ЧАЧ КЫПЧЫТКЫЧТЫ КООЗДОЙБУЗ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Күн сайын колдонгон буюмдарды өз колубуз менен кооздоп алган кандай сонун! Кыздарга кадимки жөпжөнөкөй темир чач кыпчыткычты кооздоону үйрөтөбүз. Ал үчүн кездеме, кайчы, сызгыч, желим, топчу же мончок, ийне, жип жана чач кыпчыткычты камдап алуу керек.

1. Алгач түстүү кездеме алып, андан эки капталы тең 5 сантиметр болгон төрт бурчтуу кесиндилерден бешти кыркып алабыз.

2. Кыркылган кездеменин эки капталын ичине кайрып бүктөп, калган эки капталын бириктирип, ийне менен тигебиз.

3. Даярдалган беш кесинди бир жипке тизилген соң жипти тартып эки учун бириктирип байлайбыз да, ортосун топчу же мончок менен кооздоп коёбуз.

4. Диаметри 1 сантиметр болгон теге­рек­ кез­демени чач кыпчыткычтан өткөрүп, ага даярдалган гүл түрүн­дөгү кездемени желимдеп же тигип коёбуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
20.06.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кобууроок жазсанар боло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо