№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
Астанада түрк элдеринин улуттук оюндары боюнча Балдар фестивалы өтүп, ага борборубуздагы №5-улуттук компьютердик гимназиядан 8 окуучу катышып келди. Окуучуларыбыз жөн гана катышып келди десек жаңылышабыз, себеби алар өлкөбүздүн намысын коргоп, биринчиликти канжыгага байланышты, азаматтар!
Бул иш-чарага 8 өлкө катышып, чүкө, беш таш, жети таш, тогуз таш, орто топ жана чикилдирик оюндары боюнча таймаш жүргөн. Фестивалдын негизги максаты – улуттук оюндарды жандандыруу жана өлкөлөр арасындагы достукту чыңдоо. Айта кетчү нерсе, аталган фестивалды Астанадагы Юнус Эмре атындагы түрк маданий борбору уюштурган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |