Иса Өмүркулов: «17 ЖАШКА ЧЫКСАМ ДА, ӨЗҮМДҮ БАЛА СЕЗИП ЖҮРӨМ»

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

– Иса, өтүп кеткен туулган күнүң менен!
– Рахмат!

– Кандай өткөрүп алдың бул күндү?
– Аябай жакшы болду. Туугандарым, досторум, сахналаш досторумдун арасында жагымдуу туулган күн өткөрдүм. Эртең менен турганда эле жакындарым жакшы маанай тартуулай башташты. 25-июнь күнү университетте сынагым бар болчу. Кирип барсам эле группалаштарым “туулган күнүң менен, Иса!” деп ырдап тосуп алышты. Мугалимимдин да колумдан кысып куттуктаганы жагымдуу болду. Үйгө келсем, туугандар келе башташты. Асыл Апасова эжем куттуктады. Ал эми сахналаш досторумдан Омар, Арсен, Мирбек Атабеков, Ислам Акматов, продюсер Миргүл, Айбек Замирбек уулу, Анжелика, Гүлзат Байзакова жана башкалар келишти. Алар менен түнкү саат 11де музыканы даңгыратып коюп алып дискотека баштадык. Бийледик, ойнодук. Кызыктуу өттү.

– Күйөрмандарыңдан кандай белектерди алдың?
– Нарында Айзада деген күйөрман кызым бар. Ал таксиден белек салып жибериптир. Эки периште турган сувенир, менин сүрөттөрүмдөн турган альбом жана куттуктоо кагазы экен. Аябай кубандым. Ага чоң рахмат.

– Көчөдөн таанып, куттуктагандар болдубу?
– Ошол күнү машинамды жуудурайын деп унаа жуугучка кирип калдым. Машинамды жууган кыз акчасын берсем албай, “туулган күнүң менен!” деп бекер жууп берди. Бир соода борборуна кирип калсам, кассир кыз “сатып алганыңызга рахмат. Туулган күнүңүз менен!” деп сөздүн аягына кыстара кетти. Ал эми электрондук почтама келген куттуктоо каттарын дагы эле окуп бүтө албай жатам. Ал жаатта мага байкем жардамдашууда. Мени куттуктагандардын баарына рахмат.

– Ал күнү туулган күнүм деп эле эч нерсе кылбай эркелеп жатып алсаң керек...
– Жок. Жеңелериме жардамдашып, үй шыпырып, дүкөнгө барып келип жаттым. Эл кеткенден кийин да жатып албай, дасторконду жыйнаштым.

– Чоңойгонуң сезилип жатабы?
– Өзүмдү 12-13 жаштагыдай эле сезип жүрөм. Чоңойгонум айдоочулук күбөлүккө ээ болгондугумдан байкалып жатат. Күбөлүк алчу күндү аябай күткөм. Машинаны 13 жашымдан баштап эле айдайм. Акыркы жылдары МАИ кызматкерлери токтото берип, кыйналып кеткем. Күбөлүгүмдү алганга баратсам, МАИ улам токтотуп жатты. Ал эми аны колума алгандан кийин сүйлөшүп алышкансып эч ким токтоткон жок.

– Күбөлүгүң кут болуп, жолуңда дайым жашыл күйүп турсун!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
02.07.2012. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!!!
03.07.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!!!!
04.07.2012. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
досторум дебей агаларым десен, алар сенден жашы улуу!
06.07.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кок жылгаяк деген киргиз чонойуп калганбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо