КЕЛИН БОЛУП КЕЛГЕН КҮНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Элибизде “келиндин келгендегиси эсинен кетпейт” деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Кайсы гана жеңеге, апага же чоң энеге бул суроо менен кайрылбайлы, өз тарыхын жылмаюу менен эстеп, айтып калат. Ал эми элге таанымал адамдар бул жайында эмне дешет?

Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти: “СУУГА ТҮКҮРТҮП, НИКЕБИЗДИ КЫЙЫП ЖАТКАНЫ ГАНА ЭСИМДЕ”
– Мен ушу биринчи сахнага чыкканымды, биринчи балалуу болгонумду жакшы эстей алам, бирок келин болуп келген кезим анча эсимде жок. Отуруп мындай эстесем, анда 18-19 жашта экенмин. Сууга түкүртүп, никебизди кыйып жатканын элес-булас билем. Анан да келин болуп бир да жолу жүгүнбөптүрмүн. Анда салтты баалачу эмесмин. Азыр ошол кезди эстеп, өзүмө бир аз капа болуп кетем. Келин болуп кызмат деле кылган жокмун. Жадакалса үй шыпырганды билчү эмесмин. 20 жаштан ашып барып гана токтолдум. Ага чейин ойноп эле жүрдүм. Айылдагылар “ушундай да келин болобу?” деп таң кылышчу экен. Эң кызыгы, “ырдап кой” десе, кайындарымдын биринен да тартынбастан жаш балача ырдай берчүмүн.

Назира Айтбекова, алпаруучу: “ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ АПАМДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАМАК БЫШЫРГАМ”
– Апамдын жападан жалгыз кызы болгондуктан, аябагандай эрке өстүм, кыз болуп үйдө бир да жолу тамак жасаган эмес экенмин. Үйдө болуп калганда да апам тамак бышырып жатса, жанында сүйлөп отура берчүмүн. Жадакалса пияз туурашып да жардам кылчу эмес экенмин. Турмушка чыктым дегенче эле келиндин башына тамак жасоо деген иш жүктөлөт эмеспи. Ашканага кирдим, толкунданып. Мени менен кошо күйөөм да кирип алган. Баарын аарчып, туурап алгандан кийин «эми эмнесин биринчи салуу керек?» деп күйөөмдөн сурап коём, ал да билбей «менимче, муну болуш керек» деп коёт. Анан айлам кетип, “пиязды куурудум, эми эмнени салам?” деп апама телефон чалдым. Ошентип, телефон аркылуу апамдын айткандарын аткарып жатып тамак бышыргам. «Даамдуу болуптур» деп тамагымды макташкан болчу.

Неля, ырчы: “КАЙНЕНЕМДЕН ЭСКЕРТҮҮ АЛГАМ”
– Келин болуп барганда айылдагылар келинди көргөнү келип, жоолук сала беришет эмеспи. Бир карасам, көшөгөгө жоолук деген үйүлүп кетиптир. Аларды көтөрө албай көшөгө үзүлүп кетпесин деп баарын жыйнап, бүктөп алып койсом, апам келип “жоолуктар канча көп болсо ошончо жакшы, аны азырынча албай туруу керек” деп мага эскерткени бар. Анан кайра илип койгонбуз. Дагы бир эсимде калганы, көшөгөдө отурсам, мени ачка калды дедиби, айтор, Урмат тамак көтөрүп көшөгөнүн четин акырын ачып кирип келген.



Роза Шакирова, ырчы: “КАЙЫН ЖУРТУМА КЫЗМАТ КЫЛГАН ЖОКМУН”
– Менин бешенеме ушундай жазылган окшойт. Келиндик доор сүрүп, кайын журтка кызмат кылган деле жокмун. Жолдошум экөөбүз бул жактан баш кошуп алгандан кийин 4-5 ай өткөн соң гана кайындардыкына баш баккам. Анда да өтүп баратып эле тие кеткенбиз.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
18.06.2012. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нелянын айтканы жакты. Урмат кошогону ачып киргени укмуш жактыда, эх кандай сонун!
18.06.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжекебиздики кыйын болуптур, 2-аял болгондугу учун кадыр-баркка ээ болбосо керек,эч нерсе эмес, бактылуу болсонуз болду. Назираныкы чындыкка жакындабайт го,элементардык нерсени билбегени эмнеси, салат жасатып конок тостуруп жатса бир жон. Неляныкы туура, ишенсе болот.
22.06.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yiku, 2-аялыбы 1-чиби какая тебе разница обязательно жаман бирдеме жасып калыш герекпи..
18.06.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорудагылардын келин болуп келген УНДОРУ сонун экен э?
18.06.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии Неляныкы жакындашат. Ушундай такылдап суйлогон Назираныкы окшошпой турат, кызды кантип ошентип тарбияламак эле, ага даяр болбосо неге турмушка чыгабыз. Биздин менталитет менен баары бир БАТЫШ боло албайбыз
18.06.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba tuura aitasynar nazira aiabai ele apyrtyp koiuptur, kantip piyaz dagy tuurabasyn fantastika go!!!!
18.06.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziranykyna mende bashka kishi ishenbeit da.
19.06.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал эженин жакшынакай келини бар ыймандуу 2 баланын мееримдуу энеси
22.06.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал Сейдакматова не нравится высокомерная она...
22.06.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazira Aitbekovanyn ordoktordu uchuruptur da adatyncha..??????????????
22.06.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazira chyndykty aitkycha elge kalp aitsan ishenmek okshoit .
23.06.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира кантип эле пиязды туураганды билбейсин??
23.06.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НЕля молодец,кыйын кызсын!Алга!
24.06.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diana345 mekendeshim ozundun dengeelinde pikir kaltyrypsyn .Pikirdin arkasynda kandai adam jazganyn uje ele elestetip koidum,ozun syilagan adan bashka adamdy da syilai bilet,bashka adamdyn da oi pikirin syilai bilet,bashkaga syn aittardan murun ozunuzdu syilaganga chykyrat elem.Oozubuzdu kudai jaman sogungon sozdordu gana aitsyn dep berbese kerek,eger syn aitkynyz kelse syndy aita bilish kerek ,oshondo senin synyndy da adamdar uga bilet.Eger kattu aitsam kechirim suraim,bul sizge menden Feedback
29.06.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ee,Naziraga tan berdim!Jada kalsa menin 6 jawtagy sindim salat jasap,tamak bywyrgandy bilet!Baikuw kuioosu menen baidarynyn ele woru!A4kadan olup kalywasa ele boldu!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо