№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Ош
Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Сулайман тоо периси-2012” сулуулар сынагы уюшулду. Бул сынакка катышкан 7 бийкеч 1-күнү кыздар уюштуруу тобуна окуудагы ийгиликтерин көрсөтүшсө, 2-күнү ашканада ашпозчулук чеберчиликтери текшерилди. 3-күнү уюштуруучулар ресторанда кыздардын баскан-турганы, тамактануу этикаларын сынашты. 3 күндүк сынак теледен элге көрсөтүлүп, СМС добуш топтолду. Жыйынтыктоочу сынак Ош улуттук драма театрында өткөрүлүп, калыстардын сынына кыздардын билими жана сырткы сулуулугу коюлду. Ошентип, “Сулайман тоо периси-2012” наамына Ош шаарындагы Кыргыз-Кытай экономикалык институтунун 2-курсунун студенти Айпери Маразакова татыды."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |