«Тамашоучу» Жеңиш Майрамбек уулу: «РЕВОЛЮЦИОНЕРМИН, УРУШ МЕНИН АЙЫМДАН ЧЫГАТ»

№501 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.

“Тамашоунун” 4-сезонунун вице-чемпиону “Моника Беллуччи” командасынын "фишкасы" – сөз жок Жеңиш. Ал – сахнада ар кандай окуяларга кабылып, чалынып-чулунуп эле жүргөн жүдөө, мажүрөө адамдын образын жаратканы менен, жашоодо тамашакөй жана жөнөкөй,тың бала.

Аты-жөнү – Майрамбек уулу Жеңиш
Туулган жылы – 1990-жыл, 10-май
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу
Ойногон командасы – “Моника Беллуччи”
Лакап аты – Сквозняк (турган жерден жок болуп кетет)
Салмагы – Айтпайт! Уялат!
Бою – Эки жарым Мирлан Баеков
Хоббиси – Арыктоо, диета кармоо
Фобиясы – Рентген (таластык болгондуктан)
Кошумча өнөрү – Ишендирип тамашалай алганы
Өзүнө жаккан тамаша – “Чачтарач” – ал шедевр да!"

– Жеңиш, адатта маектешти чакырып алып көпкө күтөбүз. Сен чакырылган саатта кирип келдиң, дайыма таксыңбы?
– Негизи, мен кечигип эле басып жүрөм. Бирок “Супер-Инфо” чакырып калгандан кийин аябай даярданып, эрте келгенге аракет кылдым. Ойлойм, жөнөкөй кишилер гезитке чыга бербейт деп.

– Футболду жакшы ойнойт экенсиң. “Супер-Инфонун” кубогун алууга жакшы эле аракет кылдыңар...
– Аябай даярданып келдик эле, окшошпой калды.

– Эмнеси окшошпой калды?
– Никита окшошпой калды. Баары кыргыз болуп, Никита эле орус болуп калбадыбы. Анан дагы семиз дарбазачы дүйнөлүк стандартка жатпайт.

– Жеңилип калганыңарда кандай абалда болдуңар?
– Чынын айтсам, ыйлагыбыз келди. Негедир май айында көп ирет ыйлагым келип жүрдү. Футболдон жеңилип калып, “Тамашоунун” финалынан 0,1 балл менен утулуп калып ыйлагым келди. 10-майда туулган күнүмдөн кийин ичип алып ыйлагым келди.

– “Тамашоудо” өзүңөргө катуу ишенип алып эле жакшы даярданбай койдуңар окшойт, ээ?
– Биз “стемге” гана жакшы даярданбай калдык. Калганы жакшы болгон. Бирок калыстарга эч кандай дообуз жок. Болгону, чемпион болгон команда жеке концерт коймок да. Бирок биз баары бир өзүбүзгө чемпионбуз.

– Элге таанылып, өзүнчө күйөрмандарга ээ болуп калган мезгилде команданын тарашына эмне себеп болду?
– Бирөө "ойнобойм" десе, экинчиси кошулуп эле "ойнобойбуз" деп чыкканбыз. Бирок мен ичимден кайра эле ойнойм го деп ойлоп тургам. Акыркы оюнда элдин көпкө кол чапканын көрүп, алардын алдында калпычы болуп кайра чыгып алууну туура эмес көрдүм. Ушул бойдон тарыхта экинчи орун болуп калдык. Бирок башка оригиналдуу команда түзүп, аларга жардам берүү оюбузда бар.

– Сахна менен анын артындагы жашоо такыр башка да. Сахна артындагы Жеңиш менен таанышып албайлыбы?
– Мейли. Сахнага чыкканда кадимкидей кумарланып тамашалайм. Башка жактардан өзүмдү карманам. Үйдө иниме өзүмчө эле тарбия берип, байкемин. Кичинекей кезимде өтө шок болчумун. Бир жолу 3 жашымда атамдын чеккен тамекисинин калдыгын алдым да, мончонун артына барып аябай “блатной” болуп чегип отурсам, апам көрүп калып, ооздон ары чапкан. Ыйлаган бойдон бойтоңдоп алып качкам. Тентек болгонум үчүн көп таяк жечүмүн. Азыр токтоомун. Жөнөкөй болууга аракет кылам. Өзүмө өтө жулунбагандыгым жакпайт. Кээде жулунуп койсом, мындан башкача болмок деп ойлоп калам. Физикалык жактан ачка болсом да, жан дүйнөм ток, баары өз нугу менен деп коюп жүрө берем.

– Мектепке барган кезиң эсиңдеби?
– Мектепке үйдөгүлөр 6 жашымда эле берип салышкан. “Кошунанын балдары барып жатса, сен эмнеге барбайсың?” деп. А мен кеч төрөлүп калсам, эмне, күнөөлүүмүнбү? Ошентип, тентек болуп жүрүп окууну да аяктадым. Өзүм түшүнбөй эле “тигинин баласы Юридикалык академияга тапшырыптыр” деп туруп, мен да окуп алгам. Былтыр аяктадым, кесибим бажы кызматкери. Учурда "Бош" компаниясынын мүдүрүнүн жардамчысымын.

– Анан сени качан бажы кызматкери катары көрүп калабыз?
– Окуп көргөндөн кийин кесибимдин эмне экенин түшүндүм. Контрабанданын кандай экенин, героин, кокаиндин жыты кандай экенин билгенден кийин “кой, бажы кызматкери болушум керек” дедим. Буюрса, болом.

– “Тамашоуго” кайтсак. Сахнада “лох” баланын образын ушунчалык келиштирип аткарасың. Жашоодо да ошондойсуңбу?
– Негизи, мааниси жок бир нерсени сүйлөп салсаң, күлкүлүү болот жана элге жагат. Менин ичимде өзүмө окшобогон кызыктай экинчи киши жашайт. Ал экстремалдуу учурларда ойгонуп кетет. Жашоодо болсо, көпчүлүк жерде ачуулуумун. Уруштун баарын мен баштайм, түшүнбөстүктөр менин артымдан чыгат, революционермин. Артымдан балдарды чогултуп алып, “Бакыт кетсин, Бакыт кетсин!” дейм. Анан Бакыт (Осмонканов, "Моника Беллуччинин" капитаны) мени жаман көрүп эле, командада түшүнбөстүктөр болуп кетет. Бирок чын-чынына келгенде “лох” эмесмин, “нопнормальный” эле баламын.

– Сени көпчүлүк “баягы арык Жеңишчи” деп тааныйт...
– Фигурасы 30-15-30 деп койбойсуңбу. Көпчүлүк кыздардын параметрлери меникинен чоңураак. Үй-бүлөдө физикалык “авторитеттери” чоңдор жок. Апамдын фигурасы 90-60-90. Илгери модель болчу, Моника Беллуччинин досу. Демек, породадан эле го.

– Кыздар чалып тийишкен учурларда кутулуу жолуң кандай?
– Жок деп айта албай, азабын тартып калган адамдардын категориясына кирем. Ошондуктан таанышып коём. Андан ашкан сунуштар түшө баштаса, “менин торпогум бар эле, ал жаман көрүп калат” деп айтам.

– Торпогуң ким эле?
– Сүйлөшкөн кызымды айтам да. Аны ушинтип эркелетем. Аты Нурайым. Сүйлөшкө­нүбүзгө 3 жыл болуп калды. Университеттен таанышканбыз. Азыр баары жакшы.

– Ар кандай сюрприздерди уюштурган романтик балдардын катарындасыңбы?
– Башында баарыбыз эле романтик болобуз да. Анткени кыздарга ошол жагат. “Сеткаңа” илинип калгандан кийин каяктагы романтика?

– Маегиңе рахмат! Дайыма ушундай позитивде жүрө бер!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Жеңиш Майрамбек уулу: "Революционермин, уруш менин айымдан чыгат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
09.06.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин сүйгөнүм! Аябай жакшы бала даааааа...
SUPER.KG видео
09.06.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege achpai jatat
SUPER.KG видео
11.06.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жагат да ушул бала :)))))))))))) браво, ийгилик, сен азаматсын. жашоондо да жалан гана ЖЕНИШтер болсун
SUPER.KG видео
11.06.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец школдон эле кыйын болчу. Жакшы бала да характери дагы сонун
11.06.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбайт экем
SUPER.KG видео
11.06.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коз тийбесин
11.06.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик, аябай жакшы аткарат! Азамат!
SUPER.KG видео
11.06.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш - азамат. Бирок алпаруучу кагазды карап, которуп алып кыйналбай эле койсо болмок. "Эмнени жедин, эмнеден баштадын, канттин, ичтин, турдун" деген беш суроону жаттап алыш кыйынбы не? Албетте, отуруп алыш сындоо оной, бирок, бирок да
SUPER.KG видео
11.06.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ханзада туура айтасын, бирок менин да практикаман откон мындай нерселер. жаттап алыш оной эле, бирок баардык нерсени баштаганда адам кыйналат экен.
SUPER.KG видео
11.06.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат,абдан сонун мырза экен,суйлошкон кызын бар экенин айтсан да куйормандарын кобойду ийгилик
11.06.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

vaaai azamat!!!
11.06.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбай экеми
SUPER.KG видео
11.06.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кызыктуу маек куруп бериптирсиз, ийгилик сизге....
SUPER.KG видео
11.06.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир оюнда-"Ай ушу сага доверия жок да " деп Бакыт айткандай, ушундай ролдорду сонун жаратат, анан жарашып да калат го, сонун бала, Моника Белучинин коркун ачкан, Жениш азаматсын ийгилик сага, бар бол аман бол!...
11.06.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn! Daiyma elderge kulku arnap anan ozun da kulup juro ber demekchimin! Negizi maga baardyk Tamawouchular jagat!
SUPER.KG видео
12.06.2012. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да, лидер Бакыт болгону менен "неуклюжий","лох" ролдорун менен Моника Беллучинин коркун сен ачасын! Азамат,браво!
SUPER.KG видео
12.06.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да ушул бала оллло жагат да , азаматсыз))))
SUPER.KG видео
13.06.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналист кыз жылдыздуу экен эээээээээээээ
SUPER.KG видео
15.06.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan jagat maga ushul janish!
SUPER.KG видео
16.06.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок сага алга!
SUPER.KG видео
22.09.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай Жениш байкенин шагын сындырышыптырда 25сомдорун аябай эле алышып коюшса болмок!
SUPER.KG видео
22.09.2012. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай шайыр балдар кобойо берсин!ошондой эле жаш уландарды топтоп "ТАМАШОУНУ" ачкан Эрмек байкеге дагы рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо