Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...
№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАДЫ...
- Кыргызстан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар комитетине мүчө болуп кирди.
- Ушул аптага карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 МИЛЛИАРД 568 МИЛЛИОН метр кубду түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 1 миллиард 836 миллион метр кубга аз.
- Бишкекте МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы фонд ачылды. Фонд жыл сайын маркумдун туулган күнүнө карата эң мыкты журналисттерге 100 миң сомдон сыйлык тапшырып турат.
- Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулу 1-сентябрдан тарта 300дөн 500 СОМГО жогорулайт.
- Алтын чыккан жерлерди иштетүүгө жана “Ысык-Көл” аэропортун реконструкциялоого даяр экенин ИТАЛИЯЛЫК ИНВЕСТОРЛОР билдиришти.
- “Эми мыйзамсыз түрдө жолду тосуп митингдерди уюштургандар 1 МИЛЛИОН СОМДУК айып пулга жыгылат”,- деп Өмүрбек Бабанов билдирди.
- Казакстан Кыргызстанга ТҮРК ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫНА төрагалык кылуу милдетин өткөрүп берет.
- Президент Алмазбек Атамбаев “Жалпы аскердик жана альтернативдик кызматтар тууралуу” мыйзамына “аскерге чакыруу курагынын жогорку чегин 27ден 25 ЖАШКА түшүрүлсүн" деген өзгөртүү киргизди.
- СОЧИГЕ олимпиадалык объекттерди курууга архитектура жаатында окуган 25 кыргызстандык студент практикага жөнөтүлөт.
- Туризмди өнүктүрүү сектору билдиргендей, быйыл Ысык-Көлгө 400 МИҢ эс алуучу келери күтүлүүдө.
- Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы болуп АМАНБАЙ КАЙЫПОВ шайланды.
- 14-июнда жүргөн сел агымынан кийин ОШ-НООКАТ жолу убактылуу жабылды.
- Япония кыргызстандыктарга Японияда билим алуу үчүн 2,7 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант бөлүп берет.
- Кыргызстанда 12 МИҢГЕ жакын адам жыл сайын тамекинин кесепетинен каза болуп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
- Өлкөнүн бардык аймактарында Аи-80 70 ТЫЙЫНГА, ал эми Аи-92 жана Аи-95 күйүүчү майлары 80 ТЫЙЫНГА арзандады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0
литрине 80тыйын арзан деген зор акча кээбирлер учун!