Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Велотранс” акциясын быйыл 105 киши улантып жатат. 8-майда элди сергек жашоого чакырган веложүрүштүн катышуучулары стартты Пекинден башташып, Лондонду көздөй сапар тартышкан. Велосипедчендер Лондонго 31-август күнү “Лондон-2012” Олимпиадасынын ачылышына кирип барышмакчы.
Орто Азияны багындырып келе жаткан жүрүштүн катышуучулары велосипед менен Кыргызстанга кирип келишкенде аларды Суусамыр-Өтмөк жолунан МАИ кызматкерлери тосуп алышып, 10-июнь күнү аларды Таластагы “Барчын” лагерине алып барышкан. Лагерде түнөшкөн веложүрүшчүлөр эртең менен МАИ кызматкерлеринин узатуусунда Тараз шаарынын чегине жеткирилди. Веложүрүшчүлөрдү ар кыл улуттун өкүлдөрү, басымдуу бөлүгүн кытайлар жана француздар түзөт. Катышуучулардын жаш курагы 50дөн 70ке чейинкилер.