ЗАМАНЫБЫЗДЫН ЖАСАЛМА СУЛУУЛУКТАРЫ

№503 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.

Мезгилдин талабына ылайык, азыркы күндө сулуулук акча менен бааланып калган убак. Чачыңыз аябай суюк, тырмактарыңыз кыйшык, кирпиктериңиз кыска болсо, муну сулуулук салонуна баруу менен иретке келтирип алууга болот. Чачты, тырмакты жана кирпикти жасалма узартуу жаатында стилист Замира Молдошева сыр бөлүштү.

ТЫРМАКТАР ДА КАМ КӨРҮҮГӨ МУКТАЖ
Фред Слэк аттуу тиш доктур иш учурунда тырмагын станокко алдырып алып, оорутканына чыдабай, тиш пломбасынан басып койгон. Оорутканы эртеси басылып, пломба бир нече күнгө чейин түшпөй жүргөн. Ошондон кийин тырмакты жасалгалоодо стоматологиялык каражат – акрил колдонулуп калган. Андан тышкары атайын тырмак жасоодо колдонулуучу гелдер да бар. Тырмакты жасалма өстүрүүнүн 2 түрү бар: гель жана акрил менен. Гель менен өстүрүүдө суюктук тырмактын үстүнө куюлуп, ультра кызыл нурлардын жардамы аркасында катырылат. Ал эми акрил менен өстүрүүдө упа (порошок) атайын суюктук менен аралаштырылат. Анан ал четинен алынып тырмактын үстүнө коюлуп, катырыла баштайт. Бишкекте мындай кызматтын баасы 1000 сомдон 6500 сомго чейин. Мунун зыяндуулугу да бар. Кийин өз тырмактарыңыз сынып, ыңгайсыздык жаратат.

Туура кам көрүү

  • Кайчы менен тырмак алгычты колдонбой, жасалма өстүрүлгөн тырмакты өгөө менен гана формага келтирип туруу керек.
  • Жасалма тырмактар ысыкты жактырбайт.
  • Көпкө чейин колду сууда кармоо зыянын тийгизет.

ТӨШ ЖАНА ЖАМБАШТЫ ЧОҢОЙТУУ
Азыркы күндө айымдар үчүн дагы бир керектүү буюмдардын бар экендигин айта кетели. Ал – чапталма эмчектер менен жамбаштар. Алар гель жана силикондон жасалып, жумшак болот дагы ички бети денеге чаптоого ыңгайлашкан. Кийимдин сыртынан жасалма экендиги билинбестен, эмчек да, жамбаш да табигый жана чоң көрүнөт. Бишкекте мындай буюмдарды сексшоптордон жана атайын ич кийим саткан кээ бир дүкөндөрдөн табууга болот. Чапталма эмчектин баасы 500 сомдон 1500 сомго чейин турса, жамбаштар 700 сомдон жогору.

КЫЗЖИБЕК БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ?

Кошмо чачтарга кантип кам көрүү керек?

  • Атайын кошмо чачтар үчүн шампунду колдонуу зарыл.
  • Туруп турган абалда гана душта жуунганыңыз оң. Эңкейгенде чач чаташып, таралганда жазылбай калышы мүмкүн.
  • Эч убакта кургай элек чач менен жатууга болбойт. Фен менен тегиз кургатып алуу керек.
  • Чачтардын түбү таралбайт.
  • Кошмо чачты үй шартында боёого таптакыр мүмкүн эмес, адистерге гана кайрылуу кажет.

Чачты жасалма узартуу. Мындай кызмат мындан 40 жыл мурун пайда болуп, бүгүнкү күндө борборубузга да канатын кенен жайды. Баасы Бишкекте 3000 сомдон 15 000 сомго чейин. Жасалма чач чаптоонун 3 түрү бар. Биринчиси “муздак чаптоо” деп аталат. Мында чогултулган бир тутам чачты атайын кыпчыткыч темир аркылуу чачыңыздын арасына кыпчып беришет. Мунун өз чачыңызга зыяндуулугу жок болгону менен, күтүлбөгөн жерден түшүп кылышы мүмкүн. Экинчи түрү “ысык чаптоо” деп аталат. Мында чачтар алдын ала топ-топко бириктирилген (1 топто 5-6 чач болот) чачтар өз чачыңыздын араларына желим менен чапталат. Бул чаптоонун деле пайдасы – сулуулук. Ал эми зыяндуулугу – желимдин таасири менен өз чачыңыз аздап түшөт. Чач чаптатуунун үчүнчү түрү “тикме” деп айтылат. Мында топ-топко чогултулган чач өз чачыңыздын түбүнө кадимкидей эле жип менен алгач оролуп, андан соң оролгон жер бекемдеп тигилип коюлат.

КИРПИКТЕРДИ УЗАРТУУ

Кошмо кирпикке кам көрүү

  • Жасалма кирпик коштурган айым мончо менен саунага барбай эле койгону оң. Ысыктан желимдери чыгып кетет. Душ же ванна кабыл алса болот.
  • Көмкөрөсүнөн жатып уктабоо керек.
  • Кирпиктерди боёгонго болбойт.
  • Көз кычышса, ушалабоо зарыл.

Учурда кирпик коштуруу борборубузда 300 сомдон 1500 сомго чейинки суммадагы акча менен кошо бир жарым, эки саат убакытты талап кылат. Кошмо кирпиктин эң кымбаты – 3D деген аталыштагы кирпиктер. Ал 3000 сомдон жогору. Алардын желимдери өтө туруктуу болгондуктан, адистер мындай кирпиктердин 3 айга чейин түшпөсүнө кепилдик беришет. Ал эми башка кирпиктер эки жумадан кийин эле оңдоп-түзөтүүгө муктаж. Кирпик коштуруунун эки түрү бар: ар бир кылын бирден чаптап чыгуу жана тобу менен чаптоо. Адистердин айтымында, кирпик чаптатуунун зыян жактары да жок эмес. Кирпиктин ар бир талына желим чапталып жаткандыгын элестетиңиз. Ошондой эле эгер сиз кошмо кирпигиңизге туура кам көрбөсөңүз, өз кирпиктериңиз кошо түшүп же сынып калат. Кирпиктин өтө жай өсөрүн айтпасак да билсеңиз керек.

Венера Камалова
kenesh@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ТАБИЯТ БЕРГЕН ӨҢ-КЕЛБЕТКЕ ЖАСАЛМА СУЛУУЛУКТУН КЕРЕГИ БАРБЫ?



БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА, ЫРЧЫ:
– Табият берген өң-келбетке кошумча сулуулуктун кереги бар деп ойлойм. Себеби сулуулукту баса белгилөө үчүн, мисалы, кашыңды терип, иреттеп, эриндериңе бир аз көрк берип боёп койсоң ашыкча болбойт.


СҮЙМӨНКУЛ, СТУДЕНТ:
– Кереги жок, Жараткан берген сулуулук жетиштүү. Адамдын табигый сулуулугу менен жасалма сулуулугунун айырмасы асман менен жердей. Өзгөчө сулуу болом деген аракетте чектен ашыра боёнуп, бети-башына косметиканы чаптап алгандарды жактырбайм.



НАЗИРА, ҮЙ КОЖОЙКЕСИ:
– Адамдардын жасалма сулуулукка муктаж болушуна азыркы жашоо шарт себепкер. Косметикалык каражаттарды көп колдонуп, кошумча сулуулуктун жардамына чуркап жатабыз. Негизи, мындай жол менен сулуу болуу убактылуу. Убакыт өтөрү менен артык кылам деп, тыртык кылып алгандар да жүрбөйбү, ыйлап.


АМАН, ЖЕКЕ ИШКЕР:
– Менин оюмча, ар бир адам өз алдынча өзгөчө. Кырсыктан улам медицинанын жардамына кайрылса, анда түшүнөм. Себепсиз эле кошумча сулуулук каалагандарды жеңил ойго берилип, өзүнө болгон ишеними аз адам деп эсептейм. Адам сырткы келбети эле эмес, жан дүйнөсү менен да сулуу.



ШАХИЯ, САТУУЧУ:
– Албетте, кошумча сулуулуктун жардамы аркылуу сулууга айлануу мүмкүн. Азыр акчанын жардамы менен каалаганыңды жасоого болот. Бирок табигый сулуулукка жетпейт. Ар бирибиз сулуубуз, бирок өз убагында сырткы келбетке кам көрүү баарыбыз үчүн пайдалуу.


НУРЛАН НАСИП, ЫРЧЫ:
– Сахна адамдарынын мындай кызматтардан колдонуусун туура эле түшүнөм. Себеби эл көзүндө жүргөндөн кийин өзүнө каранып жүрүүсү керек. Бирок жасалма сулуулукка каршымын, анткени ар бир адам өзүнчө сулуу. Жасалма жол менен өз келбетине көрк бергендер баары бир байкалып калат.



БЕРМЕТ, ТИГҮҮЧҮ:
– Мен мындай сулуулукка каршымын, кээ бир кыздар балдарга жагынуу максатында мода деп эле акчаларын коротуп кирпик чаптатып, кошумча тырмак жасатып, эриндерин чоңойтуп жүрүшпөйбү. Өзгөчө айылдан келген кыздар. Ошого кеткен чыгымды пайдалуу нерсеге жумшашса.

Назгүл Исакова
koom@super.kg


Заманыбыздын жасалма сулуулуктары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
23.06.2012. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech kachan balzam koldonbogula jana atayn "bezsulfatnyi" shampun satyp alyhynyz kerek. En maanilu nerse dagy- atayn jasalma chachtar uchun tarak menen koldonushunuz kerek.
SUPER.KG видео
25.06.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azigrun emnege balzam koldonuuga bolboit men dayima koldonom emne ziyanbi?
SUPER.KG видео
25.06.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzam koldonbosok chachibiz tik turup kalat da,neni koldonsok bolot anda?
25.06.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бермет,аябай айтыпсын го айылдан келгендер деп,шаардыгыбызды коруп айылдыгыбыз кылат да ошону.бирок ар ким озуно жакканды кылат болуш керек 100%болбосо да 30%жасалма сулуулукту айрыкча аял киши колдонсо болот деп ойлойм.
25.06.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бермет шаардык, айылдык дебей эле койсонуз болмок. Балким .......! Сизди да эч ким айта албайт шаардан деп. Сиз деле 5 жыл алдын озунуз айткан жактан келгендирсиз.
25.06.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermettin onunon ele korunup turbaybi ayildan bolgonu.
25.06.2012. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagı kowulam sılerge dostor. bermet salondun ar kanday kızmatrtarın teskrınche waardıktat kop koldonuwat.
25.06.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kım ozu bılet akchasın emnege sarptoonu jana kaalagan kızmatın kıldıruunu
25.06.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар айылдык десе чычалап жатасынар бирок албетте айылдан келгендер баары бир кожабыз айтып турат анан жараштырбай эле элдикиндей кылып жасайбыз ал туура эмес бирок эч жарашыгы жок болуп калат а кээ бир кыздар бар алар албетте жакшы визажисттерге барып жарашат жарашпайтын карап анан жасашат ага макулмун бирок мен дагы каршымын жасалма сулуулукту сулуу деп дагы эсептебейм.
26.06.2012. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konechno eto vse zamanchivo: dlinnnie resnizi,krasivaia telo i t.p.. no zdes est no,no u nego est pobochnie deistvie i mojet dat bolshe vreda chem polzu.i poetomu ia dumay nado prosto pravilno pitatsia i uhajivat za nimi pravilno,pravilno eto znachit ne himikatami polzovatsia a naturalnoi kosmetikoi i maslami.
26.06.2012. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери мындай нерселер жок болчуго.енелерибиз апаларыбыз билбесе керек.азыр болсо кыздар тууну жолугасын.айабайй еле татына.ертен менен бети жунан сон.дааааа дейсин..
26.06.2012. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз жанылшасыз, А.Ali.Илгери мындай нерселер болгон,мисалы - упа, осмо, эндик. Ал эми, чач менен тырмакка ышкын туп деген чоп колдонушкан, бирок чынында, кирпик кошуу (наращивание) болгон эмес болуу керек, (Клеопатраны эске албаганда).
SUPER.KG видео
26.06.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiiiii ayimdar suluu bolushunar dele bir azap turbabi......Janaki kirpik koydurgan eje ayabayyyyyy kiynaliptirgo. Suluulukka da kop ele chontok jukararin bilip aldim.Super Info silerge CHOOOOOON RAKMAT.Uylonsom ayalima bir suluuluk salon achip berbesem kop ele CHIGIMga uchurayimgoooooooooo dep oylop kaldim
26.06.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде айылдык анан шаардык болуп болунуунун кажети жок. менин оюмча ар бир айым озуно кам коруп журуусу абзел, бирок аша чаап кетуунун да кереги жок. озуно туура жана так кам коруу эч зыяндуулугун бербесе керек.
26.06.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат! Пайдалуу кеңештер экен. Жанагы теледен жутуп жиберчүдөй болгон кээ бир ырчы жылдыздарыбыз жалаң жасалма сулуулуктун курмандыктары да. Баары чеги менен болуш керек, бетке бир тонна химикаттарды чаптап албай.
26.06.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте айымдар дайыма сулуу болушу керек биз үчүн. Ушул айымдардын боенгонун көрүп кээ бирде "эмне себептен айымдардан белгилүү сүрөтчүлөр чыкпайт" деген ойго жетеленем.
26.06.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой, жасалма сулуулук десе эле жабыша калгандар биздин шоу бизнесте деле толтура. Мисалга. Динара эжем менен Айчурок эжемдин боёгун очуруп туруп таразага отургузса 4-5 кг. аз корсотот болуш керек. Кирпиктери эле ар бири жарым кило чыкса керек.
26.06.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ,элдер артситтердин баарыныкы табигый сулуулук деп жатасыңарбы?Бүт эле эмес бирок,арасындагы көбүнчөсү ушу штукатурка менен эле сулуу көрүнгөндөр да.байкуш көздөр кантип көтөрүп жүрөт экен деп ойлоп кетем кээде жазалма кирпиктерди.Бирөө айткандай"азыр уйлардын гана эмчегинде силикон жок,калганы бүт жазалма"
26.06.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу эмес айым болбойт, өзүнө кам көрбөгөн айымдар бар дегендей, айым ар дайым сулуу болушу керек. Биринчиден, өзү үчүн. Жасалма болсо да өзүнүн келбетиндеги анча-мынча мүчүлүштүктөрдү жаап-жашыруунун эмнеси бар. Мен жасалма болсо да колдойм. Бирок бир тонна макияжды чаптап алгандарга айтарым, андан көрө маска эле кийип албайсыңарбы.
26.06.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айал заты баары сулу дегеле адам заты сулуу затта,бирок айалдар жасансын,бойонсун,бирок анчалык коп эмес озуно ылайыктуу жасалмасы жок эле, жасалма узартма кирпик каштарын менен суйуп калдык дейли, эрге тийди жасалмасы жок маймыл болуп калабы
26.06.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу эмес адам болбойтко... адамдын жан дуйносу сулуу болсо озу да сулуу болот
27.06.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nogo alyp baruuu4unu almawtyryw kerek ?jasalma voobwe
27.06.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошумчалабастан, бар нерсени боеп койсо кичине болот.
27.06.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасалма сулулук бир четти жакшы. Бирок жарашпаса кереги жок. Кээ бир кыздар балжыраап боенуп алат.
29.06.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо сонун экен жасалма сулуулук.
29.06.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сырткы сулуулук - ничто, ички сулуулук - все!
02.07.2012. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял затынын баарысы эле сулуу,эгер макияж десе эле,чаптанып албаса.озуно жарашыктуу,женил боенуп журсо болот да.Сулуулук сыртта эмес ичте.
SUPER.KG видео
06.07.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Videodogu kirpik, tyrmak jazatyp jatkan ejekeler ushul jakka jumshagan akchalaryn aryktaganga jumshasa bolmok:(
05.01.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял... Эх, бул соз айтылышы м.н коз алдыбызга мээримдуу эне, эже, синди, кызыбыз келет эмеспи.? Аял жанды жараткан сулуу кылып чеберчилик м.н жаратып койгон. Мен ар бир аял ар куну жарым саат убактысын озуно ажыратуусу к.к деп ойлойм.Муну айыл шаарга тиешеси жок го дейм Берметкан...!сен сулуу болсон эмнеси жаман?Динде аялдар куйоосу келгичекти жасанып, атыр-упасын сээп,ачык маанай м.н кутуусу керектиги айтылган. Мен дайым ошентип куйоомду кутуп алам. Мындан менин ди жолдошумдуда конулу которулот
28.03.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermet ozu shaardyk kyz beken hi-hi okshoshpoit goooo)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо