Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБИТУРИЕНТТИН ЭСИНЕ! КАЙСЫ КЕСИПТЕРГЕ СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ?

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү престиждүүлүгүнө карап ЖОЖдорго тапшырат. Ошол кезде алар 5 жыл окуган соң кесиби боюнча жумуш таап, иштеп кете алабы же жокпу, ойлоно беришпейт. Учурда жана келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болот? Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, учурда медицина, педагогика, курулуш, компьютердик технология, жеңил өнөр жай, энергетика, транспорт, тоо-кен казуу, туризм, тейлөө тармактарында кадрлар жетишсиз. Сөзүбүз куру болбош үчүн Кыргызстандагы ири компанияларга кайрылып “кайсы кесип боюнча адистерди табууда кыйынчылык туулат?” деген суроо узатып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

“Кумтөр” алтын кенин казуучу ишкананын ММКлар менен иштешүү бөлүмүнүн менеджери Сергей Дедюхин:
– Негизи, биздин ишкана көбүнчө орто кесиптик-технологиялык кесиптеги адистерге муктаж. Оор жүк ташуучу КамАЗдардын айдоочуларына, экскаваторлордун операторлоруна жана ал техникалардын абалын текшерип, оңдогон слесарларга суроо-талап жогору. Бизде транспорт тармагында миңден ашык жумушчу оруну бар. Мындан сырткары инженер, геолог, металлург адистерине да суроо-талап көп.

“Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын кадрларды тандоо бөлүмүнүн адиси Мээрим Сатаева:
– Биздин компанияга, негизинен, техникалык багыт боюнча, маркетинг, маалымат технологиялары жана кардарларды тейлөө чөйрөсүнүн адистери көп талап кылынат. Кадрларды тандап алууда алардын билим деңгээлине жана тажрыйбасына көңүл бурулат жана ошого жараша айлык акы төлөнөт.





“Шоро” компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн директору Оксана Киселёва:
– Бизде дайыма керектүү кадрлар болуп электрик, ширетүүчү, айдоочу, соода агенттери жана ишканадагы жабдыктарды оңдоочулар эсептелет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруу иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Медербек Исмаилов:
– Медицина тармагында анес­­те­зио­лог-реа­ниматолог, хирург, акушер-гинеколог жана психиатр адистери жетишпейт. Айтып кетчү нерсе, айлык акыны көтөргөндө мээрман айымдар боюнча тартыштык чечилген, ал эми жогоруда айтылган адистиктеги дарыгерлердин жетишсиздиги курч бойдон калууда. Буга себеп, биринчиден, үй маселеси, аймактардагы инфраструктуранын начардыгы. Жакынкы күндөрү аталган маселени чечүү боюнча өкмөткө сунуш киргизгени турабыз. Ал сунушта алыскы аймакта жетишпеген адистик боюнча иштейм деген дарыгер үчүн квартал сайын кошумча 35 миң сом көлөмүндө айлык акы кошуп берүү керектигин белгилеп жатабыз.

Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы ке­сип­тик- техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов:
–Учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда кесип­­тик-техникалык билимге ээ адистерге суроо-талап чындыгында жогору. Себеби курулуш, жеңил өнөр жай жана тейлөө тармактары өнүгүп келе жатат. Биринчи орунда курулуш тармагына кесипкөй жаштар жетишпейт. Андан кийинки кезекте ветеринарлардын, тейлөө тармагында ашпозчу, официант, бармен өңдүү кесип ээлери жана автоэлектрик, компьютердик технологиялык адистерге иш орундары көп.


Мына ушундай, бүтүрүүчү. Кесип тандоодо анын престиждүүлүгүнө эмес, ал кесиптин келечегине карап тандагыла.

СТАТИСТИКА

Кыргызстандагы окуу жайлардын саны:
Жогорку окуу жайлары – 50дөн ашык.
Орто кесиптик окуу жайлары – 36.
Баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайлары – 110.
2012-жылы өлкө боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны
71 044тү жана 9-классты аяктагандардын саны 93 319ду түздү.
Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн тестирлөөгө 55 миңге жакын бүтүрүүчү катышкан.
Быйылкы жылдын эсебинен артыкчылык аттестатын алуу үчүн 1998 бүтүрүүчү арыз менен кайрылып, тестирлөөгө 1921и катышкан. Жыйынтыгында алардын ичинен болгону 241и гана артыкчылык аттестатына ээ болуп, калганы тестирлөөдөн өтпөй калган.

Кубаныч Сыдыков
star@super.kg


Кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
09.06.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба кесипти туура тандоо керек башкысы кандай кесип болбосун озунун кызыгуун менен окусан албетте узурун коросун.Анан мындай бир окууга окуп алайын деп окусан, кызыгуу жок болсо албетте дипломун сандыкты кучактап жатып калат.
SUPER.KG видео
11.06.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz. Мен сизге кошулам менда журналистиканы бутком азыр москвада повар болуп эле иштеп журом ошол 7жыл мурунку азыркы акылым болсо фармацевтикага эле тапшырмакмын каерде болбо иш толтура. Быйылкы окууну бутуп жаткан ини синдилер эсинер болсо програмист фармацевт д.б.у.сыяктуу окууларга тапшыргыла азыр инфармационый векте жашап жатабыз. Экономист дипломат болом деп убара болбоула баары бир ал жумуштарга экономист менен дипломатын балдары иштейт
11.06.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуу кымбат окуйун десен акчан жетпейт козду жалдыратып калып каласын, окуйун дегенде козум торт
13.06.2012. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, byudjet jagyna tapshyryp kordun bele? Eger jakshy okusan Manasta beker ele okushat go?
13.06.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, анын тура!
11.06.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медик менен педагогтор баардык жерде жумушка орношо алышат. Айыл жергесинде, шаарда ж.б келечеги бар кесип.
12.06.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jildizka,
Медик болуш учун биринчи мед.академияга отуу, контракт толоо, ардинатура . Экзамендер . 9 жыл. Жашоо керемет!
Ийгилик абитуриенттерге!
11.06.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84 ашпоздорду даярдоочу курстардан окуп, кийин повар болуп иштегендей бол. Анан чоң окуу жайына тапшырсаң болот. Биринчиден курсагың ток болот, акчаң болот, дагы калган проблемаларыңды чечип аласың.
11.06.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asus84 Asul ejen tuura aitat...owon4oluk ele okuunun artynan kubalap okugunuz kelse bizdin universitetke tapwyryp korunuz,beker okuisuz eger turk4o uirongondu kaalasanyz.kirgizistan-turkiye "manas" universitesi www.manas.kg toluk maalymat algynyz kelse,nuuu esli 4to hotite kone4no...
11.06.2012. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МЕн чет тилдикте 5жыл окуп эч жерде иштегеним жок,журом го РОссияда.
12.06.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merim,
Котормо агенттигине иштесениз болмок, Бишкекте . Мен 6 баракты которгону алып барсам ар бири 300 сомдон экен.
14.06.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merim, Азыр ошондой заман, артында котормолоп турган адам болбосо окуу жонундо ойлонбой эле коюш керек. Менда Россиядамын:(
24.03.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vinchester, ен туура котормологон адамынболсо калганы болот
12.06.2012. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элестетип жатам,мен официант же повар болуп окудум дейли-кайсы кафе мага 20 000 сом айлык толоп бере алат бир ай дем албай иштесем?.
12.06.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sa9g_90,
Шеф повар болсон, неге толоп бербесин.
12.06.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектепте жакшы окуп. ЖРТ (ОРТ)га жакшы даярданып, жогорку балл алсан эле болду. Каалаганына отуп окуп, кеткенге эчким тоскоол болбойт.
12.06.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
online,
Туура айтасын! Мектептен башташ керек кесипти. Анан эптеп бутуп алып, жогорку билимди албай туруп, кайдагы айлыкты талап кылышат. Жалкоо болуп кеткенибиз менен ишибиз жок эле.
SUPER.KG видео
12.06.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени кино тармагынан башка эч бир кесипке тырмакчалыкта каалом жок! Ал эми киного болгон каалом, бул дуйнодон чон.
12.06.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башын иштебесе .колун менен бутундун шору дегендей.окуш керек Абитуриенттерге ак-жол...
13.06.2012. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwi kenewter
13.06.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн негизгиси турмушта пайдасы тие турган кесипти танданызда. Авторитетине эмес келечекте пайдасына караныздар!
13.06.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн пайдалуу маалымат.
14.06.2012. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84 men manasta okuym kolumdan kelishince jardam berem bizdin univerge dayardansan bolot biyil jetishpesen emki jili tapshirasin
14.06.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туризм тармагына да кадрлар жетишпейби? Туризмге окусам, анда бюджет барбы экен...
15.06.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde azyr medikter menen militsialar koboiup ketti nu u kogo den'gi est' okubasan dele lyuboi ishke alishat
15.06.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен окуган IT (информационные технологии) талаптуу экен суйунуп калбадынбы) окуп бутуп кыргызстанга барганда сразу эле Меакомго барайын анда)
16.06.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dostor. "birok" degen tyrmak4ada bar baary bir. sebeb JOJ lardyn bilim jokko ese. katuu tiyse ke4irester ((((
17.06.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досторум айылдан мектепти бутуп,еле Москвага келишип япондордун ресторандарында еч кандай билими жок еле повар,шеф повар,офицант болуп иштеп айына 25-45мин рублъга чейин таап жатышат!
17.06.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzbekov, канчага чейин Москвада иштешет андан коро билим алганыар он !
Бул созду силерге коп нерсени билген,коргон киши жазып жата!
18.06.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
копту коргон киши,сеники да туура албетте окуш керек акча табылат!
SUPER.KG видео
22.09.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дипломун бергенден кийин адистер оздору болуш керек деп ойлойм кайсыл тармакка жетишпей жатса!
23.04.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турк орус деп эле башка жакта окуп ошол жакта калып кетбей кыргызстаныбызды онуктуролучу келечек студент достор
16.09.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тандаган кесибиме жана озумо ишенем.Буйруса КР нын Бажы козомолун озум колума алам.
25.12.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас эн жакшы университет. Бекер жана заманбап. http://manas.edu.kg
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо