КРнын Эл артисти Каныкей Эралиева: «ОМАР ЭКӨӨБҮЗ ДУЭТ ЫРДАЙБЫЗ»

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Элибиздин сүйүктүү ырчысы Каныкей Эралиеванын ырчылык, композиторлук жолдо байсалдуу сапар кечип келатканына быйыл туптуура 45 жылдын жүзү болуптур. Бул жылдар аралыгында ырчы эжекебиздин обондору менен аткарган ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк тапты деп ооз толтура ишенимдүү айта алабыз. Буга далил катары композитордун эмгеги бааланып, 2009-жылы "КРнын Эл артисти" деген наам алгандыгын айтууга болот. Эске салсак, Каныкей Эралиева жогорку тепкичте турган бул наамды багынткандан бери элге жеке концертин тартуулай элек болчу. Бирок бул күн алыс эмес экенин ырчы бизге кабарлады:
– Буюрса, 16-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жеке концертимди элиме сунуштаганы турам. Бул маалымат элге тарай баштагандан бери үйгө чейин телефон чалып, "ата-энебизди, туугандарыбызды, балдарыбызды алып концертке баралы дедик эле" деп кенен маалымат сурагандар көбөйдү. Ушундан улам "ырларым элимдин жүрөгүнөн түнөк тапкан экен" деп кудуңдап кубанып жүрөм. Айта кетчү нерсе, концертте балдар темасына да кайрылабыз. “Ак Шоола” балдар хору ырдайт. Ошондой эле менин ырларымды белгилүү ырчылар аткарышмакчы. Алар: Курал Чокоев, Лира Раимбекова, Бактыгүл Бадыева, Гүлбү Орозкул кызы, Салима Балтаева, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева жана башкалар. Андан тышкары жаш ырчы Омар экөөбүз дуэт ырдайбыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.06.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун концерт болот экен ! Чет жакта жургондор учун концерттин видеосун суперге жуктоп койгон адам болсо соопко калмак ! Суранабыз !
18.06.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой-ий эжекебиз дагы деле мурунку боюнча жапжаш экенсиз ийгилик сизге!чын эле сайтка жуктоп койгулачы суранабыз.
14.07.2012. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эжекемди абдан жогору баалайм. Мамлекетибиздин эстрадасына кошкон салымы чоң жана андагы даражасы бийик деп билемин. А. Сапаралиев, Р. Абдыкадыров, А. Өзбековдор өңдүү ырчыладын ичинен олуттуу орун ээлеген, мыкты композитор жана чыгармаларын нукура улуттук колоритте аткаруучу инсан. Ишинизге ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо