ООРУКАНА КЫЙРОО АЛДЫНДА

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Каракол шаарынан орун алган Ысык-Көл облустук ооруканасы бүгүнкү күндө эскилиги жетип, урап калуу алдында турат. 3-4 балл жер титирөө болсо, медициналык кызматкерлер менен оорулуулардын өмүрү коркунучта болушу мүмкүн. Оорукананын кызматкерлери "иштеш керек, үй-бүлөнү багыш керек. Кудай сактасын!" деп өмүрүн тобокелге салып иштөөгө аргасыз. Оорукана облустук болгондуктан, жылдын кайсы убактысы болбосун дарылануучулар толтура болот. Кызматкерлер менен кошкондо 200-300 адам имараттын ичинде болушат. Сыртынан карап эле кокус жер силкинсе, имарат күүлүп түшөбү деген ой жүрөк үшүтпөй койбойт. Ушундан улам оорукананын жетекчиси Кубан Исмаилов менен маектешип көрүүнү туура көрдүм.

– Оорукананын имараты канчалык деңгээлде коркунучтуу абалда?
– Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Кыргызстан дарылоо мекемелеринин ассоциациясынын эксперттери келип, имаратты текшеришкен. Натыйжада "имарат иштөөгө жараксыз, оңдоп-түзөөгө болбойт" деген жыйынтык чыгарышкан. 1968-жылы имарат салынгандан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөө болгон эмес. Жер пайы жок. Суу түтүктөр жарылып, кирпичтер эзилип жерге матырылып бара жатат.

– Имаратты оңдоо же жаңы имарат салуу боюнча аракеттер көрүлгөнбү?
– Мындан үч жыл мурун, Бакиев учурунда эле чуркап баштаганбыз. Ал учурда өкмөт "башка имарат салып беребиз" дешкен. Бирок аткарылган жок.

– Азыр кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
– Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан
6 миллион 300 миң сом бөлүнүп, жаңы салына турган имараттын чиймеси чийилди. Долбоорун чийүүгө эле бир жарым жыл кетти. Чийме бүткөн соң план боюнча имараттын курулушу быйыл башталмак. Бирок быйыл биздин карамагыбыздагы Ак-Суу реабилитациялык борборуна 25 миллион сом берилип жатат. Жакында эле премьер-министр Өмүрбек Бабанов келип кетти. Ал "каражат болсо, эки жылда имараттын курулушун бүткөрүп беребиз" деп сүйүндүрүүдө. Буюрса, быйыл июль, август айларында 35 миллион сомго жаңы имараттын пайдубалын тургуза берели деп жатабыз. Буга акча бар. Албетте, бул иш облустук администрациянын жардамы менен жүрүп жатат.

Айзат Анарбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
24.06.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мен да бул больницада бир жылы иштегем аябай эски имарат.жаны курулуш болсо абдан эле жакшы болмок.бирок ишенбейм салынаарына бул болунгон каражат дагы бир чондун чонтогуно барып тушот го деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо