Ысык-Көл облусу боюнча жайкы эс алуу сезонуна карата ар бир дем алыш күндөрү жол коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүү иши уюштурулган. Өткөн аптадагы рейд учурунда 8 айдоочу мас абалында кармалган. Жума, ишемби, жекшемби күндөрү курорттук жайлардын аймагындагы жолдордо жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын рейддик иш-чаралар уюштурулуп, 22-24-июнда 250 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдайт.