Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров, ЖКнын депутаты: «ЕВРО-2012НИ» КӨРСӨМ ДЕГЕНДЕ ЭКИ КӨЗҮМ ТӨРТ»

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Футбол боюнча Европа чемпиондугун эркек аттуунун көбү көрүп, айымдар сүйүктүүлөрүнүн мээриминен куру кала баштады. Мындай футбол сүйүүчүлөрүнүн катарында атактуу инсандарыбыз да бар. Атактууларга “кайсы командага күйөрмандык кылуудасыз жана жеңиш үчүн эмнеге даярсыз?” деген суроо узаттык.

ГЕРМАНИЯ
“Немис машинасына” футболчу Азамат Байматов, ырчы Бактияр Токторов, режиссёр Сүйүн Откеев жан тартышат. Германиянын күйөрмандары анын чемпион болоруна ишенип, чемпиондукту оригиналдуу майрамдайбыз деп турушат.

Азамат Байматов, футболчу:
– Германия акыркы 10 жылдан бери өзүн мыкты көргөзүп келгени менен, чемпиондукка жете элек. Бул жолу жетет. Эгер немистер Европанын чемпиондук таажысын тагынышса, менин колумда “Германия” деген тату пайда болот.




Бактияр Токторов, ырчы:
– Германия көп жылдан бери жогорку деңгээлде ойноп келет. Быйыл сөзсүз чемпион болот. Азырынча чемпиондукту майрамдоого планым жок.





ИТАЛИЯ
Кубан Атабеков, КТРКнын спорт баяндамачысы:
– Өзүм мелдешти баяндап жаткандыктан, эч бир командага тарта алган жокмун. Жеке оюмда, Италия финалга чыгат.





Эрмек Нурбаев, “Тамашоу” Лигасынын негиздөөчүсү:
– Менин командаларым – Италия менен Испания. Экөө ойногондо экөөнө тең жан тарттым эле, жыйынтыгында тең чыгып кубантышты.






Канат Асенов, КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы:
– Италия кайтып келди! Эми ал чемпион болсо, чачымды башка түскө боёгонго даярмын.





Ошондой эле...
Ырчылардан Урмат Усенов Орусияга күйөрмандык кылып жаткан экен. “Мурун бир эл, бир журт болгонбуз” деп түшүндүрөт тандоосун Урмат. Ал эми футбол сүйгөн кыздардан “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева Урмат Усенов менен бир пикирде болуп, Орусия үчүн күйүп-бышып жаткан маалы.





ДЕПУТАТТАРДА ФУТБОЛ ҮЧҮН УБАКЫТ ЖОКПУ?
Шоу эле эмес, бизнес, саясат тармактарындагы аттуу-баштуу инсандарыбыз да футболго убакыт таап жатышыптыр. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев спортко кош көңүл карабаган жарандардан экенин билебиз. “ЕВРО-2012де” ал Украина жана Орусиянын оюндарын калтырбай көрүп, укмуштуудай күйөрманга айланыптыр.
Дагы бир депутат агабыз Садыр Жапаров убакыт тартыштыгынан улам футбол көрө албай жатканын айтат: “ЕВРО-2012ни” көрсөм дегенде эки көзүм төрт. Бирок күнү-түнү “Кумтөр” маселеси менен чуркап жүргөндүктөн, күйөрмандык кылган командам “Кумтөр” болуп жатат”,- дейт тамашалап. Ал эми “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековго кайрылганыбызда: “Мен “Европадагы бразилиялыктар” деп аталган Португалияга күйөрмандык кылуудамын. 2004-жылы алар өз талаасында Грецияга утулганда аябай ичим ачышкан. Бул жолу алар ошол ич ооруну жокко чыгарып, Роналду, Нани сыяктуу мыкты оюнчулары менен чемпион болот деп турам”,- деп жооп берди.
Учурда көпчүлүк жердештерибиз Орусияны колдошот эмеспи. “Абдыш-Ата” футболдук клубунун кожоюну Советбек Сакебаев да орусиялыктарга жан тартып жатканын уктук. Ошондой эле “Олимпиадачылар” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Касеновдун уйкусун бузган командалар – Орусия менен Испания. Эгерде бул эки команданын бири чемпион атала турган болсо, “Дордой-2002нин” 10 жашар мыкты оюнчусу Рыскелдиге УЕФАнын ЧЛсынын быйылкы чемпиону “Челсинин” саатын белек кыларын айтты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
18.06.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен испанияга жан тартып атам
18.06.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусия алга!!! Дейин десем алар эчак чемпионат менен кош айтышты.. Германия-Испания 1:0
18.06.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
испания жана португалия чемпион
19.06.2012. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Germani9 4empion bolot Ispani9nyn iti tash 4ainait
19.06.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия чемпион болот...
19.06.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания буюрса быйыл да чемпион болот.
19.06.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
германия алга
19.06.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da orussiyaga jan tartyp atat elem,emi ukrainaga jan tartam,birok bugun bilinet,utulup kalsa italiyaga jan tartam.
19.06.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украинаны Англия итерип таштайт.
19.06.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия супер фаворит!
20.06.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
италия чемпион
20.06.2012. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англия
20.06.2012. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
германия

21.06.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан чемпион!!!...
21.06.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испая Германи Или Португалия алат бирди
22.06.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким утса деле чачын бойотуп татировка кылдырып деген сыяктуу терс корунушторду жасабай эле койолучу кыргыздар
22.06.2012. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруп турабыз кимиси чемпион болот экен. бирок топ тоголок.
22.06.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалиа чемпион!
22.06.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким утса, ал утсун. Бизге эмне Кыргызстан катышпагандан кийин. Кыргызстан футбол боюнча чемпионатка катышса, качандыр бир кезде (үмүтүбүздү үзбөй туралычы), чоң жарылуу болот.
23.06.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КИМИси алса ошол алсын,чын журоктон мага баары бир!
24.06.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу футболду кандай адам корот билбейм.бир топту эле жиндиче талашып эле чуркап журо беришет.кылаарга эштекеси жок эмелер корушот болушу керек
25.06.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассалом аллейкум туугандар,менин ойумча Испания чемпион!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо