Бактияр Токторов: «АЯЛЫН КЫЗГАНБАГАН ЭРКЕКТИ ЧОЧКОГО ТЕҢЕЙМ»

№502 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.

Эх-ей, Бактияр Токторов “Лейлек, Лейлек” деп жер тепкилей ырдаганда лейлектиктер кулак жара ышкырып сүрөп калышса, “Кечки туманды”, “Ак көйнөк кийген бийкечти “ ырдаганда жаштарга жагып, кайра-кайра сурап калышчу эле. Ооба, бул “Биз” тобунун популярдуу кези болчу, ал эми азырчы? Бактияр мырза азыр кайда, эмне менен алек?

– Бактияр байке, cизди “Бактияр бизнесмен болуп кетти” деп айтып калышат. Чын эле чыгармачылыктан оолак болуп, бизнеске баш урдуңузбу?
– Чоң бизнесим жок. Эгер азыр мактанып, “мен моминтип акча таап жатам” десем, ошол эле чөйрөдө иштеген чоң ишкерлер “ушуну айтпай эле койсо болмок” деп күлкү кылышары анык. Кыскасы, соода-сатык жаатында эле. Быйыл “Биз” тобунун түптөлгөнүнө 20 жыл болот. Мурда биз өзүбүздүн атыбыз үчүн иштесек, азыр атыбыз биз үчүн иштеп жатат. Той-топурдан кол бошобой турган кез десек да болот. Алдыда жаңы “Ассалоом алейкум” аттуу 12 ырдан турган ыр жыйнагын чыгарганы турабыз. Күзүндө стадионго жандуу концерт берели деген ниетибиз да бар. Концертти бекер кылсакпы деп да жатабыз. Эгерде мэрия уруксат берсе, кечкиден баштап таң атканга чейин коёбуз го. Стадион толо эл чогултуп, 20 жылдыгыбызды өткөрсөк деген ой бар.

– “Стадион толо эл” деп калдыңыз, бирок мезгил жылган сайын “Биз” тобунун күйөрмандары да суюлуп баратат деген ой жарала элекпи?
– Күйөрмандарыбыз суюла элек. Биз, негизи, жаштардын тамырын тартканга аракеттенебиз. Ырларыбыздын мотиви көбүнчө жаштарга ылайык. Жаңы чыга баштаганда деле жаштар биздикиндей музыкага суусап турган кез болчу. Буюрса, эми да алдыда жаштарга жаккан чыгармаларды жаратабыз.

– Кырктын кырына чыгып калганда сахнада так секирип бийлегениңиз да жаштардын тамырын тартуу го, ээ?
– Мен аябай эле уяң жигитмин. Көзүмдү бекем жумуп алып ырдаганым да ушундан. Көзүмдү жумганым менен, берилип кеткенде колу-бутум өзү эле коштоп, так секирип бийлей баштайм. Ошентсем ойлоп калышпасын, берилип кетсе эле секире берет экен деп. Ырыма жараша бийлейм. Мен элди тажатып алуудан корком. Мисалы, “дуу” деген жеринен жок дегенде башыңды бир серпип алсаң да өзгөчө шаң кошулат.

– “Топтогу балдардын баарынын эле музыкалык билими жок” деп айтканыңыз бар. Жалаң талантка таянса болот деп ырчы-чоорчу болом деген балдарга айта аласызбы?
– Эми ал жагын айта албайм. Бирок өзүм үчүн жооп берсем, менин оюмча, атайын билим алгандан кийин эле акын же ырчы болуп чыга келбейт. Чынында, Кудайдан талант берилбесе, ырчы болом десең да боло албайсың. Теория жагынан күчтүү болушу мүмкүн, бирок сахнага чыга келгенде ооз ача албай калгандар да бар.

– Өзүңүз айткан талантыңыз бар экенин кайсы учурда байкадыңыз эле?
– Мектепте окуп жүргөн кезимде атамдын комузу бар эле, аны мен гитарага окшоштуруп чертчүмүн. Союз учурунда айылдын жаштарын чөпкө жөнөтүшчү, кечиндеси ырдап-бийлеп, өзүнчө эле майрам болчу. Ошол учурда гитара черткенди үйрөндүм. Анан акырындык менен сахна мени өзүнө тарта баштады. Алла Пугачёванын, Валерий Леонтьевдин, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүмдүн диапазонун кеңейттим десем болот. Бирок ырчы болом деген максат менен окууга тапшырган жокмун. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырдым. Анан ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен кездешип калып, кайсы жерде чогулбайлы гитара чертип, үндүн болушунча эле ырдап калчубуз.
1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп калдык. Нанга майонез сүйкөп жеп коюп түнү бою чыгармачылык менен алек болгон күндөрдүн жемиши болуп “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу шедеврлерибиз жаралды. Бул ырлар университеттин жер төлөсүнөн жаралган. Эң биринчи жолу “Баластан” деген берүүгө чыкканбыз. Кийин Мыктыбек Арстанбек айтып калды “Кыргызстан” деген атыңар ырдаган ырларыңарга туура келбейт экен” деп. Көп ойлондук. Биздин ырлар деп жатып “Биз” деген сөзгө токтолгонбуз. Негизи, аттан деле эмес, баары кылган ишиңден экен. Кийин 91-жылдан баштап кайсы жерде концерт болсо, “биз деле чыгалы дедик эле” деп эле кошулуп алчубуз. Эсимде, бир жолу “Мыскыл жана тамаша” аттуу чоң концерт болмок. Биз келип, баягы адатыбызча сурандык. Ошондо уюштуруучулар “кана фонограммаңар?” деп жатпайбы. Биз “сахнада турган аспаптарды берсеңер, ошолор менен эле ойнойлу” десек. “Аны жөн эле коюп койгонбуз” дейт. Көрсө, ошондо эле фонограмма деген оору башталыптыр да. Башында концерттерге эл көп келчү, азыр артисттерге чала болот, анткени өзүбүз элди тажатып алдык. Фонограмма бир жеринен өчүп калып, анан ак гүлдөр деп баштасаң, көк гүлдөр башталып кетет дегендей.

– Келиңиз, эми жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлү. Буга чейин айтканыңыз бар “оуу, мен он чакты сүйүүнү башымдан өткөргөм” деп, ырларыңыздын көбү ошол сүйүүлөрүңүз туурасындабы?
– Ооба, ооба, көп эле сүйүүлөрдү башыбыздан өткөрдүк.

– Ошол сүйүүлөрдүн баары эле чыныгы сүйүүбү же?..
– Менде жалган сүйүү болгон жок. Баары эле чыныгы сүйүү болчу. Илең-салаң акын болуп кетишиме да ошол сүйүүлөрдүн таасири тийди го. Сүйүүгө жетпей калып кыйналган сезимдерди эч кимге айтып бере албайсың да, анан ал сезимдер кагаз аркылуу чыгат.

– Алгачкы жоолук салган жубайыңыз Оксанага кантип жолуктуңуз?
– Оксана биринчи бизге ырчы катары келген. Топко ырчы кыз алалы деген да ой жаралып кеткен бир кезде. Алгач Оксана топто ырдап жүрдү. Байкаштырып көрсөм, жакшы кыз экен. Бир чети чогуу ырдайбыз, чогуу жүрөбүз деп ага баш кошуп алгам.

– “Машинаны алмаштырса болот, бирок аялды эмес” деп айтканыңызды тастыктагым келип жатат. Эмне болуп анан Оксана Наргизага алмашты?
– Машинаны алмаштырыш бул жеке өзүңдүн жоопкерчилигиң менен. Аны сатам десең деле унчукпайт. Аял... бул эми тагдырдын чүкөсүнүн өкчөлүшүнөн. Оң капталынан болсо тагдырыңды таптың, ал эми сол капталынан болсо ажырашат экенсиң. Оксана учурда өз жашоосу менен, мен Наргизаны таптым.

– Оксанадан балаңыз барбы?
– Бир кызым бар. 16га чыгып калды.

– Катташып турасызбы?
– Жок.

– Азыркы келинчегиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
– Наргизага 1998-жылы айылдан жолугуп калдым. Өзүбүздүн Лейлектен болот. Ал кичине кезинде эле биздин ырларды сүйүп угуп, “Сиз” тобу деп өзүнчө кыздарды да чогултуп ырдашчу экен. Өзү жакшы ырдайт. “Кечки туман” деген ырдын автору.

– Келинчегиңизге “жалаң кыз төрөйсүң” деп таарына элексизби?
– Эми түшүнүп турам да, аялым атайылап кыз төрөп берип жаткан жок. Бергенине шүгүр, бербей койсо эмне кылат элем? Үч кыз төрөп берди. Эми ал да мага Кудайдан буйрулган нерсе. Кичүү кызым 11-майда бирге чыкты. Эми дагы күтүп жатабыз. Эмдигиси эркек болсо экен деп жатам.

– Уул төрөлүп, маңдай жарыла сүйүнүңүз. Үйдө ким көбүрөөк кызганчаак?
– Кызганыч деген болуш керек. Мен, мисалы, мага тиешелүү күрөк болобу, кетменби, ошону да кызганам. “Кошунага неге бердиң, алып кел” деп. Ар бир мырзага тиешелүү нерсе өзүнө гана тиешелүү болуш керек. Көңүл боштук кылбаш абзел. Кызганбаса эмне деген жашоо болот?! Анда чочкого окшошуп калбайбызбы. Дегеним, жаныбарлардын ичинен чочколорго баары бир экен.

– Кызганычтан улам келинчегиңизге кол көтөрүүлөр болобу?
– Андайлар деле болот. Ушул жерден бир анекдот айтып берейинчи. Бир аял күйөөсү менен ажырашам деп калат экен. “Мени сөгөт, атүгүл сабайт” деп. Ажырашкандан кийин “ичпеген-чекпеген, таптакыр кол көтөрбөгөн, айткан сөзүмдү эки кылбаган мырзага турмушка чыксам” деп кыялданып жүрүп, ал кыялына да жетет. Тийген мырзасынын колунан төрөгөн гана келбейт, калганы бүт келет экен, үй шыпырып, кир жууп дегендей. Аны менен аял бир жыл жашайт да, кайра ажырашам деп чыгат. Курбулары “сага не болду, зымга тизгендей күйөөңдү чанып” десе, “эй, бул эркекке окшоп сөкпөйт же урбайт” деген экен. Ошондуктан эркектин эркектей эле болгону жакшы, анча-мынча сөгүп, чаап жиберип дегендей...

– “Эркек үйдөн эки кадам аттагандан кийин бойдок” деп коюшат. Буга кошуласызбы? Мисалы, көчөдөн сулуу кыз өтүп кетсе, моюнуңуз бурулуп дегендей...
– Эми сулуу кыз өтүп баратса, кантип карабай коём? Сүйлөшө турган учур болсо сүйлөшөсүң. Биз, чыгармачыл адамдар, сулуу кыздар же көңүлүңө жаккан адам менен сүйлөшсөң, энергия алабыз. Болбосо мен үйлөнгөм деп эле эки колду тизеге түшүрүп, солдат болуп жүрө берсең, чыгармачылыгың ошол бойдон токтоп калат. Сүйүү деген – кучакташып эле төшөккө жатып калуу эмес. Адам менен сүйлөшүү, жан дүйнөсүн билүү да сүйүүгө жатат.

– Мырза маселелерин козгоп калдык. Ичкиликке кандайсыз?
– Мурдагыдай иче албай калгам, ха-ха...

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Бактияр Токторов: "Аялын кызганбаган эркекти чочкого теңейм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(31)
18.06.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баxтияр айаш ава'азаматсыз талантынызга соз жок,алга Биз тобу!
18.06.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иштеринизге ийгилик,уйбулоолук бакыт каалайм.
18.06.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы ! Айрыкча "Сүйүү деген – кучакташып эле төшөккө жатып калуу эмес. Адам менен сүйлөшүү, жан дүйнөсүн билүү да сүйүүгө жатат"- деп айтканы жакшы экен. Азаматсыз Бахтияр аке, суроолорго эркекче жооп берипсиз ! Ийгилик !
18.06.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
А бу Бактыяр айша во го, шо бу же шо месби дедим ю.
18.06.2012. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
baibolot71, жазат десе эле жаза бергенсин го э?коментарий жазат десе эле болбогон создорду жаза бербей жакшынакай кылып жазсанар.Бактияр байке чыгармачылык ийгилик,аябай ачык маек болуптур,азаматсыз!бактылуу болунуз.
18.06.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
baibolot71, жетишсиздигинди коргозупкоюпсун кичине култураны кармайлы.
18.06.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларыныздар аябай маанилуу,уккулуктуу.Ийгилик сиздерге
18.06.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
А бу аяш авам туура айтат аялды кичине токмоктоп туруш керек деп антпесе кооп кетееет!!! ишинизге ийгилик! бар болунуз
18.06.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikebiz sonun bileit da
19.06.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biz tobunun yrlary baary sonun!
PySy:Super info,media portalda Biz tobunun 3-4 gana yrlary bar,mumkun bolso koburook kirgizip koigula4y surany4
19.06.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл коп келет дейт бекер эле бербесе барбайт ал куткон элдер концерине.
20.06.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilеt_3234 сиз барбай еле койун,мен барамын Биз тобун концертине,мен!!!
20.06.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Анда чочкого окшошуп калбайбызбы", myncha akyly az adam!!! Kelinchegine kol kotorgonu emnesi? Abdan alsyz erkek eken da, uigo koldongon buyumdarynan beri kyzzgansa katynchalysh okshoit... chynyn aitkanda ozu ele chochkogo okshosh go bul akyly menen..
20.06.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Buma,урабы,тепкилейби,ал озунун иши,сага не зор келди?
Анан Эркек деген тиричиликке пышык болуш керек...
03.07.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Buma, Эркек албетте кызганыш керек! "Анда чочкого окшошуп калбайбызбы" деген жаныбарлардан чочко гана ургаачысына кызганбайт! "Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт" деген хадис да бар !
20.06.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdar menen suiloshso suiloshsun, birok sex objekt katary korbosun!!!
SUPER.KG видео
22.06.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бахтияр байке аман болунуз сиздин ырларынар менен чонойдук
SUPER.KG видео
22.06.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маек болуптур,бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
22.06.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
созго жок экенсиз сизге ийгилик
SUPER.KG видео
22.06.2012. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убагында ушул Бахтиярдын ыры менен чонойдук эле"аЗАМАТСЫН
SUPER.KG видео
22.06.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор менен кол которулуп кеткени кызык экен.
SUPER.KG видео
22.06.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayalyna kol kotorgonu jaman eken...
SUPER.KG видео
22.06.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик мындан арыда жакшы ырларды жарата берсин.
SUPER.KG видео
23.06.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сыйлайм Биз тобун.
SUPER.KG видео
23.06.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колун карагыла 14:44-минутада.уйлонгондон кийин суйуу бутот уже оомийин аллахакбар дейтго.
SUPER.KG видео
23.06.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахтияар професуор кантип айтат жакты ошол жери
23.06.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын сыйлайм.Жакшы ырлары бар,айрыкча "Ак койнок кийген бийкеч".
SUPER.KG видео
24.06.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14.44 минутада башка кыздарга арналган жери суйуу бутот
SUPER.KG видео
29.06.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу маек болуптур.Бактыяр байкеге Ийгиликтерди каалайм.
03.07.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бахтыяр качанкы Бахтыяр! Азаматсыз азыркы 12 вольттук лампочкаларга караганда сизди жылдыз деп айтканга татыктуусуз !
SUPER.KG видео
03.12.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интермедия коргондой эле болдум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо