Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕН БАСКАН ЖОЛДУ КЫЗЫҢА БАСТЫРБАЙМ»

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.

Тагдыр бизди ушундай жол менен кайрадан жолуктурат деп эч качан ойлогон эмесмин. Күн сайын келип сенин жумшак, алсыз колдоруңду көпкө чейин кармап отурам. “Кандайсың?” дейсиң, эриндериңди араң кыбыратып. Анан жаныңа сен жакшы көргөн лилия гүлүн койгонумда суз тарткан кабагың ачылып, жүзүңдө жылмаюунун белгилери пайда болот. Ар күнү ушул көрүнүш кайталанат, бирок дагы канчага чейин созулары белгисиз...

“АЛООЛОГОН АШЫКТЫК”
– Жаныңдан карыш жылбай отура берем. Сулуу, бирок муңдуу каректериңди тиктегенде тээ биздин бактылуу күндөрүбүз кайрадан көз алдыма эски тасмадай тартылат...
Университеттен досум экөөбүз чыгып келе жатканбыз. Аңгыча сен алдыбыздан чыктың. Биздин жаныбыздан өтүп бара жатканыңда тааныбасам да “кандай?” дедим жылмайып. “Жакшы” деп акырын үн катып, өтүп кеттиң. Ошол күндөн тарта окуу жайдан сени көргөн сайын ушул көрүнүш кайталанат. Токтоп, таанышууга даай албайм. Кээ бирде сени көрбөй калсам кадимкидей издечүмүн. Качан сен курбу кыздарың менен жанымдан өтүп бара жатып эшиктин оозунда турган мени карап, акырын “кандайсың?” дегениңди уккандан кийин гана ток пейил тарта үйүмө жөнөйм. Атыңдын ким экенин, кайсы факультетте окууруңду да билбейм. Бир гана билгеним, биздин корпуста окуйсуң. Акыры сени аңдып жүрүп тааныштым. Экөөбүздүн жылдызыбыз келише түшкөнүн алгачкы жолугушууда эле байкагам. Ал кезде мен арзуумду таптым деп сүйүнүп жүрдүм...

“СҮЙҮҮМДҮ ӨЗ КОЛУМ МЕНЕН БАШКАГА УЗАТТЫМ”
– Экөөбүздүн оюбуз, кызыкчылыгыбыз бир эле. Ошондуктан ар бир жолугушуубуз өзүнчө кызыктуу өтчү. Бири-бирибизден сыр жашырчу эмеспиз. Сен мени сүйгүң келбеди, дос катары көрүп жүрдүң. Жүрөгүңдү башкага арнаганыңды айттың. Тимур аттуу жигит сени алам деп алдап кеткенин, анын баптист, баңги экенин да жашырган жоксуң. Чынында эле сен аны катуу сүйөр элең. Ал кайтып келет деп зарыгып күттүң, байкушум... Ага болгон чоң сүйүүңдүн кымындай да тамчысын мага ыраа көрбөгөнүңө ыза болуп, ичим өрттөнүп, ансайын ашыктыктын отуна күйө бердим, сени мурдагыдан да катуу сүйө бердим. Таң калам. Жеңил ойлуу кыз экениңди билсем дагы, сенден кете албай тушалам.
Сен менин табитимдеги жигит эмессиң! Мен сени эч убакта сүйбөйм жана сүйгүм да келбейт! Экөөбүз жөн гана дос болобуз” дедиң бир жолу. Үн катпадым, бирок ичимден биринчи жолу сага катуу таарындым. Ошол боюнча көп убакытка чейин барган жокмун. Акыры аябай көргүм келди. Телефон чалдым, жолуктук, киного бардык, андан соң караокеге кирип ырдадык. Аябай жакшы ырдайсың. Сулуулугуң менен жагымдуу үнүңө арбалып, дагы бир жолу сүйүүмдү айттым. “Макул!” Ушул сөздү укканда кубанычтан жүрөгүм жарылып кете жаздап, уккан кулагыма ишене албай турдум. Табиятыман түнт экениме карабай шайыр болуп чыга келдим. Түн бир оокумга чейин жетелешип Бишкектин кооз көчөлөрүн, гүлбагын аралап сейилдеп жүрдүк. Андан соң сени таксиге салып жиберип, өзүм жөө кеттим. Жолду катар кыялданып, өзүмдү ааламдагы эң бактылуу адам сезип, үйгө кантип жеткенимди да билбейм.
Тилекке каршы, ал кубанычым көпкө созулбады. Эртеси жолукмак элек, бирок сен белгиленген жерге келген жоксуң. Күттүм, телефон чалсам албадың. Акыры үйгө кетүүгө туура келди. Түн ортосуна чейин уктабай жаттым. Бир маалда чыдабай сага чалдым.
– Сага бир нерсе айтсам таарын­байсыңбы?
– Айта бер, таарынбайм.
– Мен бүгүн кечээки таксистке жолуктум.
– Анан?!
– Ал мага сүйүүсүн билдирип, “мага тийсең, машина сатып берем” деп айтты.
– Сен эмне дедиң?..
– Макул болдум.
– Чын элеби?
Уккан кулагыма ишене албай турдум.
– Мени кечирип койчу,- деп акырын айтып трубканы коюп койдуң. Өз сүйүүмдү өз колум менен башкага узатканыма кыжырым келди. Көз алдыма ошондогу сени таксиге салмакчы болуп, таксист менен сүйлөшүп жатканым тартылды. Жашы отуздардан ашып калган киши мени менен соодалашып жатып:
– Ким кетет, бул чоң кыз өзү элеби?- деп улам-улам сени кызыга карап жаткан эле.
Ошол күндөн көп өтпөй ал кишиге турмушка чыкканыңды уктум. Ичим туз куйгандай ачышты.

“КҮТҮҮСҮЗ ЖОЛУГУШУУ”
– Айлар жылга алмашты, бирок жүрөктөгү сага болгон сүйүүм өчкөн жок. Кийин кыздуу болгонуңду, жолдошуң кызың экөөңдү таштап, башка кызга үйлөнүп алганын курбуң айтты. Өз жашоом менен алаксып, күндөр өтө берди. Окуумду бүтүп, Бишкектеги СПИД борборуна врач болуп ишке орноштум. Күндөрдүн биринде күтүүсүз окуя болду.
– Бир жаш келин оор акыбалда келип түштү, барып жакшылап карагын, сага тапшырам!- деп калды башкы врач.
– Кандай диагноз койдуңуз?
– СПИДдин эң өрчүгөн түрү. Туугандары да жок экен. Көрөр күнү аз калыптыр байкуш келиндин...
Ошол замат бейтапты көрүү үчүн ал жаткан бөлмөгө кирип бардым да, турган ордумда эстеликтей каттым. Анткени бейтаптын керебетинде сен жаткан экенсиң, сен...
... Тагдыр бизди ушундай жол менен кайрадан жолуктурат деп эч качан ойлогон эмес болчумун. Бир күнү курбуң Назгүл 3 жашка чыгып калган кызыңды ээрчитип келди. Аделина сага куюп койгондой окшош экен. Аны көрүп кадимкидей жүрөгүм жибип, элжиреп кеттим. Үчөөбүз бир топко чейин сүйлөшүп, кызың менен ойноп отурдук. Кызың менден тартынбай, экөөбүз ойноп жатканыбызды көрүп маанайың көтөрүлүп, көздөрүңдө кубанычтын учкундары пайда болду. Үн-сөзсүз ойго чөмүлө бизди мээримдүү көздөрүң менен карап жаттың. Коштошордо эмнегедир кызыңды коё бергиң келбей жатты. Аны сыга кучактап, жыттап алдың да, карегиңден мөлтүр жашың жаак ылдый кулады. Балким, сен кызыңды акыркы жолу кучагыңа кысып жаткандырсың. Ушул маалда кызың экөөңдү карап турууга кудуретим жетпеди. Ызага муунуп, эшикке чыга качтым. Алар кеткен соң гана кайрадан бөлмөңө баш бактым. Ыйлап жатыптырсың. Жаныңа отуруп, чачыңдан сылап, сени соороттум. Анан менден сурандың:
– Арсен, мени ордуман тургузуп койчу...
Акырын жөлөп-таяп ордуңан тургуздум. Өтүнүчүң менен терезенин жанына жетелеп бардым. Мага жөлөнүп, терезеден айлананы суктануу менен карап жаттың. Бир убакта артка кылчайып, алсыз үнүң менен:
– Арсен!- дедиң чымырканып.
– Оу!
– Мен сенин сүйүүңдү убагында баалай албай калганыма өкүнөм. Мени кечирип койчу. Азыр ойлосом, күйөөм да, Тимур да сенин бир тал чачыңа тең эмес экен...
Анан бери көздөй бурулуп, көзүңөн жаш жаак ылдый куюла берди да, мени тике карап:
– Билесиңби, мен сени сүйөм!- дедиң.
Көөдөнүмө башыңды жөлөп, шолоктоп ыйлай баштадың. Так ушул учур мен үчүн сөз менен айтып жеткире алгыс жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдердин катарын толуктады. Акырын көтөрүп керебетиңе жаткырдым. Көпкө чейин өрөпкүп ыйлап жатып, акыры уйкуга кеттиң. Сен уктап калганда эшикке чыгып, арадан эки саат өткөн соң келсем, сен бул дүйнө менен кош айтышып кете бериптирсиң...

“АДЕЛИНАНЫ ӨЗ КЫЗЫМДАЙ КӨРӨМ”
– Бүгүн сенин туулган күнүң. Күн чайыттай ачык. Аделинаны ээрчитип, гүл алып сенин бейитиңе жөнөдүк. Аделинаны сен көз жумгандан кийин мен багып алгам. Аны көргөн сайын сени эстейм, сени көргөндөй болом. Экөөбүз урушпайбыз, ар бир күнүбүз кызыктуу өтөт, Аделинаны өз кызымдай жакшы көрөм. Ойнойбуз, ырдайбыз, мультфильм көрөбүз, чогуу тамак жасап ичебиз. Аделина жолду катар ар нерсени сурайт, жооп берем. Бирде алдыга чуркап кетип, бирде артта калып, айтор, экөөбүз жөө жеткиче зериккен жокпуз. Бир кезде ал учуп жүргөн көпөлөктү кубалап чуркап бара жатып жерге кулап түштү. Анан ыйлап баштады. Мен аны аркама көтөрүп алдым. Бир аз убакыт өткөн соң ал адаттагы суроосун узатты:
– Арсен байке, апам Америкадан качан келет?
– Келет жакында. Сага кө-өп куурчак ала келет...
Ал менин жообумду угуп, унчукпай калды. Экөөбүз жолубузду улай бердик. Ушул учурда сен бизди асмандан жылмаюу менен карап жаткандай туюлду. Мойнумда Аделинаны сен баскан жолду бастырбай, жакшы кыз кылып тарбиялап өстүрүү милдети бар экенин мен жакшы билем.
Арсен

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(32)
25.06.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын.. вот это любовь.жакшы тарбия берип чонойт. Менде да ушундай суйуу болгонЮ бирок ал тирууу (боллсо керек) Аселя окуп калсан мен Адилет. Бокоева Аселя.
25.06.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тируу болсо керек де хе - хе ))))))
25.06.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чала ал кызга.
25.06.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызды ды ойло кийин ал чоноет энеге муктаж болот сен озун да уйлонуп кызга жакшы эне таап бер, а ал суйуунду унут ал кызды унутсан озун да бактылуу болосун кызды да бактылуу кыласын эгер ала турган жарын жакшы болсо
25.06.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Окуп козумо жаш толду. Кудайым сизди тушунгон, куноосуз кызга мээримдуу эне,сизге суйуктуу жар боло ала турган ыймандуу кызды буйрусун
25.06.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
menin dagi kozup jaw toldu... jawoodo emne degen turkun okuyalar bar. emne degen tagdırlar,buyruktar bar. arsen saga baa berdım. sendey erkek bar eken.
25.06.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
муну окуп козумо жаш толду...азамат кандай мырза азамат коп жашаныз!!!
26.06.2012. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyn Arsen suiuu emne ekenin jakwy tuwunot ekensin,owo suiuundu emi kyzyna berip jakwy tarbiala buirusa sen baktyluu bolosun!
26.06.2012. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat,net slov degendey!!!!!!!!!!!!!!
26.06.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу экен, кино тартса болот режисерлор кайда журушот экен ушундай темаларда кино тартышпайбы
26.06.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Emil., owonu aitsan kaidagy maanisiz mazmunsuz koldon kelet degen kinoilordu tarta berbei. jakwy kino chykmak bawkysy jakwy talantttuuu akterlerdu tandawsyn
26.06.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуп бутуп коз жашымды токтото албадым... Эхх...бул жашоодо эмнелер гана болбойт...
26.06.2012. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН да ыйлайын дедимгоо ай ушунчалык да кудайым сыноону береби ее.... Ооо аллахым баарыбызга жакшы гана кундорду гана берсинда..... Менинда айтарым мыкты чыныгы суйуу нун кадырын билет екен ....молодец... Мен болгондо балким антмек емес белем ...бирок айтоор тагдыр дейт екенда буну... Достор силерге да бакыт гана кааалааааймын...айтмакчы мен да озумдун омурумдогу болгон окуядан жазсам деген елем кантип жазам.????
27.06.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maratkuttugaliuulu,
"Жүрөк сыры" деген бөлүмгө жазсаңыз болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=12
27.06.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе-хе-хе-хеееееееееееееееееееееееееее ыйлагыла.... Жүз аарчы алып алгыла....
30.06.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, рахмат жуз арчуубуз запасы м.н бар.Керек болуп калса сага кайрылабыз.
27.06.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец эркексин так держать
27.06.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! Сиздин бактынызга эми Аделина акылдуу болуп чонойсун. Озунуз болсо мээримдуу акылдуу жарга туш болунуз. Сиздей мырзалар коп болсо жакшы болмок. Кимге баш кошсонуз да Адаелинага мыкты эне болсун!
28.06.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай дагы эркектер бар экенине суйундум.Суйуу бар экен да ээ чыныгы? Азамат ,соз жок!
28.06.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз !
29.06.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ыйлаганды уйроткулочу, сураныч. Ыйласан женилдейсин дешет го. Мен кантип ыйлашты да билбейм. Качан ыйлаганымды эстей албайм (((
30.06.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлоону уйротуш шарт эмес,кези келсе ыйлапда аласын Макентай.А сен АРСЕН азаматсын,келечегин али алдыда,бул жашоодо бар бол кичинекей кызын учун...!
04.07.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ааламда сиздей боорукер,кечиримдуу,адамгерчиликтуу инсандардн кобоюшун каалайм.Ар дайым бар болунуз,бактлуу болунуз!
05.07.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechke uilap okudum. Baikenin meermdyylygyno baa berdim. Ekoongyzdorgo bekem den sooluk
08.07.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат,Сулуу .аракет кылам,жазышка,менинда башыман,откон,окуяларда,коп,еледа.мен жазган.сон .коментарий калтыргыла,окей
09.07.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
душа ооруй турган екен
10.07.2012. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдын чачы узун акылы кыска деген ушул экен да ээ!Ошондой адамды суйуп, аны кечирип кызын тарбиялап жаткан адамга баракелде!
13.07.2012. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх журогум ооруп кетти окууп буткучо
13.07.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээ кыздар куусунар ээ баарынар арсенди мактап жатасынар жанагы женил ой кыз жонундо да комментарий калтырсанар боло ушундай эркек бар экенда ээ деп таныркап карабай.Карасанар биз эркектер эмне кылабыз кыздар баары эле женил ой акчага жалганга ишенип кетебересинер так что бироосун тандап ошо мн омур бою жашагыла силерда женил ой болуп СПИД мн ооруп балдарынарды биз чонойтуп журбойлу!
23.07.2012. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
benbatler, Оозуна таш биринчиден ал кыз ага ишенип турмушка чыкты ал балага эгер жашоосу ушундай болгонун билсе ушу кылмак беле.Экинчиден таштап башка кызга уйлонуп алды.Учунчудон баардык эле кыздар женил ойлуу эмес.Ушуга окшогон жигиттер кыздарды бал тилге салып алдап кетте берсе.Озуно жуктурат же бирооно жуктурат.А любой эле адамзаты жакшылыкка умут кылат да.Арсендей жигиттерибиз кобойо берсин!
23.09.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mawina, ak4a, baylyk dep... exx okunu4tuu keebir kyzdarybyzdyn kyska oiluulugu
01.11.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк уйлонуп алсаныз жакшы болот.Кызга эне болот. Кыз чоноюп турмушка чыгып кетсе, жалгыз калбайсыз. Жалгыздык жаман го... Бактылуу болунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо