№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
12-июнда Бишкек шаарында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында хореографиялык окуу жайлардын арасында “Ак куу-2012” деген аталышта Эл аралык бий сынагы старт алды. Театрдын режиссёр-балетмейстери Кубанычбек Сыдыковдун айтымында, сынакка Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Орусия, Түркия жана Өзбекстандан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки таланттуу өспүрүмдөр катышышмакчы.
Сынактын максаты – башка өлкөлөр менен болгон маданий байланышты чыңдоо. Жыйынтык боюнча жеңүүчүгө Б.Бейшеналиева атындагы баш байге жана 6 сыйлуу орунга байгелер берилмекчи. Сынак 15-июнда жыйынтыкталат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |