Абдылда Иманкулов: «САЯСАТТЫ САТИРАГА САЛАМ ДЕП КЫСЫМ КӨРҮП КАЛАМ»

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

Келаткан жылдын жаз айларында 50 жаштын кырын ашканы турган куудул Абдылда Иманкулов жаш курагында бир топ жылдар бою театрда актёр болуп иштеген. Ал күндөрүн эстегенде кээде театрдан кетип калгандыгына өкүнүп да кетет. Ал тургай азыр да ичинен өзөктүү бир ролго сунуш күтөт экен.

– Саламатсызбы, Абдылда мырза, кечээ эле айылдан келдим деп калдыңыз. Жайкы эс алууну айылдан баштадыңызбы?
– Ооба, негизи, менин жан дүйнөм айылга өтө жакын. Себеби атам өмүр бою жылкычы болуп иштеп, балалыгымдын баары айылда, жайлоодо өттү. Мүнөзүм да ошол себептен кыялкеч болуп калган окшойт. Расул Гамзатов айткан экен: “Адам өзүн бактылуу сезиш үчүн балалыгы менен карылыгын айылда өткөрүш керек”,- деп. Аны ойлоп, айылдагы кошунабыз үйүн сатып жатканда мен сатып алып койгом. Малга жакынмын десем, аша чапкандыкка жатат. Ошентсе да аз-маз мал кармайм.

– Айыл, мал, жайлоо сиздин балалык күндөрүңүздү эске салат экен да анда...
– Мен 10 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Ошол себептен бирибиз да эркелик деген эмне экенин билбей чоңойдук. Ата-энем байкуштар онубуздун кимисин эркелетип жетишмек эле? Бири-бирибизди сооротуп, урушуп-талашып жүрүп эле чоңойгонбуз. Азыр, Кудайга шүгүр, онубуз тең үй-бүлө күтүп, үйлүү-жайлуу болдук. Эң өкүнүчтүүсү, атам ушул жылдын апрель айында сексен жаш курагында дүйнө салып кетти. Апам азыр 78 жашта.
Кичинемде абдан тартиптүү, сылык-сыпаа, жакшы окуган бала болгом десем болбойт. Эртең гезитти окугандан кийин айылдаштарым, классташтарым “Абдылда аферист болуп кеткен экен” деп жүрүшпөсүн. Тентектикти болсо жакшы эле кылдым. Бир жолу мектепти аяктап жатканда жолдо кетип баратсам, химиядан берген эжем алдымдан чыгып калды. “Абдылда, сен өзүңдүн абалыңды билесиң да, ээ?” деди, “ооба” дедим, мен да башымды шылкыйтып. “Макул, мен сага “5” коюп берейин, бирок сен кийин мени уят кылып жогорку окуу жайга тапшырбагын, сен артист эле бол” деди. Бул менин бала кездеги тентектигимдин жыйынтыгы. “Макул” дедим да, ошол сөзүмө туруп, окууга тапшырбай артист болдум.

– Эми кеп учугун үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз тарапка бурсак...
– Үй-бүлөлүүмүн. Жубайымдын аты Ырыс. Наргиза, Талант, Ажар жана Нуртегин деген эки уул, эки кызым бар. Жеңеңер үйдө, мени менен гана алектенет, андан башка жумушу жок. Улуу кызым Наргиза турмушта, 4 баланын энеси, андан кийинки балам Талант да үйлөнүп, бизди эки неберелүү кылганга жетишти. Келиним – журналист, кичүү кызым – студент. Кенже уулум, буюрса, 4-класска көчтү.

– Очор-бачар болуп калган экенсиз, ушул үй-бүлө жаңыдан түптөлө баштаган кезди эске салсак...
– Мен анда аскерден келип, Токтогулда Элдик театрда иштеп жүргөм. Ошондо китепканада иштеген Ырыс деген кыз менен таанышып калдым. Бир күнү жеткирип баратып, созуп жүрөмбү “Ырыс, сен мага эле тийип албайсыңбы?” дедим, ал дароо эле “кызыксың го, Абдылда, мени сенден башка ким алмак эле?” деп койду. Болгон толгон сүйүүбүз эле ошол. Ээ, макул турбайбы деп бир күнү ала качып кеткем, барып алгандан кийин отурбай, ыйлап, кетем деп бир топ ызы-чууну салса болобу?! Көрсө, ал мени какшыктаган экен. Аны кийин айтып жатпайбы. Кудай ооз кесирлик кылбасын, тфү-тфү, экөөбүздүн ортобузда азыркы күнгө чейин чоң чырга айланган уруш чыга элек. Ырыстын эки гана жери жакпайт. Бир жакка барарыбызды эки саат мурун айтсам да, жарым саат кечигип чыгат. Анан да бир иш кагаздарын сурасам эле “аны албадың беле?” деп алдын ала коргонуп, “азыр карап көрөм го” деп кирип кетет. Тапса тилин чыгарып алып келет, таппаса “өзүң алгансың” деп танып кетет. Ошонусу да жакпайт. Калганы Кудайга шүгүр.

– Үй-бүлөдө кандай жолдош, кандай атасыз?
– Кээ бирлерди билем, колунан келбегендер деле “мен кыйратам” деп айта берет. А мен антип айта албайм. Эч нерсени кыйратпайм. Уктаган колумдан жакшы келет, тамакты жакшы жеп берем. Ичкиликти жактырбаган адамдардын катарына кирем, бирок жакшы чөйрөдө ичип деле коём. Андайда эч кимге зыяным жок. Соо кезимде кандай болсом, масымда да ошондоймун. Анан да үйдө жумуш кылганды жакшы билбегеним менен, жумшаганды катырам. “Как будто” ал киши милдеттүүдөй жумшайм да тимеле. Кээде эч ким жокто үйгө конок келип калса, үйдөн эч нерсе таба албай убара болом, кирип-чыгып эле “азыр” дей берем. Анан айлам кеткенде кошуналарды жардамга чакырам. Айтор, амалдан чыгып кетем да. Өзүм конокко барган менен конок тосконду жакшы көрөм. Үй-бүлөмдү бирөө багып турса, ошо менен эле алектенип кетмекмин го. Айла жок, иштеш керек.

– Үй-бүлө багуу үчүн чыгармачылыктан тышкары иш кыласызбы?
– Жо-ок, кайдан, ушул чыгармачылык менен иштегенге да мага түртүп турган киши керек. “Байке, жүр тиякка, жүр бул жакка” деп келишкенде гана иштебесем, жата берем. Бирок үйлөнгөн күндөн тартып аялымды же балдарымды ачка калтырган жокмун, кийими бүтүн, курсагы ток багып келатам. Акыркы жылдары гана балам иштеп калды. Балам мамлекеттик жумушта иштегендиктен, ага деле жол киресин мен берип калам.

– Сиздин бир топ кесип­тештериңиз саясатка аралашууну каалап жүрүшөт. Дегеним, Рахман Разыков депутаттыкка талапкер болсо, Жамбыл Камчиев менен Борончу Кудайбергенов ажолукка ат салышты эле. Сизчи?
– Саясатчы эмесмин. Бирок ага кош көңүл да карабайм. Негизи, депутаттык “как раз” Рахман экөөбүздүн ишибиз да. Көп нерсени айтасың, бирок эч нерсеге жооп бербейсиң. Чынында, Борончу менен Жамбыл президенттикке коюшканда аны шылдың катары кабыл алып, туура эмес кылышты деген пикиримди билдирсем, гезиттердин бири “ичи күйүп жатат” деп жазып чыкты. Антейин десем, Жамбыл менен Борончудан да билими пастар жүрүштү. Кайра бул экөө деле туура кылган окшойт деп каласың.

– Саясатты сатирага салып жакшы эле калчап келесиз. Мунун зыяны тийбейби?
– Зыяны тийгени ошол да, үч жылдан бери жүрүп келаткан “Ар бир айдын алтысы” деген концертибиз токтоп калды. Биз саясатчыларды сатирага салып ойносок, алар бизге келип “койсоңчу” деп коркутуп айта албайт да, эртең бул минтти деп дагы эле тамашага салынып каларын билишет. Спорт Сарайынын ижара акысын кымбаттаткандан кымбаттата беришет. Бир концерт койгонуң акыркы кезде 250 миң сомго чыгып кетти. Башка артисттерден уксаң, андан бир топ арзан эле коюшат. Мейли деп акчасына чыдап койсоң, белгиленген күнү “өрт өчүрүүчүлөрдөн уруксат алыш керек, бул жери минтип калды” деп чыгышат. Анан өрт өчүрүүчүлөр сөзсүз уруксат беришпейт. Ошентип саясатты сатирага салам деп кысым көрүп калам.

– Кээ бир саясатчылар келип, “ушул сатираңарды элге көрсөтпөй эле койгулачы” деп суранган учурлары болду беле?
– Андай саясатчылар да бар. Суранып келип калышат. Саясат саясат менен, ал эми өмүр өтө берет экен.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Бар болуңуз.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Абдылда Иманкуловго кысым көрсөтүлүүдөбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(40)
02.07.2012. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда бул кишини коргондо эле куло бересинда таланты кучтуу аябай сыйлайм
02.07.2012. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервьюсун окуп атып унун уккандай болдум,:)
03.07.2012. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operaledi, сенин айтканынды окуп кулкум келип ынандым себеби мен да окуп жатып куудулдун мимикасы менен унун уккандай болдум.
02.07.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накта Талантты ушул кишиге кудайым берип койгон кандай роль болбосун майын чыгара аткарат азаматсыз талантынызга таазим!Кантсе да Токтогулдук да!
02.07.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, ии да. Мен да кээде ойлоп кетем. Аялымды Токтогулда торотсомбу деп. Балким жугуп калаар.
04.07.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maybeck, Туура кыласын,аялынды Токтогулга жонотуп жибер,бир жылдан кийин Абдылдага окшош балпайган бала кучактап келет.maybeck,
02.07.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul90кайран Рахман аке эмес,кайран Абдылда аке.
02.07.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткаруу чеберчилиги кучтуу Абдыкенин,коргон сайын боорумду тырмап калмайым бар.
02.07.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19 аа оа вхахааа Абдылда ака да туура айтасын мен да не болуп кетти деп коем экоо окшошуп кетет эмесби
02.07.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куудулдардын арасыдан абдылда байкени корсон еле кулкун келет талантынызга таазим
02.07.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Таланттынызга таазим. Сизда устугулорго азырак ыргытсаныз эл артистигин беретир. Аантпесе ала албайсыз.
02.07.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим!!! Бар болунуз.
02.07.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл арттисти наамын качан алат болду экен
SUPER.KG видео
02.07.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул сыйлуу байкелердин тамашалары менен кулуп каткырып чонойдук эле,омурунуздор узун болсун. Баардык эмгегиниздерге тазим.
02.07.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылданы сыйлайм!
02.07.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
офигенный дядя!
02.07.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай таланттуу инсан! Ийгилик
03.07.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишини коргондо эле кулгонго даярданып турам
03.07.2012. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуусуна таланттуу, бирок озу айтмакчы жалкоо турбайбы!
03.07.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лучщий Куудул
03.07.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдыкени суйлогонун элестетип койдум. Абдыкени корсон жон эле маанайын которулот да. Иштеринизге ийгилик каалайм!
04.07.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой супер куудул да!ишинизге ийгилик,бекем ден соолук каалайм.
04.07.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда аканин талантына таазим кылам.Талантыныз ташкындай берсин.
05.07.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turushun korup elee kulo beremda, kaap korro albadim videosun no suroolorgo kudulcha jjob beriptir, osobenno, ejekesine soz bergeni jaktida. bar bolun bayke
06.07.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизги куудул деп ушул кишини айта алам. Турган турушу куудул. жамбыл айткандай Абдылда уйдай болуп корунгону менен тулкунун эле озу деген чын экен.Анткени ошондой эки жуздуулордун ролун катыра аткарат. Эки жуздуулордун ролун Жамбыл экоондой эч ким аткара албайт го.
06.07.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун болсун, бактылуу болунуз!!!!
06.07.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдылда байке аман болуң !!!бала баркаңыздын күнүн, күчүн көрүңүз !!! кытайлык кыргыздар да сизды жогору баалайыт !!!
SUPER.KG видео
06.07.2012. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чыныгы образды жаратчу киши да, бар болуңуз, арыбаңыз, бул кишинин ушунча жөнөкөйлүгү, ак көңүлдүгү сахнада ойноп чыккан тамашаларынан эле көрүнүп турат.
08.07.2012. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда байке ишинизге ийгилик. Сиз суперсиз.
SUPER.KG видео
10.07.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооба,чын эле аябай талантуу киши!биздин чондор ушундай атактууларды корбой каякты гана карап журушот.аларга тыйын берсен анан наам берет башка улуттар элге карап туруп эле ыйгарып коюшат го,агай ден-соолукта болуп,ар дайым ийгилик коштоп журсун,чондор бербесе да элдер сизди жакшы корушот,куйормандарыныз ар дайым колдойт.
SUPER.KG видео
23.08.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул инсандын талантын аябай сыйлайм. Жакшы ролдорду аткарат сатиралары мыкты. Сизден дагы мыкты тамаша азилдерди кутомун.
SUPER.KG видео
02.09.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
салам кыргыздар ушул адамга эмгек синирген деген наамды давно бериш керек болчу элден да подержка керек колдоо корсотушкерек
SUPER.KG видео
25.05.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулназ эже!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо