Кубан Атабековдун жубайы Элиза Эшенкулова: «КУБАН БИЗДИН «ЗАОЧНЫЙ» АТАБЫЗ»

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

Качан да болсо айымдар үчүн турмушка чыгуу эң жоопкерчиликтүү учур. Өмүр бою жолдошуңдун ысык-суугуна күйүп дегендей. Ал эми элге белгилүү чыгармачыл адамдын жубайы болуу андан эки эсе түйшүктүү болсо керек.

– Элиза эже, Кубан байке экөөңүздөр кантип табышып калгансыздар?
– Мен журналистиканы аяктагам. КТРКда практикада жүрүп таанышып калдык. Башында агай катары мамиле кылып, мага жардам берип жүрдү. Көрсө, Кубан ошондо эле курбу кызымдан мен жөнүндө көп сурачу экен да. Кыз-жигит болуп 3 жылдан ашык сүйлөшкөндөн кийин баш коштук.

– Өзү агайыңыз болуп жүрсө, кантип сиздин макулдугуңузду алды?
– Кубан негизи эле кыздарга башкача мамиле жасайт. Азыр деле кыз-келиндерге “сиз” деп кайрылат. Дос балдары күлүп калышат, “сен Элизаны сиз-пиз деп жүрүп эле башын айлантып алдың окшойт” деп.

– Анан үйлөнгөндөн кийин «сиз-пиздер» өзгөрдүбү?
– Сүйлөшүп жүргөн кезде токтоо болчу да. Ойлочумун, башкарып алам го деп. Бирок көп нерсени мени менен акылдашса да, баары бир өзү ойлогондой жасап салат. Анан ушул убакка чейин Кубандын жини барбы деп таң калам. Такыр ачууланбайт. Кубанса да, кейисе да ичине катып жүрө берет.

– Дагы кандай мүнөздөрү жиниңизге бир аз «ойноп» коёт?
– Бир эле мага эмес, жумушта иштеген кыз-келиндерге деле макалдардан аралаштырып чымчып-чымчып сүйлөп койсо, алар “аялыңыз кантип сизге чыдайт?” деп айтышат экен. Үйдө деле мага ошентип кыжырыма тийип калат кээде. Мен “макалдатпай эле сүйлөчү, андайды түшүнбөйм” десем, “жашсың да, жашсың” дейт.

– Сиз анын жардамына муктаж болуп турганда жаныңызда болбой калган учур болгонбу?
– Менин маңдайыма жазылганы ошол окшойт. Эки баламды төрөгөндө тең Кубан монтажда болуп калган.

– Анда үйдө аз болуп, үй менен көп деле иши жок турбайбы?
– Кара жумуш кылып, мык кагып, оңдоп жиберейин дебейт. Андай иштерди өзүм эле жасайм. Кээде айтып калам, «дагы жакшы, кабаттуу үйдө жашайбыз. Эгер жер үйдө жашап калсак, биздин эшиктин алды кандай болмок экен?» деп.

– Үйгө келгенде эмне кылат анан?
–Гезит, китеп окуйт, көрсө­түүлөрүнө даярданат, телевизор көрөт. Бетин бекитип эле гезит окуп отурса, «биздин «заочный» атабыз келди, квартирант» деп тамашалап калам. Бирок түшүнүүгө аракеттенем.

– Жолдошуңуз сизге кандай талаптарды коёт?
– Өзү арак ичпейт, тамеки тартпайт. Бирок тамактарга талабы күчтүү. «Үйдө дайыма суусундуктар турушу керек» дейт. Дайыма жарма, максым жасайм. Биринчи, экинчиси менен тамак жасайм. «Дайыма биринчиси суюк тамак, экинчиси сууга бышырылган күрүч болсун» дейт.

– Азыр «Евро-2012» жүрүп жатат, үйгө кеч келсе керек. Андайда сиздин реакцияңыз?
– 2 балалуу болуп калдым да. Алар менен алектенип отуруп кеч кирет. Түнкү 3тө келип жатат. Биз уктап калабыз. Өзү келип, ичип-жеп жатып калат.

– Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?
– Азап да, ырахат да эмес. Азаптуу жагы көбүрөөк го. Убактысы тар болгондуктан, үйгө, балдарга жакшы каралашпайт. Көп жактарга чогуу бара албай калабыз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Атактуунун аялы болуу азаппы же ырахатпы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
30.06.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соонун бактылуу уй булоолордон болуп журо бергиле вазир жакшы хан жакшы айал жакшы эр жакшы дегендей Ильяздын жубайыда тушунуктуу жылдыздуу жонокой жакшы экен кармашкан колунар узулболсун эсен аман эки болок болуп алгыла албетте бири биринерге жолок болуп журо бергиле...
SUPER.KG видео
30.06.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
molodsi, budte schastlivi
SUPER.KG видео
30.06.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
baktyluu bolgula
SUPER.KG видео
30.06.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsin,Medina!!!
SUPER.KG видео
01.07.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула.уну каргылданып сурдоп маек бериптир жаш та,баары алдыда
SUPER.KG видео
01.07.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо эмне толук корсотпой жатат кана Ильяздын жубайы жокко?
02.07.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул талантту алып барычуу мага жагат!
02.07.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео алмашып калыптыр.
02.07.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубан байкенин "Спортту суйунуздор ийгиликтерди жарата бериниздер"деген созу абдан жагат!«Евро-2012ни» мыкты дэнгээлде кыргыз элине жеткизе алды!Женекебизде арман коп го!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзүнүн болгон эле үнү менен сүйлөсө болмок! Эмнеси болсо да бактылуу болгула!
02.07.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорттук беруулорду кыргызча жеткизуудо чыйыр салды,азамат!
SUPER.KG видео
02.07.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Атабековдун жубайы мыкты корунот. Медина, аман эсен көз жарып ал.Ильязды ата кылып, бакытка бөлөп салчы!
02.07.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekoo okwow eken go!
02.07.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул видео наркы жакта да журотго тушунбой калдым чота .....
SUPER.KG видео
04.07.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар балдарды заводтон чыгара бергиле
04.07.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban baike azamat! anyn suilogonun ugup timele sport korgun kelip ketet.Ayali da jonokoi adamdardan eken. Baktyluu bolgula!
SUPER.KG видео
05.07.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой калдым болгон голосу ушундайбы туугандар? Азыркы жаш журналистер жакшыраак суроолорду берсе "турмушта кыйынчылыктар болчу беле" ( дегендей) деп кандай тушунсо болот
SUPER.KG видео
06.07.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
06.07.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ильяздын жубайы омуруну берсин жасалма суйлобой озунун унун менен суйлосон отл болмок анан да кызгансан ыссыгында кызганбапсын 2 кундон кийин унут
06.07.2012. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuban baike mykty alyp baruuchu! Suilaim, ishine iygilik. . .
SUPER.KG видео
15.09.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уйбулоолордон болуп журо бергиле Медина менен Ильяздын бешик боонор бек болсун Розан аллахтын суйгон пенделеринен болсун!
SUPER.KG видео
15.09.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
переживает халатынын курун айрып салмай болду аз жерден. Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
21.09.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге Кубан А табековду таныбайт экен? кайра жакшы таанышар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо