйүүлөр жөнүндө экен. Эми жалаң “сүйүүгө жетем, бакытка балкыйм” деген ырларды жаратайын деп жатам. Эмнени ырдасаң, ошонун таасири тиет дешет.

– Жакшы. Сүйүүгө бышып-жетилип калган окшойсуң. Бүгүн сүйүп калсаң, эртең турмушка чыгып кетүүгө даярсыңбы?
– Электен жакшылап элеп өткөзүп, анан чыгам го. Апамдын мага кылган ушунча эмгегине кол шилтеп, мен каалаган эле бир балага турмушка чыгып кетпейм. Мени ала турган жигит менин алдыга койгон максаттарыма кол кабыш кылып, түшүнгөн адам болуш керек. Музыкант болсо, андан жакшы болот эле, ха-ха. Ал эми “качок-пачогун” чайга чылап ичмек белем...
Өткөндө 35 жылдык концертти көрүп, менин алдыга койгон пландарымдын баары өзгөрүлдү. “Кыз-Бурактын” мурдагы кыздары бир жагынан музыкалык аспапта ойноп, экинчи жагынан ырдап жатышты. Ал эми биз даяр музыкага эле микрофонду кармап ырдап салабыз. Чынында, аларды көрүп, өзүмдү ырчы деп эсептебей калдым. Азыркы жаштардын көбү эле ырчы эмес экенбиз. Ошол себептен азырынча жигиттер тууралуу ойду жыйыштырып, музыкалык аспаптарда ойноп, ырчы деген статуска татыктуу болууга аракет кылып жатам.

– Азамат, жакшы максаттарың бар экен. Кел, кайрадан сүйүү темасына кайрылып көрөлү. Сүйүп калсаң, “махабат башатын мен өзүм баштайын” деп өзүң биринчи сунуш киргизе алат белең?
– Анын эмнеси бар экен? Түз эле барып “сүйүп калдым” деп айта алам. Мурда тартынчаак болчумун, азыр чоңоюп калбадымбы.

– Мексиканын кээ бир жээктери атайылап күнгө жылаңач жатып кактанууга ылайыкташкан. Барып калсаң, күнгө жылаңач жатып кактанат белең?
– Жо-ок, эми ал мексикалыктар көнүп калышкан да. Эгерде ал жерде бир-эки кыргыз болуп калса, силердин гезиттин бетине чыгып калсам, ээ, ха-ха... Андай нерселерге этият болуу керек.

– Демек, папарацциге илинбейм дечи. “Сайкал аябай сарамжалдуу, арзанына качырат” деп укканым бар...
– Акчаны керектүү нерселерге гана коротконго аракет кылам. Жөн эле чача бербейм. Мурда арзан нерселерди көп алчумун, жылтыраса эле көзгө жакшы көрүнүп. Азыр, тескерисинче, канчалык кымбат болсо, сапаты жакшы болот дегенге өттүм. Мисалы, арзан нерсени эки күн кийип ыргыткандан көрө кымбатыраак алып, эки ай кийген жакшы да.

– Айына 1000 доллардын тегерегинде табарыңды айтып жүрөсүң. Акчаңды эмнеге коротосуң?
– Тапканымды апама карматам. Ал эми апам “кой, балам, керектүүңдү ал” деп кайра берип коёт. Айтайынбы, менин бир алсыз жайым бар. Ал – телефон. Мурда кесиптештеримден жаңы үлгүдөгү телефон көрсөм эле көзүм түшө берчү. Апама айтсам, “биринчи ырыңды жакшы ырда” деп урушуп койчу. Телефондун жаңы чыккан үлгүсүн кууп сатып алам. Акыркы үлгүдөгү телефон көтөрөм деп жүрүп кээде 2 айда 3-4 телефон алмаштырып жиберем.

– “Сырты момпосуй болгону менен, тили заар кыз. Топтогу кыздар бир нерсени туура эмес кылып коюшса, катуу урушат” дешет экен сени...
– Жок, анча деле тилим заар эмес. Эми болот. Кээде жиним мурдумдун учуна чыгып кеткенде бакырып салмайым бар. Бирок ал нерсем 2 мүнөттүк чагылгандай өтүп кетет да, кайра эле тамашалашып калам. Топтун кыздары эң ынтымактуубуз.

– Жиниң келгенде сөгүнөсүңбү?
– Өтө жаман сөздөр менен сөгүнбөйм. Кыз баланын оозунан жаман сөз чыккан одоно көрүнөт го. Кээде болот, аябай жинденгенде орусча “пошла” же “пошёл”, же “өзүңдү карап алчы” деп көп айтам. Бирок ушул сөздөрдүн ичинде эле көп маани жатат.

– Өзбек актёру Улугбек Кадыров ("Фатима жана Зухра" тасмасында Шохрухтун ролунда) менен бир тасмага тартыларыңды айткан элең, бирок бул тасманы көрө элекпиз...
– Кыргыз-өзбек коогалаңы болуп кетпедиби. Анан жөн эле отурайын дедим.

– Көп жигиттер сени сексуалдуу айымдардын катарына кошушат. Бул нерсе сенин табигатыңданбы же аракет кыласыңбы?
– Сексуалдуу болууга атайылап деле аракет кылбайм. Менин бир нерсем бар, сахнага чыкканда эле ийиндерим сексуалдуу кыймылдай баштайт, анан бүт денем. Андан да ырга берилип кеткенде теше тиктемейим бар. Мына ушул кыймыл-аракетимден улам сексуалдуу көрүнсөм керек.

– "Кыз-Бурактын" жумуштары менен жүрүп үй жумуштарын унута элексиңби?
– Жок, кеч келсек да үй жыйнап, тамак жасоого аракет кылабыз. Апам кичине кезимде эле кир жуугуч машина турганына карабай кирди колго жуудурчу. Көрсө, мындай тарбия ар кандай шарттарга көнгөнгө үйрөтөт экен, айрыкча гастролдоп жүргөндө. Мынабу колдорум тандырга нан жапканды билет. Бир жолу уй сааганды да үйрөнүүгө аракет кылгам, бирок чакам менен кошо тээп жибергенден кийин коркуп калбадымбы.
Жакында эле топтогу Аидага тез арада көйнөк тиктириш керек болуп калды. Улам бир тигүүчүгө телефон чалып, такыр бошун таппай, эмне болсо ошол болсун деп өзүм тиктим. Сүйүнүп апама чалып, "менин дагы бир өнөрүм ачылды, мен көйнөк тиктим" десем, "сен ийне кармачу эмес элең го?.." деп ишенбей жатып ишенди. Ал көйнөктү жакында Аиданын клибинен көрөсүңөр.

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(36)
04.06.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз буракты уй булобуз м,н колдойбуз,концертинерда аябай жакты
04.06.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasavisa..
04.06.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай семирип кетипсин, арыктап озуну карашын керек.Сайкалдн жаш 30 бы????
04.06.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
papa454545, озуну эмес озунду дебепсин да катыгун
11.06.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Яйца курицу не учат! Это техническая ошибка
04.06.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вроде бы молодая, но смотрится как тетенька
04.06.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу сулуу кыз.Бирок суротто имине балее болуп алган.
04.06.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын колунан коп иш келет мен ал менен гостролдо бирге болгом ошондо байкагам ал кыздын кандай экенин. Сайкал сага бактылуу жашоо каалайм! "Кыз-Буракты" мыкты жетектеп, коптогон ийгиликтерге жетише бер! Келечекте озуно ылайыктуу, тушунуктуу тугой табышына тилектешмин!!! "Сайма" бий тобунун бийчиси Чолпон.
04.06.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кымбат телефон алгандан көрө ошол акчага чет тил үйрөнбөйсүнбү. Же китеп алып окубайсынбы? Биздин кишилердин сырты эле жалтырак. Билимин карасан ыйлагын келет. Ошон үчүн өнүкпөй келе жатабыз, тилекке каршы.
04.06.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш болсо да акылдуу кыз!Суперчилер ушул сексуалдуу деген созду аруу айым,ажарлуу деген создорго алмаштырса болбойбу?Менталитетибизди унутпасак.Ата бабаларыбыз жакшы эле соз куржунун откоруп кетишпеди беле бизге,биз урпактарыбызга эмнени калтырабыз?Тилибизди сыйлайлы,байыталы, нукура кыргызча создорду колдонуп суйлойлу!
05.06.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгына ийгилик!
05.06.2012. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suylogonu Kenje Duysheevanin ele kopiasi bolup kalgan go.
05.06.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал канчанчы жылкы негизи?
05.06.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжаш эле го,жашы 21–22–23 примерно, семиз болс да сулуу
08.06.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saltu25, сулуусу сулуу кыз, бирок чынын айтканда 21-22де болуп алып абдан эле улуу корунот
05.06.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1992-jyly tuulgan
05.06.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой сопсоонун эле болуп турат ичи куйгондор жаза берсин
06.06.2012. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кыз арыктаса болмок тамакты аз жеп элдик адам болгондон кийин кайсы маегин окуба шокалат эледей берет экен
06.06.2012. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркеке окшош.
06.06.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантын баалайм. ийгилик! чынында коз карашын сексуально.
07.06.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талант ко талант, "Кыз буракта" ырдап келдин, бирок баткендеги конкурска, ж.б конкурстарга сольный катышканын эмнеси, Сайкал сен определится этишин керек жаман орустардын созунчо айтканда, же сен кыз бурак менен ырда, же солный ырда, жакшы конкурстар келет, баткендегинин айтайын, жалгыз ырдадын, жаны чыккан ырчы эмессин да, бирок сага жаны чыккан ырчы катары бир мерс берди, алдын рахмат, аны группан менен болушкон жоксун, туурабы, ндайда, солный ырдайсын, кээде кыз бурак чыкканда сен да журосун
07.06.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суроо, группа Кыз бурак, или солный озундун жообунду берчи айланайын, кыз бурактагаы кыздары сага оюнчукпу
07.06.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон ийгиликтерди каалайм.Аман жур!
07.06.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday sakta, tustu kara,,,
08.06.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кыз дагы дагы жакшы ырларды жаратат деп ишенем онорун оркундой берсин.
08.06.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилин озгортсо жакшы болмок...
08.06.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары бир Кенже Дуйшеевага жетпейт.
08.06.2012. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аркандалып эмнени билдиргиси келген,такыр тушунбой турам.Мозохизм эмеспи.
09.06.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да...она талантливая и голос у нее хороший! ))
09.06.2012. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KADAM, sen Kadamjaydan bolboisunbu??? Commentin jakty)))))))))))
09.06.2012. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KADAM, sen Kadamjaydan bolboisunbu??? Commentin jakty)))))))))))
11.06.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жери окшошпой калыптыр.
Цитата:"Кой дебедиң” менен “Эстей жүр” деген ырым да бир жигитке арналган. Ал жигит мени таштап кеткен эмес. Болгону, сүйүүмдү билдире албай калгам. Лекцияда аны карап отурган учурларымды элестетип ырдагам."
"Эстей жур" деген ырын ырдаган учурда 7 же 8 класста окуйт болчу го. Анан кайдагы лекцияны айтат...

11.06.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба, кээде эле түрк жигитти колун сураса, кээде эле бажы кызматерине турмушка чыгат, бир баланын сүрөтүн көрсөтүп, ушул "менин жигитим" десинчи, "Ал жигит мени таштап кеткен эмес"-деп КИМ ал, эч кимге түшүнүксүз, айына 1000 доллар табам дейт, бул чынбы,жандуу кесипкөй (пофессионал)ырычылар дагы анча таппайт!!! менен
11.06.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арыктап калганбы а
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо