№500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
Өткөн саныбызда Орусияда жүргөн кыз-келиндерибиздин кыргыз жигиттеринин ур-токмогуна кабылып жатканын жазганбыз. “Патриотчулардын” курмандыгына айланган Сапаргүл тууралуу сөз козголуп, анын тирүү экени белгисиз эле. Коомчулуктагы талкуулар кайрат берген белем, Сапаргүл өзүн кордогон балдардын үстүнөн арыз жазып, РФнын Башкы прокуратурасына кайрылыптыр. Арыздын бир көчүрмөсү редакциябызга келди.
Макала гезит бетине чыккандан бери жабыр тарткандардын экөөсү тарабынан тиешелүү органдарга арыз түшкөнү белгилүү болгон. Алардын бири азыркы учурда кичи мекени Жалал-Абадда болсо, экинчиси Москвада. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы “патриотчулар” ким экенин аныктап, Орусияга тиешелүү документтерди жөнөттү. Төмөнкү арыз Орусиянын Башкы прокуратурасына даректелген Сапаргүлдөн келген:
– Жолдошум менен 12 жыл мурун ажырашып кетип, 2 баламды Орусияга келгиче өзүм бакчумун. Орусияга да жыргаганымдан эмес, акча табуунун айласы менен келгем. 2007-жылдан баштап Екатеринбургда ар кайсы дүкөндөрдө пол жуугуч болуп иштеп, 2011-жылы январдан тарта автобуста кондуктор болуп жумушка орношкон элем. Маңдай терим менен тапкан акчамды карыган ата-энеме, мектепте окуп жаткан балдарыма жөнөтчүмүн. Чогулткан акчама Жалал-Абаддан жер тилкесин да сатып алгам.
Бир күнү курбум экөөбүз Екатеринбургдагы бир кафеге тамактанууга кирип калдык. Кафенин ичинде ар түрдүү улуттагы адамдар бар болчу. Бир маалда эле бир жигит келип тийише баштады. Мен аны катуу урушуп койдум. Тиги бала кафеден чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндө досторун ээрчитип келип, “эмне тажиктер менен отурасыңар?” деп кыйкыра баштады. Чынында, бизден кийинки столдо тажиктер отурушкан, бирок биз алар менен сүйлөшмөк тургай тааныбайт да болчубуз.
Алар бири-бирин атынан чакырып жатканынан Нурбек жана Ильхам деген балдар экенин жаттап калгам. Анан балдар күч менен кафеден алып чыгып, машинага салып суу тарапка алып кетишти. Колу-бутубузду ток өткөрүүчү зым менен байлап, машинанын аккумуляторуна туташтырып коюп тепкилешти, сабашты, кийимдерибизди тытып салышты. Кылбаган нерселерди кыйнап айттырып, видеого тартып жатышкан. Биз алардан жаныбызды аман коюуну сурандык. Аларга “мен силердин апаңардай энемин, балдарым бой жете элек” деп ыйласам, телефонумду, 7000 рубль акчамды, алтын шакектеримди, сөйкөмдү, чынжырчамды, курбум Надиранын да бардык буюмдарын алып качып кетишти. “Эгер бул тууралуу бирөөгө айтсаңар, жердин түбүнөн болсо да таап, өлтүрүп кетебиз” деп коркутушкан эле.
Бул окуядан 3 күн өткөндөн кийин Москвага кетип калдым. Курбум Надира менен ошол бойдон кабарым үзүлдү. Азыр тирүү жан экеним да түшүнүксүз, бирок мен бул жашоодо жокмун. Мындан аркы жашоом кандай болорун билбейм. Ата-энемди же балдарымды көрө албасам кандай кылам? Ошолор үчүн жашап жүрчүмүн да. Эми адамдарга окшоп баса да албай калдым. Кайсы күнөөм үчүн жашоом ушундай тозокко айланды?! Жардам бергилечи! Алсыз аялдарга ушинтип кол көтөрүп, шылдыңдап, адам кылбаган айбандык ишти кылып, бир күндө эле жашоосуна балта чаап койсо болобу?!
Сапаргүл А.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 | 3 | 4 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |