№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
(Башы өткөн сандарыбызда)
Тумар үчүн Уланды көрбөгөн үч күн үч жылдай туюлду. Жаннаттан уккан сөздөр көкүрөгүн өрттөп жатты. "Чын эле ушундайбы?" Чындыкты бетме-бет отуруп уккусу келгендиктен, Уландын телефон чалууларынын бирине да жооп берген жок. Трубкадан үнүн укса ыйлап иймек. “Деги тынччылыкпы?” деп Улан байкесине улам-улам чалып, сүйүктүүсүнүн жоругуна түшүнө албай бушайман. Жаныбек менен сүйлөшүп гана жооп алып турган. Үйдө Тумардан башка эч ким жоктугун билген Улан кирип кирбей жатып:ххх
Күндөр өтө берди. Жаннат бир күнү Уланды Тумарга жамандаса, бир күнү Тумарды Уланга жамандап, экөөнүн ортосун суутууга аракети күч. Сүйүшкөндөр Жаннаттын эмнени көздөп жатканын түшүнүшүп, жөн гана аны угуп койгондору болбосо, сөздөрүнө маани деле бербей калышкан. Акыркы мүнөттөргө чейин “экөөңөрдүн баш кошууңарга баары бир жол бербейм” деген Жаннат үйлөнүү той башталганга чейин күрөштү. Акыры айла жоктон тагдырга моюн сунуп, эки жашка бакыт тилеп отуруп калды. Бирок баары бир балдарын ойлоп жан дүйнөсүн куюн аралап турганы турган.
Көптөн күткөн той күнү да келип жетти. Самат менен Айжамалды татына кийинтип коюшкан. Той өтүп жаткан залда экөө куушуп ойноп жүрүшөт. Кубанычтарында чек жок. Улан менен Тумардын тою болорун уккан күндөн бери эле бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн болчу. Анан да Улан экөөнө “эми мындан ары Тумарды эже эмес, жеңе деп айтасыңар” деп үйрөтүп койгон. Ошондон бери жеңелеп жанынан чыгышпайт. Чакырылган коноктордун баары келишкен. Маараке ойдогудай өтүп жатты. Бир гана Жаннаттын тойго келбегендиги өкүнүчтүү.
Кызынын көздөрүнөн бакыттын нуру чачырап тургандыгын көргөн апасы, бир туугандары бир сыйра жашып алышкан. Анан да апасы кубанганынан улам-улам эки жаштын жанына басып келип, күйөө баласы менен кызынын маңдайынан сүйүп, түгөнбөгөн тилектерин айтып, алкап-жалкап жатты. Улан тараптан келген коноктордун да кубанычында чек жок. Ошентип, той ортодон ооп калган кезде сырттан сылтып басып Жаннат кирип келди. Артынан күлүмсүрөп Жаныбек келатат. “Жаныбектин аялы Жаннаттын оорусу катуу дешет. Эмчек рагына кабылыптыр бечара. Доктурлар “аз эле өмүрү калды” деп ачык эле айтып коюшуптур. Шордуу таптакыр эле төшөктөн турбай калыптыр” деген аңыз кептер туугандар арасында терең тараган эле. Бул сөздөрдү уккан киши Жаннатты бүгүн тойдон көрөм деп ойлогон эмес. Андыктан залдын ичи дуу боло түштү. Кыязы, баары бири-бирине “Жаннат келди. Төшөктөн тура албай калыптыр дебеди беле?..” деп жатышса керек. Бүгүн анын өңү суктанарлык. Жаннат атайын тойго камынып апакай көйнөк кийип, чачын жасалгалап, боёнуп да алыптыр. Оорусуна эрте күндө моюн сунуп алган Жаннат көптөн бери өзүн таптакыр каранбай койгон болчу. Анын ошол “оорукчан” жүзүнө көнүп калган Самат, Айжамал, Улан, Тумар бир чети таң калып, бир чети суктанып, кубанып карап турушту. Балдары апалап алдынан тосо чуркаган бойдон жөнөштү. Ал тургай Улан менен Тумар ордуларынан туруп Жаннат тарапка бет алышты. Тумардын көз жашы тыйылбай, курбусу менен кучакташкан бойдон бир топко турганы көпчүлүктү да жашытып жиберди көрүнөт.
– Келгениң үчүн чоң рахмат сага.
– Эч нерсе эмес, бүгүн кантип келбей коймокмун?!
– Рахмат, рахмат сага. Карачы, канча деген коноктор, бирок ушулардын арасында сенин жоктугуң кадимкидей сезилип турган. Эми менин телегейим тегиз болду.
– Бактылуу болгула.
Той бүткүчө коноктор да, жаңыдан баш кошушкан Улан менен Тумар да кубанычтын шарында көңүлдүү отурушту. Акыры эл тарап, жаш жубайлар үйдү көздөй бет алышты.
– Тумар, эми сен менин жашоомдун маңызысың. Үйүмдүн куту, жанымдын тумарысың. Болочокто балдарымдын энесисиң. Сени тапкан бактыма ыраазы болуп турам бүгүн. Экөөбүз бактылуу болобуз.
– Сөзсүз бактылуу болобуз.
(Уландысы кийинки сандарыбызда)
Айнура Болот кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |