«ЖОЛДУ КАРАП МЕНИ ИЗДЕБЕ»

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

Көңүл жараатын айыктыруу кандай татаал жана оор?! Эркек болгондуктан, ичтен сызып, жарылып дартымды эч кимге айтпасам да, кандай абалда жүргөнүмдү жүдөө кейпим айтып турат. Өзүмдү жубаткан сайын ичимдеги бир ууч эт бир секунд тындырбай сайгылайт...

«УНУТТУМ, БИРОК КЕЧИРЕ АЛБАДЫМ»
-Билесиңби, биз экөөбүз такыр башка адамдарбыз. Экөөбүздүн оюбуз да, мүнөзүбүз да, жашоого болгон көз карашыбыз да дал келбейт. Сен алоолонгон от болсоң, мен жаңы атырылып чыккан жанар тоодой элем. Экөөбүздүн ортобуздагы бүтпөс чырлар, бири-бирибиздин дарегибизге айткан одоно сөздөр, балким, экөөбүздүн тең жинибиздин чукулдугунандыр. Мен өзүмдү эркек катары дайыма лидер сезгим келчү. Сен менен өткөргөн күндөрдө өзүмдү андай сезе алган жокмун. Мамилебиздин урашына да бир гана сен күнөөлүүсүң, сен! Сен жана сенин ичиңдеги экинчи адам.
Акыркы жолу экөөбүз базарда таарынышканыбызды эстеген сайын сени жек көрүп кетем. Ошондогу сай-сөөгүмдү сыздаткан сөздөрүң. Жердин катуулугунан гана ошол жерде түтөп сенин жемеңди угуп тургам! Себебин айтпай ыйласаң айлам куруп, мен да көзүмө жаш алганым али бүгүнкүдөй эсимде. Жек көрөм сени, жек көрөм! Айтчы, кантип, кантип биз бири-бирибизди анчалык жек көргөнгө чейин бардык? Азыркыга чейин түшүнбөйм! Бирге өткөргөн күндөрдү эстеген сайын ичим туз сепкендей ачышканы ачышкан. Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам эмес, андан да жакын экенине эми ынанып отурам. Сенин «мени унут жана кечир!» деген өтүнүчүңдүн биринчисин гана аткардым. Унуттум, бирок кечире албадым.

«КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАЙ ЭЛЕҢ»
-Кыз-жигит болуп жүргөн бир жыл аралыгында сага абдан көнүп алыпмын. Акыркы урушубуздан соң мамилебизге чекит койгонбуз. Сен мага чалбадың, мен сага чалбадым. Телефонумдагы сүрөттөрүңдү, номериңди кошо бүт өчүрдүм. Аттиң, бирок көөдөнүмдөгү сезимдер ыйлап, сыздап, ырбап жатты. Сенин номериңди телефонумдан өчүрсөм да, ал жүрөктө жазылып калыптыр. Бир ай ичинде жүдөп кеттим. Эч бир жан жок жерге барып, үнүмдүн болушунча бакырып ыйлагым келет, бирок жаш чыкпайт.
Арадан эки ай өттү. Балким, ачуусу басылып, өзүнө келсе керек деген максатта сенин номериңди кайра тердим. Басып салдың. Мен кайра чалдым. Кайра өчүрдүң. Ошентип, бир күн кечке трубканы алдыра албай убара болгом.
Эсиңдеби, кээде жиниңе тийип, атайын жолугушууга сенден кеч келчүмүн. Сен болсо сүйлөмөксөн киши болуп 15 мүнөт отургандан кийин «мен шашып жатам, үйдө жумуштар бар» деген шылтооңду айтып, тезирээк кеткенге аракет кылчусуң. Ошондо ичимден «аа, всё по плану» деп жымыңдап калар элем. Сыртыңдан сүрдүү, олуттуу кыздай көрүнгөнүң менен, ичиңден кичинекей кыздай элең. Кээ бир кылыктарыңды эстеп алып, азыркыга чейин жылмайып калам.

«КЫЗГАНЫЧТЫН ОТУНА КУЙКАЛАДЫҢ»
-Мен кайра-кайра чалганымды уланта бердим. Албаганыңда жиним келе баштады. Башка номерден чалып, дагы уруштук. Окууңа барсам, университеттин алдында башка бала менен жайдары сүйлөшүп отурупсуң. Менин кызганчаак жан экенимди билип туруп ушундай жолго барганыңа жол болсун дегим келди. Бүткөн боюм титиреп, сенин жаныңа жетүү мага бир күндүк убакыттай туюлду. Бардым, экөөңөр менен чогуу учураштым:
– Кандайсыңар?
– Жакшы...
– Көрүп жатам жакшы экенин!
– Сен дагы урушканы келдиңби?
– Жок, учурашканы...
Сени сүйгөндүгүм үчүн гана ошол жерде ашыкча үчүнчү адам болуп отурдум. Тиги тантыраган балаңдын сөзү кулагымдын сыртынан гана кетип жаткан. Ичимден сага ачуум келип, аным сыртыма да чыгып кеткенин өзүң байкадың болуш керек. Ал балаң кетти. Экөөбүз калдык.
– Ким бул?!
– Досум...
– А менчи?!
– ...
– Кайсы досуң?! Ушул досуң трубканы алдырбай жатабы, ыя?!
Мен сага дайыма айтчумун, "Чолпон, менин кызганчаактыгымды өч алуу максатында пайдаланба, өзүңө эле жаман болот" деп. Сен болбодуң. Баягы чырлар дагы уланды. Мен сени менен урушуп-талашкандан, чынын айтайын, аябай чарчагам. Сени жайыңа коюуну чечтим. Бир чети сүйсө өзү чалат деп ойлодум. Чалбадың. Эжем Кореяга мурунтан эле чакырып жүргөн болчу. Ачуум келип, сени менен коштошпой туруп кетип калдым...

«КАЙРАДАН МЕНИ АРБАБАЧЫ, СУРАНАМ...»
-Кореяда иштеп жүргөнүмө быйыл эки жыл толду. Бул жакка жаңы келгенде эжемдин курбусу Атыргүл эже жардамдашып, жол көрсөтүп, мени кээде жумушка чейин жеткирип турчу. Ошентип, бат эле тил табышып, түшүнүшүп кеткенбиз. Эжем Кыргызстанга кеткенден кийин Атыргүл экөөбүз жашап алдык. Бирок ичимден жаш курагым келип калганына байланыштуу үйлөнгөнгө ылайыктуу кыз издеп жүргөм. Кореяда Айжан деген кыз менен таанышып калдым. Оюмдун баарын токтотуп, ага үйлөнүүнү чечтим. Атыргүлгө үйлөнөрүмдү айтып түшүндүргөм. Ал жер кучактап ыйлаган бойдон калган, мен кийимдеримди алып чыгып кеткен бойдон кайрылып барган жокмун. Ата-энеме Айжан тууралуу айтып, тойго деген каражатымды топтоп, экөөбүз Кыргызстанга келип үйлөндүк. Болгону үч ай жашадык, мен катуу ооруп бейтапканага түшүп калдым. Кореяда иштеп жүргөндө катуу суук тийип, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырапмын. Айжанды кармаган жокмун, ал өз жолу менен кетти.
Күндөрдүн биринде бир окуя болуп кетти. Кокусунан интернеттеги социалдык тармактардын биринен Чолпондун сүрөтүн көрүп калдым. Ал желечеге кирип, сүрөттөрүн кайра-кайра көрүп чыктым. Өзү менен да сүйлөштүм. Ортодогу таарынычтарды унутуп, кадимки эски тааныштардай баарлаштык. Ал турмушка чыга элек экен. "Мен Кыргызстандамын" десем, сүйүнүп кетти. Учурда эки анжы ойдо турам, "эмне кылам?" деген. Эгер менин оюма койсо, көздү жумуп туруп Чолпонду Кореяга алып баса бергим келет. Бирок, Чолпон, кечир, сени бактысыз кылгым келбейт. Сени чексиз сүйүп, жүрөктө сен калтырган жараат айыга элек болсо да, сага бакыт тилегим келет.
Кечир мени, жан эркем. Эт-жүрөгүм эзилип, алсыз сени сүйсөм да, түбөлүк сенден кол үзүүгө аргасызмын. Өмүр бою сени менен баласыз өткөнгө даяр элем, эгерде сен да ошону каалаганда. Сени менен түбөлүккө урушуп, чырдашып, кызганып өткөнгө даяр элем, эгер сен макул болсоң. Өкүнүчтүүсү, сен буга даяр эмессиң, бирок жолумду карай бересиң. Кайрадан мени арбабачы, суранам... Жолду карап эми издебе, жалгыз аяк жолдо калганмын...

Нургазы

Лунара Бекиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
02.07.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
М.м.м. Жакшы баян болуптур. Менимче Чолпон келбесе керек. Соо кезинде карабаган адам мындай оор дартка чалынгандан кийин биротоло эле кол узсо керек. Бирок айтып кор, арманын ичинде калбасын. Балким хепи энд болоор. Эх, бироого кор, бироого зар дуйно.
03.07.2012. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maybeck, андай ответ жазгандан коро жазбай эле койсон болмок тушунугун жок десе
14.07.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maybeck, andan koro sen ele jazabi koibopsunda. Oroi dese
02.07.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынчалык эрте умутунузду узбон балалуу боло албайм деп дуба кылын баардык нерсе Аллахтын колунда.
02.07.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нургазы,балким сени жараткан суйгонуно кошуу учун ушул нерселер болуп жаткандыр,ошондуктан коркоктук кылбастан Чолпондун алдына барып,козмо-коз суйлош,шашылыш турдо эки адам учун жалгыз чечим чыгарба,балким чыныгы бактылуу жашоон эми башталаар,орустар айткандай, будь мужчиной!
02.07.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ох иий козумдон жаш куюлуп кетти да, 100% ге тушуном.Эгер чын суйсон ортодо канча убакыт отсо да кайрадан арбала бересин, бул суйуу.Менин окуям да ушул сыяктуу ажырашканыныбызга коп убакыт болсо да бири бирибизди кыя албай коштошуп кайра арбалып журобуз, экообуз тен алаксып башка менен суйлошкондой болобуз бирооооок болбой эле кайра кошуласын, бул да болсо тагдырдын сыноосудур.
02.07.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу
03.07.2012. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аа сен андай ойлоно бербей бир чечимге келишин керек. сен деген эркексин а балалуу болбойт экенмин деп аялынды дагы бактысыз кылыптырсын,мен деле куйом менен жашаганыбызга бир жыл болуп баратат балалу болбой жатабыз биз куйом экобуз дарыланып жатабыз кудайым берерин унутпаса эле болду. суйгондо,анан уйлонгондоошолордун барын ойлонуш керек аялындагы бироонун баласы.а суйгонун сени суйбойт экен мин аракет кылсан дагы кеч ал кыз тушунбойт экен,кези келсе тушунот.сага тилерим балалуу бол.
03.07.2012. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
koi emi sen da syiyygo akyn bar, saga kelgen 4yn syiyy, balkim aityp kor any dagy kyttyryp jyro berbei bir 4e4imge kel, bawyndy kotoryp jawoogo umtul,sen ALLAHty kobyrook estesen al seni esteit, duba kyl. erte 4e4im kabyl al.
03.07.2012. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх жигиттер жигиттер качан биз учун да чечим чыгарганынарды куру намыскойлукту коесунар.Андан коро ачыгын айтып тушундурсонор боло биз да адамбыз тушунобуз го.Ушул убакытка чейин турмугка чыкпаса демек кыздын да суйгонунун белгисидир.Озунду да, алды да кыйнагыча ачыгын эле айтканын туура го.Умут узгон болбойт ко андан коро Кудайдан тиленип дарылансан.Мумкун дарты берген Кудай шыпасын да берет.Кандай болгон кундо да Аллах озу колдосун сени.
03.07.2012. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти Нургазыга. Тушуном... 100%га...Чолпонго кайрылып, баарын башынан башташынды каалайт элем. Адам озунун жашоосун озу ар кандай шартта кура алат. Экоон чырдашып, кайра суйушуп жургон болсонор, ал эми жаштык кезинер эле. А азыр, турмуш озу эле олчоп-калчап коюптур го.. Акылынарга келип дегендей. Эн биринчи сый кучтуу болушу керек ортонордо. Деги айтаарым, кайрыл Чолпонго, ал байкуштун журогун эзбе суранам. Мен да Чолпондой бир назик,суйуумо жете албаган жанмын. Бакыт каалайм!!!
03.07.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжендин досу Атыгул менен жашап жургондо ал менден кетпесин кайра кайтып келсине деп куф суф кылып койсо керекда
04.07.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче суйуу чын эле экоонун ортосунда болсо, буга эч нерсе тоскоол болбойт деп ойлойм!
жаратканыбыз эки жаш бирин-бири суйуп турса, ортодо шам жагып экоонун мамилеси кайрадан жанып, бирге очок булантса, буларга жаратканыбыз куру кол калтырбаса керек!
04.07.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен Чолпондун озунон сурап корушун керек,анткени сен эки адам учун чечкенге акын жок..чыныгы суйгондон кийин суйгон адамындын акыркы ой созунон айрыбасан туура болотго дейм..аны менен чын сыр чечип суйлошкондон кийин кана баары озу эле чечилет! а балалуу болбогондор деле балалуу болуп жатпайбы,кудай буйурганы болотго дейм!!!
05.07.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызганчаактыгын куноолу Нургазы эгер кызганганыны койбосон дагы жанылуушуларын коп болот деп ойлойм
06.07.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер ар ким менен жатып журуп ар кандай оору жугат...
06.07.2012. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо гезитин жамааты.Сиздердин 29-июнь-5-июль, 2012-жылы чыккан саныныздарда Нургазы деген жигиттин «ЖОЛДУ КАРАП МЕНИ ИЗДЕБЕ» аттуу ой толгоосу жарыяланыптыр. Аябай эле сонун. Бирок, ал жигиттин темасы жана ой толгоонун аягынадагы "Жолду карап эми издебе, жалгыз аяк жолдо калгамын" деген создору акын Жыпар Умарованын "Элегия" деген ырынын саптары. Бул ырга мен обон жазып, ЭлFM элдик радиодон, Нарындагы "Алмаз" радиосунан менин жана ырчы Айпери Кулбаеванын аткаруусунда берилуудо. Н
09.07.2012. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай!кап!сүйүү дегенды...
14.07.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyska oilop,wawylywtyn keregi jok. Men oiloim 4olgonda suiso birge bolosunar buirusa.silerdin tubolukko birge,baktyluu boluwunardy kaalaimyn
26.07.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал киного
30.11.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы суйууго туруктуу деп айтса болот сени Нургазы. Куйут ичте калбашы учун болгон чындыкты айтып кор...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо