Зари: «ЖОЛДОШУМ ӨЗҮМДҮН МАКУЛДУГУМ МЕНЕН АЛА КАЧТЫ»

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.

Кыргызда келин келгенден баштап анын ар бир кылган эмгегине, сыйына абышка-кемпирлер “этегиңден жалга, ыймандуу, кайрымдуу бол, бактылуу бол, көп жаша” деп бир катар баталарын берип келишет эмеспи. Мындай баталарды учурда ырчы Зари дагы өз дарегине кабыл алууда. Себеби Зари жакында гана турмуш жолуна аттанып, келин статусуна ээ болду.

МЫЛТЫК АТУУНУ ЖАКТЫРГАН ЗАРИ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

Толук аты-жөнү – Зарина Жолдошалиева
Туулган күнү – 27-апрель, 1989-жыл
Туулган жери – Кызыл-Кыя шаары
Боюнун узундугу – 175 см
Салмагы – 54 кг
Жактырган өңү – Ак, жашыл
Жактырган гүлү – Сирень гүлү
Адамдардагы баалаган сапаты – Эмгекчилдик
Жек көргөнү – Эки жүздүүлүк
Хоббиси – Мылтык атуу, сүрөт тартуу
Билими – Жогорку
Кесиби – Юрист
Репертуарындагы ырлары – “Кыз жүрөгү”, “Жалган сүйүү”, “Сезим кайгысы” ж.б.

– Кандайсың, Зари, алгач куш бооңор бек болсун деп куттуктап алалы. Турмушка чыгыптырсың...
– Ооба, рахмат.

– Турмуш деген театрда келиндин образын жараткан кандай экен?
– Жакшы эле окшойт (күлүп). Колумдан келишинче аракет жасап, келиндик кызматымды аткарып жүрөм. Көпчүлүк убактыбыз конок тосуу менен өтүп жатат. Негизи, турмушка чыгып, үй-бүлө куруу деген жашоодогу эң эле олуттуу кадамдардын бири эмеспи. Мындай кадамга барып жатып, алдыда боло турган турмуштун ачуу-таттуусу тууралуу да ойлоно жүрүш керек экендигин эстен чыгарган жокмун. Буюрса, баары жайында болот. Азырынча бул образга көнүшүп жатам дебейимби. Мурда курбуларым менен эс алууларга барганды жактырсам, азыр кечке жолдошум келет, ал келгенче тамак даярдашым керек, эртеңкиге кийимдерин үтүктөшүм керек деп ойлоп калдым. Үй-бүлөнүн түйшүгү аялзатына башкача ырахат тартуулайт экен, көрсө. Мен турмушка жаңы эле чыкпадымбы, андыктан жеке өмүрүмдүн кызыктары эми гана башталды.

– Жаңы үй-бүлө, кайын журтка көнүп калдыңбы?
– Көнүп баратам. Үйлөнгөнүбүзгө мына эки айга жакын убакыт болду. Алгачкы күндөрү турмушка чыкканымды унутуп калып, кечке маал кайра-кайра саатты карап, бир саамга “эртерээк үйгө барыш керек, кеч барсам апам урушат” деген ойго батып кыйналып, өзүмчө эле шашылып алганым болду. Ананчы, тегерегиңдегилердин баары эле чоочун адамдар болсо, кызыктай болот экенсиң.

– "Жаңы келген кезде мурда жакшы жасаган тамагыңды да жөндүү бышыра албай сүрдөп каласың" дешет...
– Жок, мен көп деле сүрдөгөн жокмун, чынында. Бирок табиятымдан уялчаактыгым бар, уялып эле жүрөм. Тамак жагынан жакшы эле болсом керек, жолдошум менен кайындарым “аябай даамдуу болуптур” деп мактап калышат. Калган үй жумуштарын орундуу аткарып жатсам керек деп ойлойм.

– Эми көпчүлүктү күттүргөн суроо. Ырчы Заринин өмүрлүк жолдошу болууга жетишкен мырза ким?
– Жолдошумдун аты Тимур. 35 жашта. Менден 12 жашка улуу. Жолдошуңдун улуу болгону жакшы экен, акыл-насаатын айтып дегендей. Эң негизгиси, кеп жаш айырмачылыкта эмес, түгөйүң сени түшүнүп турса, ортодо ысык сүйүү болсо, ошол бакыт. 4 бир туугандын экинчиси, уулдардын кичүүсү. Маалыматтык технологиялар боюнча өзүнүн жеке компаниясы бар. Кичи мекени – Аксы районунун Кербен шаары. Бирок көп жылдардан бери үй-бүлөсү менен Бишкекте жашашат. Ата-энебиз пенсиядагы кишилер. Менин билбегендеримди үйрөтүп, акыл айтып, алкап отурушат.

– Тагдыр жолу эки жашты кайдан табыштырды?
– Тимур экөөбүздүн таанышып калышыбызга досторубуз себепкер болушту. Үстүбүздөгү жылы курбу, достор менен 13-январда эски жаңы жылды тосуу үчүн шаардагы кафелердин бирине барганбыз. Ошол жерден тааныштырышкан. Чынын айтканда, бир көргөндө эле экөөбүз тең бири-бирибизди жактырып калдык окшойт. Ошондон кийин кыз-жигит болуп жүрүп, апрелдин 29унда ала качуу жолу менен баш коштук (күлүп).

– Ала качуу?
– Ооба. Айта кетүү керек, өзүмдүн уруксатым менен ала качты. Эгер мен макул болбогонумда Тимур мындай ишке бармак эмес. Биз сүйлөшүп жүргөн күндөрү “сени ала качып кетем” деп айта берчү. А мен тамаша катары эле кабыл алып, “ала каччы, кана” деп кайра өзүн шылдыңдап, тамашага салып коёр элем. Ошентсе да башыңа түшкөндө аябай жаман болуп, ыйлайт экенсиң, айласыздан. Эч тааныбаган эле жат жерге кирип келсең, апалар жоолугун алып чыгып башыңа сала башташат. Эмне болуп жатат деп түшүнүп, көзүңдү ачып-жумгуча башыңа ак жоолукту салып, отургузуп коюшат экен. Өзүм көп жылдар бою чет өлкөдө жашап келгендиктен, ала качуу менен келин алуудагы кыргыздын салттары аябай эле кызык көрүндү. Үй-бүлө курууда кандай салт кабыл алынса, калың төлөөдөн тарта баарын эле аткарып жатабыз. Кудай буюрса, август айында орозо бүтөрү менен заманбап тоюбузду өткөрөбүз деп турабыз.

– Буга апаң, бир туугандарың кандай карашты?
– Ала качуу деген эми ар кимге эле жага бербесе керек. Апам да алгач укканда кичине ачууланып, жини келиптир. Акыры "эки жаш бирин-бири жактырса, бактылуу жашап кетишсе болду" деп батасын берди. Негизи, апама Тимурду мурун эле тааныштыргам. "Интеллигент, тарбиялуу, жакшы жигит экен" деп оң баа берген.

– Кайындарың салт жагына кандай экен?
– Ал жактан жаңы үй-бүлөм аябай эле заманбап, маданияттуу десем болот. Ошондуктан кадимкидей эле шаардык жашоо. Азырынча жумушка чыкканга же достор менен жолугуп, шаар аралап келгенге убакыт да, шарт да жок. Анткени, жогоруда айтып кеткендей, коноктордон кол бошобойт. Бирок аптасына бир жолу жолдошум экөөбүз киного же атайын эс алуучу жайларга барып кайтабыз.

– Түшүнүктүү. Жоолукту бекем байланып, конок күтүүдөн бошобой жүргөн экенсиң да. Мындан ары чыгармачылык жагы кантет?
– Жоолукту дайыма эле салынып жүрөм. Жоолуктарым өзүнчө эле коллекция болуп калды. Ал эми чыгармачылыкты болсо, менимче, мындан ары деле өз нугунда алып кетем го.

– Жолдошуң бул жаатта эмне дейт?
– Ал чыгармачылыгыма каршы эмес. Болгону, өткөндө ушул темада сүйлөшүп жатып “балалуу болгонубузда кыйналбайсыңбы?” деп суроо берди. Эми аны көрө жатарбыз. Буюрганы боло берет да.

– Зари, турмуш жолуна аттанган жашооңдун жооптуу мезгилинде күйөрмандарың үчүн убактыңды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат. Түгөйүң менен бактылуу бол.
– Рахмат. Айтканыңыз келсин.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(29)
25.06.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар
25.06.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болушсун
25.06.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун
25.06.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ Тимур байке куш боон бек болсун, бактылуу болгула!!! Алабука Жаштар борборунан терен урматоо менен
Бектур....
25.06.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула. Туура кылыпсын, кыйраткан деле ырчы болбогон сон уй-булону тандап туура жолго баргансын.
25.06.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХАНЗАДА, эмнеге ар дайым ушундай комментарий калтыра бересин же артистерди жактырбайсынбы?жакшынакай эле ырдап журбойбу.Зари эн биринчиси куш боонор бек болуп,кармашкан колунар узулбосун!(ханзада таарынба сага кандай тийсе терс создор элге да ошондой тийет)
25.06.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oho biil aksiliktar kati ketken go
25.06.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зари куттуктайм кармашкан колунар эч качан узулбосун чын айтасын ханзада кыйратпагандан кийин уй булону тандаганын жакшы болуптур
25.06.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula!
25.06.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч убакта оорубастан жургуло. жетелешип бирге омур сургуло. таарынычтан алыс болуп болунбой. мен кааларым аман эсен болгула!
25.06.2012. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!
26.06.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула Зари ж,а Тимур!
26.06.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolguula.
26.06.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дайма ишенин озундай тар больбой котундой кеен болуп журо бергиле
26.06.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kush boonor bek bolsun!
26.06.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун бактылуу болгула жаштар
27.06.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolup tileginerge jetkile
27.06.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула! чын сүйүү сылерды ар-дайым коштоп жүрсүн!
27.06.2012. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчыны мен тааныбайт экенмин тобо. Замандан арта калгам го...
27.06.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
27.06.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зари киного же модельге да жараша берет
27.06.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйуу жашка карабайт деген созду дагы бир жолу тастыктап отуптурсунор да. Бакттылуу болгула!
27.06.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да да суйуу суйуу суйуу куйуу екенда бактылуу болгула бар болгула
28.06.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, негизи куйоосун сыйлаган айалга бейиш дарбазасы ачылат дешет.
28.06.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарина Тимурдун озун эмес акчасын суйгондугун билдирип коюптур "озунун жеке компаниясы" бар деп. эмнеси болсо да бактылуу болгула
28.06.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огоо гоо Зари мага жене болгон турбайсынарбы :). Былтыр Кербенге ди-джей кызды жене кылып алсак, быйыл ырчы кызды, кызык кийинки жылы кимди жене кылат болдук экен Байкелер :))))
29.06.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакуся туура айтасын, ал жагын эми куто турабыз да, жожону куздо сана дейтко.
30.06.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт каалайм!
07.07.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула жарашып эле калыпсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо