-
МИРБЕК ИМАНБЕКОВ ата-энесине жардам берип, талаа иштерин катыра жасап Таласта жүрөт. Жакында Ысык-Көлгө гастролго аттанат.
-
ИСА ӨМҮРКУЛОВ ушул жылы фортепиано жана вокал боюнча №4-музыкалык мектепти аяктады.
-
ЖАМИЛЯ МУРАТОВА “Адамият” аттуу ырга клип тарттырды. Анын ачылыш аземи 1-августта, өзүнүн туулган күнүндө болорун маалымдады.
-
МИРЛАН БАЕКОВ Орусияга барып концерт берип келгенден кийин продюсерсиз иштөөнүн канчалык оор экенин түшүндү.
-
ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ кулагына суук тийип, ооруканада дарыланып жатат.
-
ИЛЬЯЗ АНДАШ да жүрөгү ооруп, ооруканага байма-бай каттап жүрөт.
-
САЙРА МОМУНБАЕВА Замир Казакбаевдин “Жашынмак” аттуу тасмасында роль жаратты.
-
Ырчы НУРЗАТ САДЫКОВА быйыл Улуттук консерваторияны бүтүрүп жатат. Ошондуктан учурда мамлекеттик сынактардан колу бошобой чуркап жүргөн кези. Нурзаттын айтымында, окуусунан бошоору менен “Ала-Тоо” деген ырына клип тарттырууга өтөт.
-
“ЖАНЫМ АЙЗАТ көрүнбөй кайда кетти?” деп жатсаңыз, ал дипломдук иш жазуу менен убара. Окуу жайын ийгиликтүү аяктап алса, кайра эле чыгармачылыкка катуу киришет.
-
ГҮЛЖИГИТ САТИБЕКОВ Ошто “Лейлектик кыз” аттуу ырына клип тарттырып жүрөт.
-
НАЗМИ “ысыкта Бишкектен качыш керек” деп кайындарына, Токтогулга кетип жатат. Андан ары Ысык-Көлгө эс алууга барууну пландаштырууда.
- ОМАР өзүнүн сайтын ачты.