№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
Нарын
Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда Ак-Талаа районунан 2560 жоокер согушка аттанган. Алардын бири Сооронбай Нургазиев кандуу майданда курман болуп, дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирип калат. Сооронбай Нургазиевдин туугандарынын айтымында, “Память” патриоттук коомдук бирикмеси тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда кат келген. Көрсө, Калуга облусунун Ульянов районунун аймагынан согуш учурунда казылган ордун ичинен үч аскердин сөөгү табылган экен. Ошондой эле “Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Ак-Талаа району, Кара-Ой колхозу, Сооронбай Нургазиев” деп калем менен жазылган кагаз чыккан. Ушул маалыматтан улам Сооронбай Нургазиевди туугандары таанып отурушат.
17-июнь күнү сөөк менен кошо аскердин кийген каскасы жана кол жазма кагазы алынып келип, райондук музейге өткөрүлдү. Ошентип, 18-июнь күнү Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылында 19 жашында согушта курман болгон Сооронбай Нургазы уулунун сөөгү жерге берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |