Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАНАР ЖЫРГАЛГА ЖЕТТИ

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2010-2011-жылдын супер телеалпаруучусу» Жанар Акаев 2-июнь күнү үйлөндү. Келинчеги Жыргал өзүнүн эле кесиптеши. 26 жаштагы Жанар Алайдын кымыз жыттуу баласы болсо, 22деги Жыргал Аксынын айпериси. Эмесе, журналист жуптардын ак тоюнан сөз баштайлы.

ЖУРНАЛИСТ ЖУПТАР БАЯНЫ

– Куш боо бек болсун, жигит!
– Рахмат!

– Жанар, үй-бүлөлүү жашоо жыргал бекен?
– Жыргал болуп жатат, ооба (күлүп). Бирок үйлөнгөндөн кийин экөөбүз толук кандуу жашап жатабыз деп айталбайбыз. Тойдун эртеси айылдан келген конокторду узаттык. Аларды тоого алып чыгып, ойноттук. Мындайча айтканда, туугандар үчүн эле жашап жаткандайбыз. Анын эртеси виза даярдаганы Астанага жөнөп кеттик. Үйгө келип эле силердин редакцияга жөнөдүк. Тамак деле ичелекпиз.

– Анда бал айын Казакстанда өткөрдүңөрбү?
– Эми бал айы деп айталбайбыз. Шаарды кыдырып, анан өзүбүздүн жумуштар менен жүрдүк.
Жыргал: – Сөзүнөн кармап калайын, бал айын, буюрса, Венецияда өткөрөбүз. Өзү сөз берген.
Жанар: – Мен саякатты жакшы көрөм, буюрса, бир канча өлкөгө барганга ниеттенип жүрөм.

– Ат араба менен Бакыт өргөөсүнө бармакчы элең, байкасам, ат арабаң автобуска айланып кеткендей.
– Ат араба менен барайын деп деле ойлодум. Сонун аттар деле бар экен. Ошол идеям жакшы болчу. Бирок шаарда ат араба менен тойлоп жүрсө, автотыгын болуп кетчүдөй. Мен үйлөнүп жатат элем деп аппак болуп ат арабада жүрсөм, элдин баарынын жинине тийбейин дедим. Автобуста эле айландык.
Жыргал: – Биз өзү чачып-төкпөй, тыкан эле, бул жактагы жакын туугандарды чакырып өткөрөлү дегенбиз. Көпчүлүккө жар салбай, «технично» эле үйлөнүп алалы деп жүргөнбүз. Бирок кыргыз салты менен кыргызбы, билбейм, улууларга жеңилип калдык. Тойду өзүбүз уюштурдук. Бизде кат-каттап машиналарды артынан ээрчитмей деген жок болду. Андайга Жанар да, мен да каршы болдук.
Жанар: – Ашыкча чыгымдын не кереги бар? Куда-кудагыйлар бири-бирине кийит кийгизмей дегенди, калың бермей деген салттарды жасаган жокпуз. 30 адам менен тоого чыгып, чакан тойчук жасап өткөрүп коёлу деп ойлогом. Туугандарым болбойт «ой, мен баланчанын тоюн жегем, мен ага мынча акча алпаргам» деп, кыскасы, «алыш-бериш деген бар» дешти. Бир чети туугандардын кеп-сөзүн укпай коюу болбоду. Чынында, той өткөргөн жаштар өзүбүз эле кыйналмакпыз, ошентип отуруп бир топ чыгымдарды жок кылдык. Балдар айтышты, «дос, менден Жип, менден башка машина» деп. Аларга айттым «ай, жок, мени жакшы көрөсүңөр, билем. Койчу, жөн эле өткөрөм» дедим. Жип менен эмне, шаарды аралап токтотуп коёбуз, ашыкча чыгым. Ошентип, досторум автобус жалдап келишти. Сүрөттөрүбүздү чыгарып, чаптап, ичин жасап алдык. Автобуста кайра жакшы экен, кенен, жеңелер, достор болуп ырдап-бийлеп бардык.

– Ким өкүл ата болду?
– Өкүл аталыкка Султан Каназаровду койдум. Ал аябай жакшы жигит, мыкты журналист да. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы. Бирок мен анын кызматына кызыгып койгон жокмун. Экөөбүз башынан эле жакшы пикирдешпиз. «Азаттыкта» иштеп жүргөндө мени ага окшоштурушчу, сүйлөгөнүбүздү да. Мага ага катары дайыма кеңешин айтып келген калыс жигит.

– Ар жердин салты ар башка, Алай менен Аксынын салты кандай болду?
Жыргал: – Салт салт менен экен. Көп нерсе адамдын өзүнөн окшойт. Жаңыдан куда түшүп барат дегенде Жанар экөөбүз чочулап жатканбыз, баары бир Аксы менен Алайдын салтында айырма болсо керек деп. Анан эле чалышты, баары жакшы дешип.
Жанар: – Алайдан делегация Аксыга барган деп кой. Кудайга шүгүр, бири-бирин өмүрү көрбөгөн эки жак жылуу кабыл алышып, аягында тууган болуп чыгышыптыр. Тойдо ата-энелерибиздин ынак болуп жүргөнүн көрүп, кубанып калдык. Кээде салт кармабайбыз деп ашыкча батышчыл болуп кетпедимби деп ойлоп коём. Мен Жыргалдын үйүнө баратам, бутумда кроссовка, жынсы шым деп кой.

– Канча киши келди, эмне белек берди дегендей?..
– 200дөй киши чакырдык. Белек алдык, көбүнчөсү акчалай. Анан тойдон кийин минтип үйдө деле болбогон соң бизге түшкөн белектерди кандай белек, эмне белек деп ачып көрө элекпиз. Тойдо Ширин Айтматова Чыңгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.

– Мындан бир топ убакыт мурун маегибизде «кызым жок» дей койдуң эле, кийинчерээк Жыргал «сайгылады» бейм, ээ, ачыкка чыга баштадың?
– Ха-ха-ха, анда мындай болгон да. Жыргал экөөбүз ошол күнү урушуп кеткенбиз. Элдин баары ойлойт экен, мени күлүп эле жүрөт деп, жок, менин да ачуум бар да. Анан «сүйлөшкөн кызың барбы?» деп сураганыңарда айтайын деп айталбайм, көкүрөктө жанагы ачуу тарай элек да! Жумушка барсам, жайнаган «Супер-Инфо». Жыргалга көрсөтпөй каттым. Эжелери окуп айтышкан экен. Анан кайра кечирим сурап абалдан чыккам.

– Прагага аттанганы турасыңар, сапарыңар байсалдуу болсун. Бактылуу жаштардан болгула!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Жанар Аaкаев: "Калың бербей үйлөндүм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(89)
12.06.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайын кутуп корчук,кызыктуу алып барчу шашып суйлосо да.жаныдан которулуп келатабыз каяктагы олколорго салыштырган болбойт. Америка,Москва 1 кундо курулган эмес!Озунор кыйратып койгонсуп MiraHon суйлой бересинер да,минтпейби,тигинтпейби деп.
12.06.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой айланайын форумдун ушакчы кемпирлерииииии.......
Табылбай турган экен дааа ушакка тема.
Экөө тең жапжакшынакай эле болуп турбайбы.
Бир жолу айткыла эми "жоолук салынып,бизге жүгүнбөдү" деп.
Кармашкан колдоруңар үзүлбөй, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жүрө бергиле.
Алдыңарды мал, артыңарды бала бассын!!!
SUPER.KG видео
12.06.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тою дагы не обычный болуптур го э автобус менен. мен дагы кошулам 100% чыгымды азыраак кылганга.
12.06.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула кандай сонун
12.06.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"It uroo beret, kerben juroo beret"- demekchi Janar, Jyrgal kandai bolbosun eng negizgisi saga jaksa, sen oshol tandagan adamin menen baktiluu, kudai kalasa. Elder suilop kala beret. Bir jaginan suilogonu dagi jakshi. Kobu saga jete albai, ichi kuigonundon, suilop suilop kala beret.Kiskasi Baktilu bol!!!
Eng jakshi sapatin: menin oyum boyuncha kop izdencheek, tirishchaaktigin. Kalgan suiloo etikasin, bilimdi oshol tirishchaaktik menen dagi jogorulatasin degen oidomun. Ordunda turbai, a
12.06.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!Автобусту сонун ойлошуптур мага жакты
12.06.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы мага аябай жакты кудайым окшоштордуу бириктирип койот демекчи жанар мн жыргалды аябай окшоштурдум мындан ары бактылуу болушсун
12.06.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula....
13.06.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоюнуздар оригиналдуу болуптур. Кармашкан колунар узулбой. Омур бою бирге омур сурушунорго. Чын журогумдон тилектешмин...
13.06.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бактылуу болгула Жанар азаматсын
13.06.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да freid дин оюуга кощулам. Колуктун анча деле суктанаарлык эмес экен, таарынба!
SUPER.KG видео
13.06.2012. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy janylyk, ulgu korsotup ketiptir az chygym m-n dele "shikarnyi" toi boloorun, baktyluu bolushsun,jany kelinchek shlyapanyz jakshy eken, birok jarasha berbeptir go..
13.06.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу таалайлуу болгула!!!
SUPER.KG видео
13.06.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
13.06.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага негизи Жанардын алып барганы жакпайт, кээбир жерлерден дооруп суйлоп коёт бирок келинчеги аябай жакшынакай, орду менен суйлогон адам корунот. Эми бактылуу болсун дечи бирок пара эмес деп ойлойм.
14.06.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Ким эмне деп айтат айта берсин, башкысы бири-биринерди жактырсанар болду. Ар кимдин табити ар башка, бироонун жашоосуна кирише бергендер туура эмес.
14.06.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боон бек болсун!!!
15.06.2012. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жанар байке мн келинчегин сары челектен тоюна бир жума калганда коргон элем.негизинен мага жанар байке абдан жагат,экоо менимче сонун паралар,ылайым бактылуу жубайлардан болгула
SUPER.KG видео
15.06.2012. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janar baike sizdin tilinizden 4an 4ygat go? a9bai da bat suiloit ekensiz JUDOP KAKAP degeniniz jakty. baktyluu bolgula!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
15.06.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иним, келин экоон бактылуу болгула, кармашкан колунар туболук болсун, келечегинер кен, бала-чакалуу ата-эне, бир туугандар менен аман болгула. ТАТТУУ омур сургуло!!!
15.06.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurka_85 эмне деп жазып койгонсун?"Алдынарды мал бассын,артынарды бала бассын"- деп,жазып жатканда кичине ойлонуп жазсан."Алдынарды бала бассын,артынарды мал бассын!"-деп жазсан.
15.06.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне дейбиз бактылуу болгула кармашкан эки жаш
16.06.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!
16.06.2012. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгулаааааааа !!!!!!!!!
17.06.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
17.06.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgulaaa !!! maga kuyoo boluptur da .bar bolgula
17.06.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birok bizdin kochodo 100000 ming kalyng beriptir degen kep bar
17.06.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанарбек курдаш бактылуу бол ийгиликтерди жарата бер,алга умтулуу умутун очурбо
18.06.2012. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talkovyi nerselerdi jazsanar bolo Super-Info......betke aitkanymdy ayip korboittursunor!!!
SUPER.KG видео
20.10.2012. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актылуу болгула
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо