Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДУБАЙ – ЖОМОКТОГУДАЙ ШААР, БИРОК...

№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Дубай десе эле баарыбыз жыргал жашоону элестетебиз. "Ал жакка эптеп эле жетип алсам, андан кийин баары жакшы болот" деген жалган сезимдерге жетеленгендер канча... Албетте, Дубай – учурда дүйнөдөгү эң бай, кооз, өнүккөн шаарлардын бири. Ал жакка жыл сайын миллиондогон туристтер менен бакыт издеген мигранттар барышат. Бирок ошол мигранттардын баарынын эле иши оңунан чыга бербейт. Буга Дубайда иштегенине 4 ай болгон Бони аттуу жигиттин айткандары далил.

“АЙТКАНДАРЫН АТКАРЫШКАН ЖОК”
– Дубайга келгениме 4 ай болуп калды. Бир бөлмөдө айына 1000 доллар төлөп бешөөбүз жашайбыз, бирөө азербайжандык бала, калганы – кыргыздар. Бөлмө кичинекей болгону менен, пейил кенен болсо, батат экенсиң. Баарыбыз намазга жыгылабыз. Мен бир кичинекей ресторанда официант болуп иштейм. Башка жумушка кирейин дегем, азырынча жумушумду алмаштыра албай жүрөм.
Биз Дубайга Бишкектеги “Араб борбору” аркылуу келгенбиз. Чыгымдарды Дубайдагы “Apparel Group” фирмасы көтөрүп, Кыргызстандан 40тан ашуун кыз-жигит барган. “Айлыгыңар айына 700 доллар, андан тышкары ай сайын “Sale Target” деген ресторандын бир айга пландалган акча көлөмүн чолгултса, бонус катары 300 доллар акча кошулуп, айлык 1000 долларга жетет” дешкен. Келгенде ал убадаларынын бирин да аткарышкан жок. Башында аванс сурасак, “кийин акчаңардан кармап калбайбыз” деп акча беришкен. Бирок ал акчасын кармап жатышат.
Мени менен чогуу келгендердин көбүнө фирманын таап берген жумуштары жакпай, айлыгы аз болуп, башка жакшы иш табылбай жатат. Акча чогултам деп келгендер өзүнө да жеткире албай, канчалаган кыргыз балдар-кыздары кыйналып, кор болушту.
“Apparel Group” фирмасынын башчылары индустар экен. Алар өз жердештерине гана жакшы жумуш таап, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жардам беришет. Башкаларга пайдасы деле тийбейт. Биз менен аталган фирмада чогуу иштеген индус балдар деле бул фирманы сөгүп, жамандашат. Ошондуктан мекендештериме айтарым, бул жакка келерде эч бир фирмага, компанияларга кайрылбай, өздөрү эле келгендери оң. Себеби өзүнчө келгенде Vizit Viza (туристтик) деген виза болот да, бул жактын мыйзамы боюнча, Rezident Viza (жумуш) визасына алмаштырып, компаниялардан жумуш табуу оңой болот.
Биз Кыргызстандан эле жумушка орношуп келгенбиз да. Биздики жумуш визасы, аны алмаштырып, башкага өтүү кыйын болуп калат экен. Эгер жумуштан өз ыктыярың менен кете турган болсоң, анда фирманын сага короткон акчаларын кайтарып беришиң керек. Анткени ар бир компания өзүнүн атынан ар бир адамга виза ачат. Орус тилин билгендерге жакшы жумуштар, ал эми араб тилин билгендерге андан да жакшы жумуштар табылат. Эгер дипломуң бар болсо, ого бетер жакшы.

“АЙЛЫГЫҢ ЖОГОРУ БОЛГОНУ МЕНЕН, КЫМБАТЧЫЛЫК”
– Дубайдын мага жакканы, укуктар корголуп, мыйзам жакшы иштейт. Кызыгы, унаа майынын
АИ-95 жана Super деген эки эле түрү бар экен. Биздин акча менен литри 15-20 сом турат. Бирок такси кызматынын баасы кымбат. Андан көрө Regular Card картасын алып, метро менен эле жүргөн жакшы.
Бул жакта эң аз айлык алган пол жууган жумушчу айына сом менен 13 же 15 миңдей табат. Мода бутиктеринде иштегендер айына 1500 доллардан 5000 долларга чейин табышса болот. Менин айлыгым – 700 доллар. Бирок кымбатчылык, жетпейт. Жашаган жериме 200 доллар, тамак-ашыма айына 100-150 доллар, жолума 200-300 доллардай кетет. Анысы аз келгенсип, айлык да убагында берилбейт. Кээ бир балдардын эки айдан бери айлыктарын ала албай жүрүшкөндөрүн уктум. Антип акча чогулбайт. Ошондуктан бул жумуштан башка жумушка кетейин деп издеп жатам.
Иштеп, үйдөгүлөргө акча салып, жардам берем деген киши кафеге кирбей эле койгону оң. Себеби биздикине салыштырмалуу кафелердин баасы өтө кымбат. Дубайда “Город 312” деген кафе ачылган. Ал кафеде кыргыздын улуттук тамактары бар.

“МЕКЕНИН ЧАНГАН КЫРГЫЗ-МАҢКУРТ!”
– Келген кыргыздардын кээ бири жыргап жүрүшсө, айрымдары кыйналышат. Канча кыргыз кыздарды байкайм, кыздар эле эмес, чоң эжелер да башка улуттун улгайып калган кишилери менен жүрүшөт. Кыргыздарды уят кылып жатышат. “Кыргыз кыздары Дубайга атайын күйөөгө тийиш үчүн келишет” деген сөздөрдү көп угам. Эмне себептен кыргыз кыздары мындай жеңил ойлорго жетеленишет? Кыздардын баары жаман жолго барышат деп айтпайм, айрым кыздар жакшынакай эле тирилик кылып жүрүшөт.
Дубайда кыргыз “бай-манаптарынын” балдар-кыздары да бар. Алар көчөдөн кыргыз экени байкалып турса да, учурашайын десең асманды карап, тоготпой өтүп кетишет. Бул кыргыздыкка жатпайт да. Кыргыз деген кайсы жакта жүрсө да, жок дегенде саламынан жазбаш керек. Анан асманды карап өтүп кеткендер алар өздөрүнө канчалык бай, европалык көрүнбөсүн, Кыргызстанга барганда ошол эле кыргыз, а барбаса, кыргыз эмес, маңкурт!
Мен бул жакта калбайм. Дубайда жумушум канча жакшы болсо да, баары бир мекениме кетем. Кыргызстанды сагынам. Ала-Тоодой бейиш өңдөнгөн жерде туулуп-өскөнүм үчүн сүйүнөм. Абасы начар, үп, ысык, биздин абадай кериле дем ала албайсың, тойбойсуң...

Кыргызда “миң уккандан бир көргөн жакшы” деген жакшы сөз бар эмеспи. Азыр деле Дубайга барып иштеп келүүнү каалагандардын саны арбын. Бирок аларды кандай жашоо күтүп жатканы белгисиз. Жогорудагы каарманыбыздын айткандары аларга кичине болсо да сабак болот деген ойдобуз.

БУЛ ЫРДЫ КЫРГЫЗСТАНГА АРНАП ЖАЗДЫМ.

Ата Мекен, Ата Мекен,
Ата менен апа экен.
Ата-энесин таштап кеткен,
Асыл эсте бала экен.
Ата-энеден бөтөн жерди асыл көргөн,
Жалгыздыкты көрөт акыреттен.
КЫРГЫЗ деп мен сыймыктансам,
Душман бизди кырып жатса,
Кыргыз эли байлык артса,
Четти карай качып жатса,
АТАМ, ЭНЕМ, ЖЕРИМ,
ЖЫЛУУ МЕКЕНИМ дегендерди, Жаратканым, өзүң жанда.
САТАМ, КЕТЕМ, ЭНЕ дебей,
ЖЕРИ КЕДЕЙ дегендерден, Жаратканым, өзүң сакта.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
04.06.2012. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дубайга келээрден мурун Англис же Араб тилдерин жакшы билбесенер, терен ойлонуп туруп гана чечим кабыл алгыла. Бул жакта эч ким жардам бербейт, Дубай таш боор шаар!Эгер кыйынчылыгына туруштук бербесен, "сындырып" коет адамды. Эгер баарын жене билсен, сага озунун чон мумкунчулугун ачат. Жогорудагы каараман айтып жатат Visit Visa м-н келип иш издегиле. Эгер антип келе турган болсонор, ото чон сыноого киресинер. Жумуш таап визанар "Residency Visa"га которулгандан кийин деле 1 жыл ичинде жумушунду..
04.06.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(башы томондо)... жумушунду алмаштыра албайсын. Ошондуктан Араб Борбору аркылуу келгенинер туура эле болот. Себеби жатакананар даяр, жумушунар бар болот. Озунор келип алып, же шаарды жакшы билбейснер, же кантип жумуш издеш керек экенин тушунбой кыйналасынар. Бул менин жеке кенешим. Бирок баарын жакшы ойлонуп, озунор чечкиле !!! Ийгилик !!!
04.06.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DEFENDER, Араб Борборуна ишенбегиле аларга баары бир екен, аларга акча ле толоп берсенер еле болду, наркы жагы силер мене кадай болорун аларга кызыгы жок! анан дайыма еле анан бут фирмалар еле уй жайы тамак ашы жол киреси менен емес! андан коро Visit Visa ачып еле бул жактан кыргыздарды таабып жардам сурап келебергиле, ошо еле жакшы жакшы адамкер Жараткан Аллахтан корккон кыргыздар бар, жардам берет албетте, колдорунан келишинче! ИншаАллах ишинерге берекесин берсин Жараткан Аллах!
04.06.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BonieGun,
Сен андай дегенин м-н м-н жардам бергени келгенде, эч ким жоопкерчилик албайт. Андай нерселер болуп эле жатат. Мен деле жардам бергем убагында. Бирок алар эптей албай коюп, мен ата энесине жаман корундум. Ким эле озун куноолуу десин 1,500 - 2,000 $ коротуп кайра кайтса?
Ошон учун тынч эле Араб Борбору м-н келип, 1 жыл чыдап иштегенче, бул жактын мумкунчулукторун уйронуп, билип, анан башка жумушка кете бергени дурус.
04.06.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер жардам бере алсан, жардам бер Аллахтын ыраазычылыгы учун !!! Эгер озун андай кыла албасан, бмроолор жардам берет деп кепилдик бербе. Сенин созуно кирип, бул жакка келип алгандан кийин ара жолдо кыйналып калышат байкуш балдар.
07.06.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DEFENDER, бироолор деп сени айткан жокмун, сен жардам бербесен мен берем колумдан келишинче жалгыз Аллаанын ыраазычылыгы учун! мага окшогон мусулмандар коп, ошондуктан мен айтканым сурап билип келгиле деп айтып жатам жардамчы билген адамды табып дейм, аржак бержакты корсотот дейм, учуп келебергиле деп жазган жокмунго, окуп тушунуп анан жооп жазсан!!!
04.06.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм менин да дос кызым кеткен да кандай абалда болду экен жыргап журом кундо пляшь эле дейт ким билет
04.06.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга кыйын болду.
04.06.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле индустар калпычы калк келет экен,Коп фирмалар Бишкекте индустардыкы,канчалаган кыргыздарды банкрот кылып сызга отургузушту,оз мекенинен эле,анан тияка барганда по полной коргозот да.Мен тааныган эки адам тен индустардын фирмасынды иштечи,бири айлыгын ала албаса,экинчиси жетпей толоп берди,тузагына тушкондор уланып жатат да,текшербейт экен да аларды,биздикилер берчусун берип койсо.Оз мекенинден кордук коруп жатсак анан башка олкодон кордук жонундо айтып кереги жок.
04.06.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияга эле келгиле
05.06.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura industar jmoturaak kelet ishenich jok. Dubaiga ozu Es algany shoppingge barbasa ele kantip ishteit kymbat go. Chyndap ele turist visa menen baryp ish tapsa jakshyraak go je bargandan kiyin bashka ishke kotorulsa bolot beken?
05.06.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ДА БАРГЫМ КЕЛИП ЖУРОТ ошол жакка,бирок 3 балам менен бара албай калдым го
05.06.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merim, 3 Баланды таштап аяака барып эмне кыласын .Балдарындын жанында эле болгон жакшы,мен да россияда журом 4 жылдан бери кичине кызым 5 айында кеттим эле ар кимди папа мама деп чонойду тел-н чалсак суйлошпой да койот.
05.06.2012. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орус гражданына иш тапса болобу?эгер англис тилин орус тилин билгенге
05.06.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Kyrgyz tyygandar,tomondogu bala aitkany chyn al ishtep jatkan kompaniya, Industardyky maiyanasyn az beret,,birok birok Arab borborun kunoologon bolboitta ,,myna men Arab borbory menen kelgemin 2 jyl bolup kaldy jumushum jakshy Alla shugur baary jakshy..rahmat Arab borboruna ..birok kompaniyalar kelgende Kyrgyzstanga kelgende tagyraagy Arab borboruna kelgende ..mamleket tarabynan jakshy teksheruugo alyp ,,emne kompania ..emne menen alektenet baaryn bilip anan uruksat berse jakshy bolmok....
07.06.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BarsbekKG, Араб Борборуу ошону караш керек болчу тактаап кандай компания жонотсо болобу кыргыз балдар кыздарды же болбойбу, анан бизге филипиндер жашагандай акбалда санап бербей корототурган акчабызды 20 киши 2 кв метре жашагандай!! аларга баары бир болду да акчаны коргондо!! барайын кайра комом го аларды тоолугунча! Аллах озу кечирсин канча адамдын каргашыга калып жатышат!!!!!!
05.06.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birok al balaga 4 ai ele boluptur dagy 2 ai chydasa jumushun almashtyrsa bolot bul jaktyn zakonu boiuncha...men aitpaim anchalyk kyrgyzdar bul jerde kor bolup jurot dep baardygy jakshyy dep..tigi bala aitkandai keebir jenil oiluk kyrgyz kyzdar ozunon uluu bai industar menen ubakytyn otkozgondorgo abdan ichim kuiot..ozu tatynaikai suluu kelbetty,,jakshyy jumush tapsa bolot..bul jakta baary zakon menen..a bizdin ele Kyrgyz kyrgyz chinovnikteri ele tagyraagy Kyrgyz consulu ,,ozunun kyrgyz elinen...
07.06.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BarsbekKG, 2 айдан кийин кайрадан болбойт, Probation Period бутсо контракт оз толук кичине кирет да анан 2 жыл байландын!
05.06.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akcha bir pechat baskanga akcha alyp jatakany ichindi kuiguzot....
05.06.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам боюнча, 6 айда сыноо убакты (испытательный срок) бутот. 12 айдан сон башка жумушка отууго мумкун. Эгер андан эрте чыгып кетсе, 6 айга чейин жумушка орношууга эмгек болуму (labor office) тарабынан тыюу салынат ж-а жумуш берген тараптын чыгымдарын кайтарып бериши керек болот. Негизинен бир аз чыдоо керек, анан коп нерсени оздоштурууго аракет кылуу керек 1 жылдын ичинде.
05.06.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайда барба мамайдын кору
06.06.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздарда "бир аз чыдап", анан "баары жакшы" деген адат бар да. Болгон чындыкты чет олкодо жургондор жаап-жашырбай эле айткыла да. Силер "бул жакта баары сонун" деген сайын канчалаган адамдар эч нерсени ойлонбостон чет олкого барып алышып кыйналып калышууда.
07.06.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AshatMJ89,

Негизи эч жерде оной оокат жок. Бул жактын жакшы жагы баары мыйзам негизинде. Укугунду тебелеген болсо коргоого болот. Эн негизги талап, тил билуу м-н чыдамкайлык керек. Россиядан акча тапсан, бул жакта акчадан башка дуйнонун баардык жеринде иштеп, жашап кете ала турган нерселерди уйронуп аласын. Дубай дуйнонун алдынкы технологияларын, иштоо ыкмаларын, финансылык системаларын колдонот. Ошолордун баары сага баа жеткис кошумча билим, тажрыйба берет.
Бирок даярданы
06.06.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
баарынан да кыздарыбыздын жургону окунучтуу аларга бир шордуу уйлонот да кыргызстанда.....
09.06.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbekkg..., емнеси шордуу болот.ал шордууун емне белый и пушистый деп гарантия бересинби.анан ал кыздардын поведениясы ошол бойдон калат горбатого магила исправит дегендей так что уйлонго турган киши коруп байкайт.
10.06.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulukbekkg..., sen kaidan chykkan asan kaigysyng, worduu uilonot dep? Emne ele kaisy makalada bolbosun kyrgyz kyzdaryna asylyp, jaman jagyn gana chukup kaldyngar? Kim kandai jawasa jana kim mn jawaim dese ozu chechet, ukugu bar.
06.06.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Екатеринбургка куш келгиле
07.06.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ ошол Дубайдагы 1,5 мин долларды москвадан деле таап жатабызго ушунчалык зарыл болсо Москвага эле келгилечи квартира 3500 автобуска 840 без лимитный, метрого 60 проезд 1200р жашоо жакшы эле кудайга шугур Кыргыздар бутарына турупкалышкан.
07.06.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдин жери озуго дубай ошондуктан озубуздун дубайды унутпайлы атак москва дагы жаман эмес келгиле
07.06.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arapsikiy sentirdegikere,,
Aylanayindar, selerdi ak4a emes Adam tuugango, bolgonun bolgondoy aytkyla4y, ozunor jok nersni aytasynar, koptu umut kylyp kelsek az bolot. Mengo bul duynodo kan4a kiynalsamda Allahtyn jardamy menen jenem, a birok ozunorgo ozunor suylogon soz akyrette duwman bolot. Allah silerge iyman bersin!!!
07.06.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu kagylaiyn kyrgyz elim,oz oiumdu aitardan murda,bir nerseni aityp otsom.Bul kyrgyz elin taryhtan karai turgan bolson,jurogundo jalyn kuiup ,oz kairatyn ech kimge tartyrbagan,yntamktuu,kyrgyz degende ichip jatkan ashyn jerge koigon adamdardyn biri bolgon desem janylyshpaim. Birok tileke karshy azyrky maalda andai talapka joop bere albai jatabyz.Jogorudagy Dubai shaarynda oz azabyn korup jatkan bala menen choguu keldim ele,anyn jazgan bildiruusundo 100 paiyzdyk chyndyk bar,
07.06.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar bir adam ar kandai nerseni jazyp jatat,ooba albette alardyn oiuyn ukkanga ukuktubuz,birok bashyna kelgende korot elek,emnegedir kiyinki kudoru kyrgyz eli jashoonun kandaidyr bir ters tarabyna ketip barajatkansyit,balkim bul jazgan sozdorum kimdir biroonun kyjyryna tiyishi mumkun,ushul Dubai shaaryna kelgende bizdin tugandardyn bir-biribizge kandai mamile jasaryn tushundum.
07.06.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaratknanym koldoso bul kyiynchylyktanda chygabyz,ech kashan bashyndy jerge salba Boni
09.06.2012. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кай жерде болбойлу кыргыз жерибизди унутпайлы антип тескери караган манкуртарга айтарым бирде болсо бирде сынары анык башкысы кыргыз жерибизге барышыбыз бар эмне дегенде биз кыргызбыз кыргыз ар дайым бир бирине комоктошот комоктошпогон кыргыз эмес манкурт эли жок жери жокторду айтмакмын Аллахым башкысы Кыргызстаныбызды тынч элибизди бейпил жашоо берсин Кыргыз элибиз ар дайым ыймандуу кыздарыбыз суйкумду буга ар дайым ишенип келем Алга Кыргыз элим биздин келечегибиз бар
18.06.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чет олкодон абдан тажадым оз олкомдо качандыр бир убакта иштейт болдумбекен мамлекет башындагылар буну ойлонуптагы койушпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо