Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.

«НИКЕЛҮҮ ЖИГИТ МЕНИ АРБАДЫ»
-Бир кезде бактылуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай күнгө кабылам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.
6 жыл мурун ата-энем Москва шаарына жумуш издеп кетишкен. Ырас, бат эле бутубузга турдук. Мен 9-классты бүтүп, колледжге окууга кирдим. Үйдө кенжеси болгондуктан, баары менин айтканымдай болчу. 1-курсту аяктап, Москвага барам деп жүрүп, акыры тилегиме жеттим. Ал жерден ишим оңунан чыкты. Жыл айланып, Кыргызстанга келип үй алып, жарым жылдай жүрүп калдым.
Ойлоп көрсөм, шумдуктун баары ошондо башталыптыр. Ата-энем Москвада болгондуктан, кой деген кожом жок, каалагандай басып жүрдүм. Чөнтөктө акча көп, дос, артымдан жүгүргөн балдардын саны да күн санап өсө берди. Каалаган жакка барам, каалаган убакта келем, кыскасы, ушинтип кеч келе берип, байкем менен да урушуп, кыздар менен өзүм алган үйгө көчүп кеттим. Курбум турмушка чыгып, анын тоюнда Мирлан деген үй-бүлөлүү жигит менен таанышып калдым. Ал никелүү болсо да, «жакында аялым менен ажырашам. Аны сүйбөйм, ата-энем зордоп алып берип коюшкан» деп жатып телефон номеримди алып калды. Чынын айтсам, Мирлан мага бир көз карашта эле жаккан. Эки күндөн кийин телефон чалып, жолугууну сунуштады. Аны бир көрүүгө зар болуп турсам да, никелүү кишиге жолугуп, үй-бүлөсүн бузгум келбеди.

«ӨЗҮМДӨН ӨЧ АЛЫП ЖАТКАНЫМДЫ БИЛБЕПТИРМИН»
-Көп өтпөй Москвага келе бердим. Бир айдан кийин Мирлан мени таап, күнү-түнү телефон чала баштады. Бир айча сүйлөшүп жүрдүк. Кийин артымдан ал да Москвага келди. Апам мени туура түшүнүп, «сүйүп калсаң, каршы эмесмин» деп жол ачып берди. Экөөбүз тез-тез көрүшүп турчубуз. Кызыгы тарап кеттиби, айтор, акыркы күндөрү көп урушчу болдук. Анан Мирлан Кыргызстанга кетип жатканын айтты. Андайды күтпөгөн жаным шолоктоп ыйлап, себебин сурасам, «сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң» деп күйдүрдү. Чынында, ал менин туңгуч сүйүүм эле. Башка бир да жигитке көз салып караган эмесмин. Сүйгөн адамым менен сүйлөшсөм да, мендик болбогону азапка салды, кирпик какпай ыйлап таң атырган күндөрүм болду.
«Көз жашыңды көргүм келбейт» деген апам күндөрдүн биринде бардар жигит менен тааныштырып, «ушуга турмушка чыгасың» деп калды. Мирлан бир пайда болуп, мага үмүт берет, мен ага ишенем да, кайра жоголуп кетет, анан көз жашка бөлөнүп жатып калам. Бардар жашаган жигитке турмушка чыга турган болуп, тойго аз калганда Мирландын айынан тойду токтотуп салдым.
Сүйгөн адамым менин сезимдерим менен ойносо керек, аялы менен жарашканы Бишкекке кетип калды. Бугум ичиме батпай, досторум менен кафе, клубдарга тез-тез барчу болдум. Бийлесем гана ичимдеги арманым сыртка чыккандай сезилчү. Ошондой күндөрдө Айбек жана Ренат деген балдар менен таанышып калдым. Досторумдун баары калмак, орус улутунан болгондуктан, алар менен таанышканыма бир жагынан сүйүндүм.
Айбектин никелүү болгонун билсем да, кыздык намысымды ага арнадым. Оюмда «Мирлан, сен аялың менен болсоң, мен Айбек мененмин, сенден ушинтип өч алам» дедим. Өзүмдөн өч алып жатканымды билбептирмин.
Ошол түндөн көп өтпөй Айбек Кыргызстанга кетти. Андан кийин бир да жолу телефон чалган жок. Мага айтканы боюнча, аялы менен ажырашып кеткен эле. Бир күнү Ренат келип, «Айбек аялы менен жарашыптыр» дейт. Бир чети кубансам, бир чети ичим күйүп турду. Жигиттерден ушунчалык көңүлүм калды. Аялзаты алсыз жаралганбызбы, үмүтүм өчпөй Айбекти бир ай күттүм, келбеди...

«КӨЙГӨЙДҮН НЕГИЗИ ЭЛЕ АКЧАГА КЕЛИП ТАКАЛЫП ЖАТТЫ»
-Адамдын башына бир кыйынчылык келсе, аркасынан да сыноолор көп болот окшойт. Ушул эле жетишпей жаткансып, жумуш да оорлой баштады. Көйгөйдүн негизи эле акчага келип такалып жатты. Негедир ата-энемден такыр акча сурагым келчү эмес. Акча деген балекет эмнелерге гана алып барбайт, ошол убакта Ренат экөөбүз мелдешип кетип, Ренаттын коюнуна биринчи жолу акча үчүн киргем. Ошол күнү жумушка барып, үйгө эч кайткым келбей, өзүмдөн жийиркенип турдум. «Ренатка кантип сүйлөйм, Айбекке эмне дейм?» деген ойлор жүрөгүмдү кыйнады.
Анан директор менен урушуп, жумуштан кеттим. Ылайыктуу жумуш жок, Ренаттын үйүндө жашап калдым. Күндөн-күнгө экөөбүздүн мамилебиз жакындай берди. Апамдын «даяр ашка кызыкпа, өз эмгегиң менен тапкан аш таттуу болот» деген сөзү кулагыма анда-санда жаңыра калат.
Ренаттын эми эле бутуна туруп келе жаткан мезгили эле. Үйлөнүп калсак, бирге аракет кылабыз деп ойлодум. Экөөбүздү үйдө баары кыз-жигит деп ойлошчу. Бирок менин жүрөгүмдүн эзилгени, экөөбүз жөн гана көңүлдөш элек. Бир күнү Айбек келди, Кыргызстандан, эч нерсе болбогондой. Ал келери менен Ренаттын мамилеси өзгөрүп, «эми экөөбүз сүйлөшпөйбүз» деп басып кетти. Канчалык ыйлабайын, эч нерсе жардам бере албады.

«ЖАШООДО ҮЧ НЕРСЕДЕН КОРКЧУМУН»
-Бир күнү үйдө жалгыз отурсам, Айбек келип, ага Ренат менен мамиле түзүп алганымды айттым. Ал «билгем ушундай болорун, мен сени ага ыраа көрбөйм» деген өңдүү сөздөрдү айтып жатканда сырттан Ренат келип, экөө урушуп кетишти. Акыры Ренат экөөбүз бирге калдык. Ал мага «күнөөңдүн баарын өзүмө алам, нике кыйып жашайлы» деп калды. Дароо эле ишенип, чогуу жашап калдык. Арадан 3-4 ай өтүп, Ренаттын мамилеси өзгөрө баштады...
Негизи, жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан. Тагдыр ошол корккон нерселеримди маңдайыма жазган экен. Азыр деле Ренатты жоготуп алуудан корком да, кайра аны жек көрүп кетем. Себебин өзүм да билбейм.

«ТИЛИМДИ ТИШИМЕ КАТЫП ТИМ БОЛОМ»
-Ренат акыркы күндөрү катуу сүйлөчү болду. Ал айткан сөздөр менин жүрөгүмө кандай оор тиерин сезбесе керек. Айлам канча, тилимди тишиме катып тим болом. Бирок мындан ары минтип жашагым келбейт, күнөөлөрүмдү ойлоп, Кудайга тобо келтирем. Кайра «кантип кечирилсин, бир үй-бүлөнү бузуп, эки досту ажыратып, никем жок, бир адам менен жашап жүрсөм?..» деген ойлорго думугам.
Көп ойлонуп, бүгүн эртең менен бир чечимге келдим. Ушул жумада Ренатка айтпай башка шаарга кеткени жатам. Ошол жактан жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет. Ата-энем мен экенимди билишпесе да, гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Апа, мени кечир! Мен силер ойлогондой кыз болуп чоңойбодум, силердин ак эмгегиңерди актай албадым! Акырында кыздарга айтарым, жеңил ойлуу болбогула, ар бир кадамыңарды ойлоп баскыла!

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(117)
15.06.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тантыраган эркектердин созун соз дейсинерби?эмнелерди айтып жатышат?
13.07.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tamar, еркектердин баарын бир бет кылып койдунго андай эместа анда бизда силерди баарынарды ошондой екенсинерда дешибиз керекби бул жашоо адам адашат бирок биринчиси адамдык сапат жашоо токтоп калган жок жаша толька туура тарапка
15.06.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdar iwen4eek bolbogula4y
15.06.2012. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aridan777 абайлап суйло эч кимдин башына барбасын мындай кун. Байкуш турмуштан каттуу адашыптыр. Мээрим сага ийгилик, турмушунду ондо баары алдында жаман адамдардын жаман создорун конулуно алба.Баары жакшы болот буйруса кудайдан калба.
05.08.2012. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pono4ka, kudaidan kalba degen sozuno kandai tuwunsok bolot?
15.06.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул калп эле токулган болуш керек. Канткенде да биздин сулууларыбызга сабак болсун деп токулган. Урматтуу сулуулар арабызда мындай окуяга чынында туш келегндер бар, ал эми жакшы жургондорго этият болгула демекчимин. АЛЛАХ баарын коруп турат. Жашынып кылсак да АЛАХтан жашыра албайбыз. Келгиле чыныг кыргыздын кыз жигиттери болобуз.
02.09.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu Jigit, ey kalp emes,minday ishter toltura bolup jatpaybi moskvada
15.06.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aridan777 Уялбай экинчиси торолот деп коесузда!!! А сиз семьянызды ойлодунузбу???????
15.06.2012. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayali bar turup erkekter kantip bashka kizga barat bilbeim,tushunboim.jiyirkenichtuu emespi?
ayalim bilbeit dep oiloit okshoshot,akir ette Allanin aldinda baari achikka chagat osholdo uyalganindi aitpa Allanin astinda jana omurluk jubaiyndin mandainda.erkekter bir az siler da iymanduu bolsonor.kiz mandainda chechinse kiyintip koigonun tuura shaitanga azgirilbai.Allla iyman bersin baaribizga
15.06.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akili jok kyz eken. Kudai saktasin!
16.06.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmushta ar nerse bolot owonu kotoro bilish kerek.Baktyluu bol myndan ary adashpaganga areket kyl saga ak jol.
16.06.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
no comment))
16.06.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,окунучтуу! Болоор иш болуптур! Бул беш кундук жалган жашоодо куноосуз,катасыз пенде бар болду бекен?! Мындай азгырыктарга канча кыздар белчеден малынып,тунгуюктан чыга албай отурушат? Бул же ал куноолу дегенден мурун, кетирген каталарын сабак катары кабыл алсак. Кыздардын, айрыкча мигрант кыздардын дарегине айтылган создор зажгли кейитпей койбойт. Кыргызымдын кыз-жигиттери эн биринчи озубуздон баштасак, Ар бир пенденин журогундо ыймандын нуру чачса экен!
16.06.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт баары жанылат бул жашоодо.
16.06.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешенеге жазгандан качып кутулбайсын эн жакшысы ойлонуп кадам ташта бир иш кылаарда бринчи учурда жаман жагын ойлогун
16.06.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жаны барактан баштай албайсын башы жок. сеники аягына чейин ачылып окулуп бутуптур
18.06.2012. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jhanibek, Адамга жакшы умут бериштин ордуна,эмне учун олумго чакырасынар,ошол кызды ошончолук кордогон кимдер болуп атат,эркектер да!Кайтар дуйно дейт.
17.06.2012. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай кыздардан кудай сактасын,эми бироону алдап тийип аласын да КР келип эч нерсенди билгизбей жашырып.дура ты
17.06.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык эле кыздар андай эмес адамдын озунун акылы болуш керек ко
17.06.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шуркуя андан башка соз жок!
18.06.2012. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец кеч болсо да ойлонуптурсун. Бизде канча кыз журот дагы деле ойлонбой ар кайсы байлардын акчасын ээрчип... Ошон учун кичинекейинен тарбиялаш керек кызды да баланы да...
18.06.2012. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коп кайгырба,баары ж4кшы болот жаш экенсин.Аа сени алдаган,ойноткон эркектер мындан кийин жакшы жашоодо жашашпайт коросунго.Тагдырга аргасыз баш ийебиз,бирок бари бир Аллах кечиримду бактылуу болосун.)
18.06.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх адамбыз да, тарбия, тарбия дейбиз, бирок озубуз да ойлонушубуз керек го. Эмнеге чогуу жургон достордун улам биринин койнуна кирет. Ата-энеден акча сураган намыспы, анан жап-жаш туруп эркектерди алмаштыруу намыс эмес??? Жок болсо ал убактылуу нерсе го. Деги балдарга ыйман берсинчи кудайым.
24.06.2012. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер андай дегенинер менен алар деле балдардай елего акча кармап кийингиси келеткоо дейим... Анткени аял затынын кийим кечелери деле жаман кымбат ото еле... Ошго аял затыны сыйлоо керекко дейм ... Озунун тошок оюнуга колдонгон еркектерде деле куноо ... Мен девушкамы андай кылганды жаман кором ..обуп жытталашсам деле никесиз ата енендин макулдуулуугуусууз анткенге деле болбойткоо дейм... Кудайым жакшы жашоону берсин бааарына
24.06.2012. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умуттун шооласы узулбойт дейт!акмактары болсо да,Албетте тушунгон чыныгы жигиттер коп кыргыздын!Бешенене жазган болсо жоолугасын бир кун,! Бир гана откондон сабак алып,кайталабай жашаасан болду!Албетте бирок созсуз кылган каталардын жообун аларынды да унутпа!
26.06.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar adam baarin kayra bawtoogo ukugu bar,ssen da mumkun emi kayra minday kata ketirbeyttirsin,kiyin bolo4ok kyuon tuwunot 4igar!!!!!baari buyursa jakwi bolot dep kudaydan umutundu uzbo
20.07.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ары жок десе
26.07.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качандыр бир кезде уй-булон болор ошондо тушуносунор
10.08.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намысынды алдырган сон баарын кайра баштасан да окшобосо керек.Бирок турмушта эмнелер гана болбойт.Озуно деги эле баардык кыздарга сабак болду деп ойлойм.Озунду таштабай кучтуу бол!
17.09.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосуно бушайман болуу,тооба кылганга барабар дейт.Ошондуктан жараткан Аллааны эсинерден чыгрбагыла урматтуу достор.Меерим озуну антип кыйнаба,Аллаа жолуна тушсон баары жайында болот,кеч эмес.
01.11.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кой, тур" деген адам болбосо, ушундай болот да.Бири менен анан экинчиси менен, чын эле женил ойлуу экен. Дагы кийинкиге барбай, Тимур менен тил табышып кармап калса болот.Жаны барактан баштаса, эмне анысы билбей калчуу беле? Бирде болбосо, бирде соз жетет.
12.02.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ, кыздар..., терен ойлонуп иш кылсанар боло..., кыз баланын ою кыска болот деген чын да. Башка шаарга барып жашоонду башынан баштайм дейсин.., ты не можешь забыть негативного прошлого.. Ты прощала всех, но только не себя...
26.02.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шуркуя деген балага айтаарым сен да уйлоносун кыздуу болосун.
08.01.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ката кетирип,сабак албай эле,усту-устунон ката кыла бергенсин го,эми болду,мындайга барба!Эч качан!Эч качан!эркектерди постель менен кармай албайсынар,кыздар!Эртеси куну сенден жийиркенип басып кетет,женил ойлуу экен деп.Ошол учун никеден кийин гана баргылачы андайга...
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо