Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРАПАЙЫМ КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛАНАТ

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.

Талас

18-июнь күнү Өз­гөчө кырдаалдар министрлигинин кезектеги аппараттык ке­ңешмесинде акыркы убакта болуп өт­көн селдин кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан жумуштар талкууга алынды. Министр Кубатбек Боронов аппараттык кеңешмеде жер-жерлерде калк менен тыгыз иш алып бара албаган жетекчилерге катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Министр белгилегендей, Талас облусунда болуп өткөн селде жергиликтүү жарандар эки адамдын өмүрүн сактап калышкан. “Эмне үчүн министрликке аларды сыйлоо боюнча сунуш бербейсиңер? Баатырды баатыр, жалкоону жалкоо деп ачык айтышыбыз керек” деп тиешелүү жетекчилерге катуу талаптарды койду ал.
Эске салсак, 2012-жылы 19-майда Талас облусунун Ынтымак айылында жүргөн сел убагында 10 жашар Эмил Садыркул уулу мал кайтарып жүргөн жеринен селге агып кеткен. Аны көрүп калган айыл тургундары Калыбек Алчынбаев менен Жылдызбек Жумабеков аны суудан алып чыгышып, аман сактап калышкан. Ошол эле күнү Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Марат Чулуев да мал жайып жүргөн жеринен кокусунан селге агып кеткен. Аны Осмонкул Курманбек уулу жана Азамат Белековдор куткарып калышкан эле. Ушул тапта министр аталган куткаруучуларга сыйлыктарды тапшыруу үчүн Таласка барганга камынып жаткан кези.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
26.06.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы айтып кетуучу нерсе: ошол куну окмотто иштеген ишмерлерге дагы сыйлык берип коюунуздарды суранам. Мисалы ошол кунку катышкан тез жардам болуктогулорго, орт очууручу кызматчыларга дагы сыйлык наам берип аларды дагы ыраазы кылып койсонуздар экен. Себеби орт очууручулор биринчи болуп барып элдин уйлоруно суу кечип барышып элди куткарышты. Ишенбесенер кубоолор бар. Жана дагы бир уйго киришсе 8 адам эмне кылаарын билбей жатканда орт очуруучулор ал 8 адамды уйдон аман алып чыгышкан.
26.06.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер-Инфо! Ушул мен жазган катты кантип
Өз­гөчө кырдаалдар министрлигинин Министри Кубатбек Бороновко жеткиссек болот? Аталган тез жардам жана орт кызматкерлерине дагы белек наам беруусун суранат элек. Алар дагы элден четте калышкан жок. Урматтуу Супер-Инфо! ушул катты Өз­гөчө кырдаалдар министрлигине жеткизип бере аласыздарбы? Жана жеткизип беруунуздорду суранабыз. Сиздерге алдын ала чоон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо