Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИНДИЯ

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Саякат

Көз карандысыздык күнү – 15-август, 1947-жыл, (Улуу Британиядан).
Расмий тилдери – Хинди, англис тилдери.
Борбор шаары – Нью-Дели.
Башкаруу формасы – Парламенттик Республика.
Президенти – Пратибха Патил.
Аянты – 3 миллион 287 миң 590 чарчы чакырым (дүйнө боюнча 7-орунда).
Калкы – 1 миллиард 210 миллион (2010-жыл).
Дини – Негизги дини индуизм (калктын 80,46 пайызы) жана ислам (калктын 13,43 пайызы).
Валютасы – Индия рупийи. 1 рупий болжол менен биздин 85 тыйынга барабар.

ЧӨЛҮ ДА, ТҮБӨЛҮК ЖАШЫЛ ТОКОЮ ДА БАР
Индиянын территориясы абдан кең. Андыктан андан тропиктик түбөлүк жашыл токойлорду, ийне жалбырактуу токойлорду, саваннаны, жарым чөлдү, чөлдү жана башынан ак кар кетпеген бийик тоолорду да кездештирүүгө болот. Ушул себептүү жаныбарлар (фауна) жана өсүмдүк дүйнөсү (флора) абдан бай. Лотос, каштан, индия баньяны (анжир дарагы), акация, кедр, карагай, пальма, фикус, бамбук өңдүү өсүмдүктөр өсөт.
Бамбуктун түрлөрү бар. Алар бир гана ирет гүлдөп, анан өлүшөт. Бамбук гүлдөп бүткөндөн кийин көптөгөн аймактар бош калат. Жаш, солкулдак бутактары тамак-ашка керектелет.
Жыттуу жамсинден атыр жана дары-дармек жасоо үчүн эфир майын алышат.
Сандал дарагынын жыгачы абдан бышык, бекем болгондуктан, илгертен эмерек жасалып келет. Бул дарактан тургузулган байыркы храмдардын бүгүнкү күнгө чейин урабай турганы да ушундан улам. Дарактан жыпар жыттуу түтөтүүчү таякчаларды жасашат. Эфир майы атыр чыгарууда колдонулат.

ДЕЛЬФИНДЕР, ЫЙЫК МАЙМЫЛДАР...
Арстандар Улуттук парктарда гана сакталып калса, жолборс, леопарддар дале жунглилерде жортуп жүрүшөт. Гиена (чөө), гепард, карышкыр, керик, маймыл түрлөрү, мангуст, антилопа, пил, буйвол, аз санда илбирстер жана башка жаныбарлар кездешет.
Маймыл-хулокту (ак каштуу гиббон деп да аталат) Индиядан башка жактан көрө албайсың. Ал канаттуулардын жумурткаларын, чөп-чарды, жашылча-жемиш, балапандарды, курт-кумурскаларды жей берет. Ал эми лангур маймылы – индиялыктар үчүн ыйык жаныбар. Алар көбүнчө топ-топ болуп (20-30дай) храмдарды байырлашат.
Токой араласаң, салмагы 170 килограммга, ал эми боюнун бийиктиги 135 сантиметрге чейин жетүүчү хангул бугусуна кездешесиң.
Кобра, питон сыяктуу түрдүү жыландар, курт-кумурскалар да Индияны турактоочуларга кирет. Ганг жана Брахмапутра дарыяларында ганг дельфиндери, ошондой эле гавиал крокодилдери жашайт.
Канаттуулардын түрлөрү көп. Алардын арасынан тоос, каркыра-турна, илек-илекти көрүүгө болот.

ЧАПАТИ ЖЕП, БОЁК МАЙРАМЫН МАЙРАМДАШАТ
Индиянын ашканасы тамактар жана аларга өзгөчө даам берүүчү татымалдарга абдан бай. Имбирь, корица, кориандр, зире татымалдарынын мекени – дал ушул Индия. Абдан жука наны “чапати” (биздеги жупка же чабаты) деп аталат. Палоосу “пулао” деп аталып, күрүч менен жашылчадан жасалат. Шак (куурулган жашылчалар) менен фаршталган жашылчалар көп желет. Көбүнчө койдун жана эчкинин эти колдонулат. Гуштаба (йогурт кошулган тефтели) – туристтердин да баалап жеген тамагы.

  • Кийими. Аялдарынын негизги улуттук кийими – сари. Анын ичинен чоли (жука блузка) жана ылдыйына жука юбка кийилет. Эркектериники дхоти (белден ылдый курчоочу кийим), курта (узун көйнөк), чуридара (этеги ичке ыштан), пагри (чалма) жана башкалар.
  • Майрамдары абдан көп. Мисалга экөөсүн келтирели.

Кумбха-Мела фестивалы. 3 жылда бир өткөрүлүүчү Кумбха-Мела фестивалы 45 күнгө созулат. Индиянын туш тарабынан сыйынууга келген миңдеген эл диний ырым-жырымдарды жасап, ырдашат.
Холи – Боёктор майрамы. Марттын башында баштала турган бул майрам 16 күнгө созулат. Бул аралыкта Индияда болуп калсаңыз, башыңыздан ылдый боёктуу суунун куюлушуна, кийимиңизге да боёктордун чачылышына даяр боло бериңиз. Майрам жаз менен кошо жашоонун жаңырышын даңктайт.

ЫСЫСАҢ ШАМАЛДАР САРАЙЫНА, КЫЗЫКСАҢ ТАШ БАГЫНА БАР
Индиянын кыдырып көрчү абдан кооз жерлери толтура. Айрымдарын мисалга келтирели.

  • Шамалдар сарайы (Хава-Махал) – 1799-жылы Индиянын махараджасы (улуу падыша) Саваи Пратап Сингхдин аялдары үчүн (гарем катары) күлгүн таштардан салынган 5 кабаттуу имарат. Имараттын туурасы кууш жана терезелери көп болгондуктан, шамалдап турат. Аталышы да ушундан чыккан. "Жашоого анча ылайыктуу болбогондуктан, гаремдегилер көчөдөгү майрамды көрүш үчүн колдонушчу" деген маалыматтар бар.
  • “Тирүү” көпүрөлөр. Мегхалая штатынын Черапунджи шаарынын жашоочулары көпүрөнү курбай эле өстүрүүнү үйрөнүп алышкан. “Тирүү” көпүрөнүн ролун каучук алынуучу фикус дарагы аткарат. Анын тамырлары сыртты көздөй өсө турганын байкаган эл тамырларын керектүү багытка багыттап, көпүрөлүү болууну өздөштүргөн. Жакшы көпүрөлүү болуш үчүн 10-15 жыл керектелет. Фикустун тамырлары 30 метрге чейин өсөт.
  • Таш багы. Чандигарх шаарында кызыктай бак бар. Анда өсүмдүк аттуудан эч нерсе жок. Болгону, Нед Чанда деген киши тарабынан таштандылардан (идиш-аяк, кыш, лампочкалардын сыныгы, таштар жана башка) жана цементтен жасалган адамдардын айкелдери бар. Кызыгы, жергиликтүү башкаруучулар Таш бакты 18 жылдан кийин гана байкап, жер бөлүп беришкен. Азыр аянты – 12 гектар.

Индиянын кызыгып көрчү жерлерине көлдөр менен курчалып, сырты мрамор айкелдер менен капталган Акшардхам храмын, Лотос храмын (башкы сүрөттө), Таж-Махалды жана башкаларды кошууга болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Жылдыз гид

Гүлзада: «ИНДИЯДАН БИЗГЕ ОКШОШ АДАМДАРДЫ ЖОЛУКТУРДУМ»

Былтыр ноябрда Индияда Будданын касиети ачылганынын 2600 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк конгресс өткөн. Анын алкагында улуттук-этникалык ырлар боюнча фестиваль болуп, ага бизден ырчы Гүлзада да катышып келген. Андыктан ырчы жылдыз-гид болуп берди.

"ЭЛИ"
– Индиялыктар касталарга бөлүнүп жашашат эмеспи. Төмөнкү кастадагы адамдар аябай эле кедей. Алар күн ысык болгону үчүн көчөлөрдө түнөп, үйү жок деле жашай беришет. Ал эми жогорку кастадагылар бай келишет.
Нью-Дели, Варанаси, Бодх-Гая, Раджгир, Патна шаарларына бардык. Варанасиде Ак бүркүттүн тоосу аттуу ыйык тоо бар. Алардын түшүнүгүндө Будда ошол жерден Кудайдан касиет алыптыр. Жагымсызы, тоого чыгып бараткан жерде кайырчылар ушунчалык көп. Балким, бул алардын жашоо образы, балким, чын эле жетишпейт, бирок кайырчылыктан алар уялышпайт дагы. "Ушундай болуп жашоого жаралдым жана ушинтип жашайм" деп коюп жүрө беришет экен. Жүздөрүнөн кайгырууну да байкаган жокмун.

"САЛТ-САНААСЫ"
– Байлардын үйлөнүү тоюна күбө болуп калдык. Күйөө баланы гүлдөр менен кооздоп, моюнуна акчаларды илип, ушунчалык жасап коюшуптур. Ал мага келинчектен да чырайлуу көрүндү. Кире бериштен ичи гүлгө толтурулган суусу бар дагара көрдүм. Көрсө, аны менен келинчек күйөө баланын бутун жууйт экен.
Сапар учурунда тибеттиктер отурукташкан Тибет кварталы деп аталган шаарчага бардык. Бир ырчысы концерт берип жатыптыр. Ал жерден мен да кыргызча ырдап бердим. Тибеттиктердин сырткы келбети, мүнөзү, тамак-ашы, манты жеп, сүт чай ичкени биздикине окшош экен.

"ТАМАКТАРЫ"
– Төмөнкү катмардагы эл ар кандай инфекциялардан коргонуу үчүн өтө эле ачуу тамак жесе, жогорку катмары ачуудан бир аз качышат. Нандары эсте калды. Алар биздин калама нандарга окшош. Ошондой нанды илгери менин чоң энем жасачу.

"ТИЛИ"
– Биздикине окшош сөздөрү көп экен. Мисалы, "душман, бечара, аста-аста, чабаты, дарбаза, дос" деген сөздөрү бир аз башкача айтылат, бирок мааниси жагынан окшош сөздөр.

"КИЙИМДЕРИ"
– Бүт дүйнөнү Кытайдын кийимдери басып кеткенине карабастан, Индиядан Кытай өндүрүшүнөн чыккан кийимдерди көрө алган жокмун. Улуттук кийимдерин кийип жүргөндөрү жакты. Кездеменин түрү көп. Жибек фабрикасына да барып көрдүм, кызыгып. Сари да сатып алгам. Бул жакта аны кийип жүрө албагандыктан, андан көйнөк тиктирип алдым.

"КӨЙГӨЙҮ"
– Алардын көйгөйү – таза суу. Суу маселесин көргөндө "кереметтүү кыргыз жеринен айланайын!" дейт экенсиң. Биздикиндей таза аба, шаркырап аккан суу жок. Биз беш жылдыздуу мейманканасында болдук. Ушундай мейманканада да агып жаткан сууну иче албайсың, кайнатып да иче албайсың. Даамы башкача. Атайын тазаланган гана сууну ичүүгө болот.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Гүлзада менен Индияга саякат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
16.06.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakkanjok azyrky stili,jasalma kuur4ak bolup algan go,Kanikeige jetpeit kan4a araket kylsa da.
SUPER.KG видео
16.06.2012. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, сонун жеткиликтуу баяндап бериптир.
SUPER.KG видео
16.06.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чачы кантет
SUPER.KG видео
16.06.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульзат дуйно картасын карап койсо жакшы болмок экен, Индияны баяндаганга чейин. Бангладеш шаарында болдук дейт. Ал деген шаар эмес, таптакыр башка олко да, Индиянын жанында. Имиджин озгортуптур мага такыр жаккан жок.
SUPER.KG видео
16.06.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бул кызга озубуздун эле улуттук кийим жакшы жарашат эле бул кебетеси жакпады ото томон!
SUPER.KG видео
16.06.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стили жаккан жок. Мурунку эле стили жакшы болчу. Бирок уну жагат, необычный уну бар.
SUPER.KG видео
16.06.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге стили жаккан жок ырчы деген озгоруп туруш керек. Эмне максатта индияга барды экен ким билет.
SUPER.KG видео
16.06.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stilin ozgortkonun tuura, urchular stilin koburook ozgortup tuuruschu kerek, Gulzada jana Kanukei ekoo ten jagat, konkurent bolboso ech alduga juluu, osyy degen bolboit,unu jakschu, azamat Gulzada chugarmachulugun orkundoi bersin!!!
SUPER.KG видео
16.06.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стилин ар ким озуно жаккандай кылып озгортот да,эми ырчы,артистер элден сурамак беле мага жарашабы жокпу деп,эн алгач чыгармачылыгы бийик денгээлге жетсе болду.каныкей демекчи ал жакшы эле бирок экоонун ортосунда тоо м-н аттай айырма бар ошондуктан мен экоону "конкурент"деп айтпайт элем.ырчыга чыгармачылык ийгилик,ар дайым кыргызстандын атын чыгарып журо берсин демекмин.
SUPER.KG видео
17.06.2012. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ваннадан жаны эле чыккандай го.. Мага стилин алмаштыргандан кийин эле, бул эже жакпай калды.. улуттук, калоритте ырдаган ырлары эле сонун болчу..пффффф....
SUPER.KG видео
17.06.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фууу Мамасадык деген неменин оюу менен боло береби, оз оюн билдирип мен стилимди мындай кылбайм дебейби? Кебетесин кара? Моргдогу мумиялардай болуп. Атын чыкпаса жер ортто болуп калбадыбы. Эптеп эле таанылыш керек.
SUPER.KG видео
17.06.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy yrdait,talantty bar,birok chachy jakkan jok
SUPER.KG видео
18.06.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Salam, salam! "Yrchy Gulzada alysky virtualduu saparyn jabyk dep jaryialady"- bolmok bele, toobo, tuura emes suilop koiuptur.)
Al emi Gulzada aiymga kelsek, ooba, jany ele MONCHODON chykkandai bolup, ozunu ayabay elestetip keliptir... Bir az baikasa bolmok. Makul,aman bolsun. Iyglik! Kanykei menen atandashpasa dele bolot. Kanykei bul- kaitalangys, ech kimge ten keldis, ozgocho bir unikalduu, talanttuu yrchy!Kanykei-forever!
19.06.2012. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индия жакшы олко бирок Кыргызстанымандан жакшы,бир эле нерсени айтайын билим алууга шарты жок мектепке барбаган миллиондогон балдар журот ал эми бизде ,бизде соз жок...
SUPER.KG видео
19.06.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмне болду сиздин стилиниз кобуно жакпады тез озгортпоонуз болбойт го
20.06.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
induizm degen religi9 jok buddizm desener
SUPER.KG видео
20.06.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jer kenen eder! Yrchylardyn baaryna jetet! Ichingerdi keneitkile! Kaikei degen bashka yrchy bashka adam, bul ys dagy bashka yrchy bashka adam. Kalp ele osungordun fantasijangardy jasa beresingerbi balanchany je tukunchonu tuurap jatat dep?
SUPER.KG видео
20.06.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul yrchy kyzdy kop taanybait ekenmin,birok kyrgyzcha syilogon soz bailygy en jakshy eken!!
SUPER.KG видео
20.06.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы стили озуно аябай жарашчу,нкукра кыргыз калоритте болуп. Мунусу вообще жаккан жок.Ужжааассноооо!!!
SUPER.KG видео
21.06.2012. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maga stilinin keregi dele jok, al yrchynyn jeke ishi, birok bolgon maegi maga abdan jakty jana kop nerselerdi bildim. rahmat!
SUPER.KG видео
21.06.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оператор жакшы жасалгалап, көркүнө чыгарып коюптур. Ар бир нерсени айтып жатканда артынан ошол нерсенин элеси чыгып жатты. Бирок мага Гүлзаданын стили чын эле көп жаккан жок. өзгөчө болсун, бирок...
22.06.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинолуру кызык да.
SUPER.KG видео
22.06.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзаданын негизи стили этника болсо керек, а бирок стильди да этият менен караш керек ,себеби ФРИК да болуп калышу мумкун....
SUPER.KG видео
29.07.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзада сага мындай имдж такыр жарашпайт экен Же Шакирага унун окшош десе эле чачты да окшотуп алгансынбы болбооооооооооооооооооооооооооойт
SUPER.KG видео
01.03.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ванадан жаны эле чыгыптыр
SUPER.KG видео
14.02.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам коркот го кебетесин коруп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо