Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗ КЫЯЛЫНДАГЫ БОЙДОК МЫРЗАЛАР

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Кыргызымдын сыймыктанчу жигиттери ар тармактан санай келсең, Кудайга шүгүр, көп эле чыгат. Кыздар, кыялыңыздагы мырза төмөнкүлөрдүн катарында болуп жүрбөсүн? Байкап көрүңүз, өтө эле жагып баратса, телефон номерлерин беришибиз мүмкүн:)

САПАР ЭРКЕБАЕВ

Туулган жылы – 1982-жыл, 21-декабрь
Кичи мекени – Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылы
Бою – 175 см
Салмагы – 80 кг
Фобиясы – Суу
Хоббиси – Уктоо
Жактырган жаныбары – Ит
Материалдык байлыгы – Айткысы келбейт
Кандай кыздар жагат – Шыңга бойлуу, толук эмес, жөнөкөй кыргыз кыздары

Бойдок ырчы жигиттердин катарында Сапар Эркебаев да бар. Учурда жүрөгү бош, көптөн бери кыялындагы кызды жолуктура албай келе жаткан мырза «мага жөнөкөй кыргыз кызы эле болсо болду» дейт. А калыңды болсо, кызга жараша төлөйт экен. Эгер сиз армандуу ырларды угуудан тажабай, ырчы мырзага өз колуңуз менен чай берип жанында жүргүңүз келсе, анда ашыгыңыз!

ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВ

Туулган жылы – 1988-жыл, 4-февраль
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөн
Учурда – КТРКнын Жаштар редакциясында баяндамачы, телеалпаруучу
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын кичүүсү. Эрке. Дагы эле апасынын коюнуна жатып алат
Кыздардан – Шайыр, бою узун кыздар жагат. Татынакай, бирок бою кыска кыз көрүп калса, «эх, бийигирээк така кийип алганда» деп коёт
Байлыгы – Блокноту жана калеми
Калың – Эжесине 1000 доллар эле алып келип коюшкан. Аялы эжесинен кымбатыраак болот

Телеалпаруучу Эркинге кызыккан кыздар, апасын жана өзүн сыйлап койсоңор эле, башканын баарына көз жумуп коёт экен. Эсиңизде болсун, «эркектер ашказаны менен» деп коёт го, сиз Эркинге балык кууруп же быштак жасап берсеңиз, жаңыласыз. Анткени ал балык менен быштакты сүйбөйт. «Жашоого көз карашым конкреттүү болуп калганда, 27 жашымда үйлөнөм» дейт журналист жигит. Эң негизгиси, боюңуз узун болсо, Эркинди иштеген жеринен же Пишпек кичирайонунан издеңиз.

СТАЛБЕК ДАРКАНБАЕВ

Туулган жылы – 1987-жыл, 24-март
Жылдыз белгиси – Кой
Кичи мекени – Нарын
Бою – 173 см
Салмагы – 71 кг
Материалдык байлыгы – Сыр тутат
Кыздардагы баалаган сапаты – Ыймандуулук, сулуулук
Спорттук даражасы – Кикбокс боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери
Кыялындагы унаа – Мерседес

Бош убактысынын баары спорт менен өткөн, бир аз бош убакыт табыла калса, атайын курстарга шашкан спортчу жигитибиз Сталбек идеалдуу күйөө болчудай. Себеби ал убактысынын ар бир мүнөтүн пайдалуу өткөргөнгө аракет кылат. Ашканада тамактын түрүн жасай алат, өзгөчө эттен жасалган тамакты сүйүп жейт. «Ыймандуу, тартиптүү, ийкем, өзүнө каранган, татынакай кыздар менин кыялымда» дейт спорт чебери. Сталбекти атайын өтүүчү спорттук мелдештерден, машыгуулардан барып сынап, байкаштырып көрбөйсүңөрбү, кыздар?!

НУРБЕК САВИТАХУНОВ

Туулган жылы – 1985-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Бою – 185 см
Салмагы – 80 кг
Хоббиси – Музыка угуу, баскетбол ойноо
Билими – Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин саясат таануу адистиги
Жашоодо корккону – Жан дүйнөнүн боштугунан, бир орунда токтоп калгандан
Акыркы окуган китеби – Дэвид Иглмен, «Инкогнито»
Кумири – Дэйв Мэтьюс
Билген тилдери – Англис, испан, орус тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – «Yellow Blue Bus» тобунун мүчөсү, актёр, ырчы

Жеке жашоосун талкууга салгысы келбеген ырчы мырза учурда бопбойдок. Айтымында, Нурбекке келбеттүү, кымча бел, жылмайганда жүзүнөн нур төгүлүп, жүрөктөрдү туйлатып ийген кыздар жагат. Чет өлкөдө жашап калган ырчы жигиттин Кыргызстанда канча болору белгисиз, балким, сиз жубайы болуп калсаңыз, чет өлкөдө жашоо бактысы буюрат. Анан да борбор калаабызды «малышка» деп эркелеткен бул ырчы, албетте, сизди андан бетер эркелетеринде шек жок.

АКЫЛБЕК ИРСАЛИЕВ

Туулган жылы – 1986-жыл, 27-июль
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын үчүнчүсү
Учурда – «Миң кыял FM» радиосунун ди-джейи
Кыздардан – Сулуу, кара көз, кара каштуу, узун чачтуу кыздар жагат. Өтө ачык кийинген кыздар жакпайт. «Тили узундардан Кудай сактаса экен» деп тиленет
Байлыгы – Угармандар берген белектери
Өнөрү – Устачылык. Камчы өрөт, жыгачтан терезе, эшиктерди жасай алат
Калың – Таластык кызга үйлөнөйүн десе, калың көп бериш керек экен. «Бере берсемби же башкасын караштырсамбы?..» деп ойлонуп жатат
Ичимдик – Эсин жоготуп көчөдө калган учурлар катталган эмес

Жаныңызда кооз сүйлөгөн романтик бала отурганын элестетиңиз. Анан да куурулган картошканы жакшы көрсө, үй жумуштарын катыра жасаса, андан сонун эмеспи. Ди-джей Акыл өзү көп сүйлөгөндүктөн, аз сүйлөгөн кыздарга көбүрөөк имерилет экен. Жашаган жери Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде же түптүз эле өзү иштеген радиого бара бериңиз.

ЭМИЛ НАДЫРБАЕВ

Туулган жылы – 1986-жыл, 18-январь
Кичи мекени – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Чалма айылы
Бою – 175 см
Салмагы – 103 кг
Материалдык байлыгы – Үйү, квартирасы, унаасы бар
Хоббиси – Машыгуу жана киного тартылуу
Айдаган унаасы – Гольф-4
Өзүнө жаккан сапаттары – Боорукерлиги, ак көңүлдүгү
Жакшы көргөн жаныбары – Ат
Учурда – Бодибилдинг менен машыгат. 25-майда болуп өткөн бодибилдинг боюнча КРнын 21-ачык чемпиондугунда 3-орунду камсыз кылды

Кең далылуу Эмилдин кыялындагы кыз ыймандуу, акылдуу, тартиптүү, иш билги, көп сүйлөбөгөн сулуу экен. Калыңды болсо шартка жараша берет же ошол каражатты кайын журту менен кеңешип, керектүү нерсеге жумшасам деп ойлойт. Чымыр денелүү бул мырза кыздарды колунан эле байкап коёт. Эгер сиз дайыма колуңузга кам көрүп, маникюр жасап, тырмагыңызды таза алып жүргөн айым болсоңуз, анда спортчунун табитиндемин дей бериңиз. Эт менен картошканы кызарта кууруп бергенден тажабаган кыздар Эмилге жубай болушу мүмкүн.

АЗАМАТ АРЫКОВ

Туулган жылы – 1985-жыл,18-март
Туулган жери – Нарын
Бою – 175 см
Салмагы – 85 кг
Материалдык байлыгы – «Azman» студиясы, Субару Форестер үлгүсүндөгү темир тулпары
Өзүнө жакпаган сапаты – Жалкоолугу
Хоббиси – Тамак жасоо
Жактырган жаныбары – Ат жана ит
Кичинесинде актёр болом деп кыялданчу, максатына жетти

«Аят» тасмасынан кийин кыздардын жүрөгүнөн терең орун ала баштаган актёр жигит Азаматтын учурда башы бош. Калың маселесинен сөз кылсак, «шартка жараша, канча көп берсең, ошончо жакшы» дейт. Тамак жасагандан кадимкидей ырахат алган мырзага ашканада тамакка керектүүлөрдү аарчып, даярдап гана берсеңиз, калганын өзү жасап, шилекейди чубурткан даам даярдап берет. Кыргыздын кымча бел сулуулары, Азамат тарбия көргөн, маданияттуу, орундуу сүйлөгөн, билимдүү, шариятты түшүнө билген айымдар жагарын айтат. Андыктан актёр жигит көңүлүңүзгө туура келсе, «шансыңыз» бар.

Назгүл Исакова,
Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Кыздар, чапкыла! Үйлөнүүгө даяр бойдок жигиттер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(59)
SUPER.KG видео
19.06.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aleesia мышык майга жетпей сасык дейт деген макалды билесизби?
SUPER.KG видео
19.06.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул жигиттердин талабы ар бир "нормальный" адамдыкындай эле- анан бирок кээ бири "звездамын" деп коктон кыз издеп журушкондой сезилди- тогорогу топ келишкен кызды кайдан табышаар экен...Арыковго озунчо "опытная" кыз керек го)) баарын билиш керек деп, создай для женщины рай и она будет ангелом дегендей- жигиттер талап койоордун астында ознор да ошондого татыктуу болгула!!!
SUPER.KG видео
19.06.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
да желаю всем встретить свою любовь!!!
SUPER.KG видео
19.06.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
azman,Сизге анчалык эмне болду чычалап?Мен чычалаган жерим жок Мен макоорок да женил ой да кыз эмесмин жанылышасыз мен акылдуу ото татынакай корсонуз козунуз куйо турган сулуу кызмын.ошол сиз жактаган Азамат Артыков женил ой мактаанчак жигит экен.Анын таламын талашпай эле коюнуз жигит деген жигиттей эле болуш керек анан ойсоке кыздарга окшобой мактанып эч ким андан буудай сураган жери жок.буудайын озу иштете берсин.опытный деп суйлогон созун кара дагы ары жок Азаматтын.
SUPER.KG видео
19.06.2012. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
azman,сиз эч кимге баа бербей эле коюнуз ар ким озунун кандай экенин жакшы билет сиздин бааныз эч кимди кызыктырбайт дагы!
19.06.2012. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар кыргызча же орусча суйлонуз жакшы болмок.Жакында ырдаган ырларын да жарымы орусча жарымы кыргызча угуп калабыз го!(каша)
19.06.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат аят киносунан жакшы олжолуу болгондон кийин эле бойдокмун дегенин кандай тушунсок болот.
19.06.2012. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил маникюру жакшы кыздарбы же жумушту аткарган уй.бээни саган жайлоого чыккан билеги жоон кырдарбы? биз тушундук сага билееги жоон кыздар керек деп --туурабы!))))
19.06.2012. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойдоктор келечээгинер алдыда! кыскасы АЛДЫГА!
20.06.2012. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semiiiz korkunuchtuu kyz suluuu manikuru m-n uverrenno kelatat dep koi sportsmenge))
21.06.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peach, пхаха)) в точку
20.06.2012. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga Erkin Ryskulbekovdun tamashalary jakty. Kalem menen bloknot bolgon bayligi. Sonun jigit eken! Kyzdar, Erkin menen omur boyu jashap zerikpeysinger!
SUPER.KG видео
20.06.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ырчы шоумен эмес. бойдоктор эсепке кирбейби?
SUPER.KG видео
20.06.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшынакай эле жигиттер, талаптары деле жакшынакай болуп турат. Кандай гана адам өзүнө жубайлыкка тартиптүү кыз каалабасын? Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Кыздар чычалабай, ошол жигиттердин талабына карап туздөлүшүбүз керек. Ал эми жогорудагы жигиттердин арасынан Нурбек Савитахунов жагат. Мындай билимдүү жигиттердин талаптары да чоң болушу шарт.
20.06.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркиндин жубайынын бою точно 160 смге жетпеген болот болуш керек :-))))
SUPER.KG видео
20.06.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
iii ary joktor siler chynygy Kurmanjandy izdep jurosunorby????1den ozunordu karagylachy smysle janynardy bakkyla anan ui bulonu baga tursanar bolsonor anan uilongulo!
SUPER.KG видео
20.06.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист кең далдуу дейт го...
20.06.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыл байке мен оштук угарманыныз ДАНИЯР сизге ийгиликЮ
SUPER.KG видео
21.06.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еее туугандар келгиле жонгана ийгилик каалайлы анан баарыбыз эле кандайдыр бийкечти же жигитти тандайсынар озунор каалагандай ошол сыяктуу эле ар кимдин озунун багыты ойу башка и баарына жараткан тенинерди насип кылсын анын баарын жараткан билет биз пенделер суранабыз жараткандан а ал озу насип кылат и баарын билет бул ачыктан ачык эле СПОР кылганыбыз бирону жамандаш ойун кара дегенибиз бул чоон катчылыгыбыз эгер акылдуу болсок мындай жаман ой бизден чыкпайт тескерисинен барын жакшыртканга алга
SUPER.KG видео
21.06.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Савитахунов классный!)))
SUPER.KG видео
21.06.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар сен азамат жигитсин анда аялынды современный деп кыска юпка,жынса шортик кийгизип жетелеп жур коргон эркектин баары козу менен зына кылышсын э,Артык байкеден сурсан же мухтар Атаналиев байкелерден...
21.06.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек менен Азамат ничешка балдар кен :)
22.06.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке жагат мага, татынакай, а жеке жашоо кандай болот ар ким озу билет туурабы?
22.06.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн жакын досум Азамат Арыков, анча мынча акмактарга караганда супер го супер
22.06.2012. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbek, krasavchik!!!
SUPER.KG видео
23.06.2012. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азамат Арыков озундун таламынды айбай эле талашыпсынго... Айтайын дегеним azman деген логин озунсунда чынбы? Азамат Арыковдун созуно чычалап алыпсында деп алыпсында озунчо. Айтпасынбы менин созумо деп эле. Бирок, сен аябай 5-6 соз суйлогон адамсында Азамат абайласан боло. Катуу тийсе кечирип кой созум. Бирок, мен чындыкты айттым. Себеби мен сени жакшы эле билемда...
24.06.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке ыймандуу, адамгерчиликтүү адам. Азамат Арыков жылдын мыкты актеру наамын алган. Азамат байке алга!
24.06.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке, сиздин талантыңызды баалайм. Сиз жашооңузда өз теңиңизди таап бактылуу болуңуз. Сизге чыккан жеңебиз бактылуу болот!
29.06.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар брат омурлук жарыныз сиз ойлогондой болсун чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
28.10.2012. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм Нурбек Савитахунов...=))))
09.03.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек Савитахунов красавчик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо