Ширин Муктарбекова: «ҮЙ-БҮЛӨМ ҮЧҮН ТЕЛЕДЕН КЕТИШИМ МҮМКҮН»

№504 29-июнь-5-июль, 2012-ж.

Ош шаарындагы ОшТВ телеканалы 2010-жылга чейин өзбек тилинде чыгып келген. Азыркы учурда Сюита Соурбаеванын жетекчилиги менен кыргыз тилдүү абройлуу телеканалга айланды. ОшТВнын “Таң шооласы”, “Өнөр” программаларынын телеалпаруучусу Ширин Муктарбекова менен маектештик.

ШИРИН КЫЗ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Муктарбекова Ширин Муктарбековна
Туулган жылы – 1990-жыл, 4-апрель
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району
Фобиясы – Түн
Хоббиси – Сууда сүзүү
Салмагы – 48 килограмм
Көп колдонгон сөзү – “Ошондой эле”, “айтайын дегеним”
Учурда «Таң шооласы», «Өнөр» программаларынын ре­дактору жана алып баруучусу

– Ширин, алгач эле маегибиз туулган айылыңдан башталсын...
– Мен айтылуу Аксы районунун абасы таза, суусу тунук Падыша-Ата айылында туулгам. Ал жерди жаратылышы аябай кооз, ка­сиеттүү жерлердин борбору десем жаңылышпайм.

– Бала кезиңден эле теле жыл­дызы болууну самачу белең?
– Ооба, күзгүнүн алдында туруп алып, өзүмчө эле диктор боло берчүмүн. Окуучу кезде кечелер менсиз өтчү эмес. Мектептин прези­денти болгондуктан, маданий иш-ча­раларды да өзүм уюштурчумун. Эрте кетип, кеч келсем, атам “жатып эле калбапсың мектебиңде” дечү.

– Журналистика тармагына кандайча келип калдың?
– ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде окуйм. Бул тармакка кастингге катышып келип калдым. Кастингден өтүп кеткеним менен, журналисттик билимим жок, эки сөздүн башын бириктире албай эле кыйнала берчүмүн. Азыр эми үйрөнүп калдым.

– Кандай комплименттерди көбүрөөк угасың?
– Теледен биринчи эле жүз кө­рүн­гөндүктөн, бет түзүлүшүмө комплиментти көп угам.

– Теледе жүз негизгиси эмеспи, келбетиңе кандай кам көрөсүң?
– Кечке күзгүнүн алдында отуруп, түркүн маскаларды жасаганга деле убактым болбойт. Табият берген сулуулук менен жашайм. Көп учурда алып баруучулардын беттери гримден бузулат. Биз көчөдө эле эмес, эфирге чыкканда деле көп боёнбойбуз.

– Акчаны көбүнчө эмнеге ко­ротосуң?
– Кесибим экономист болгондуктан, акчаны үнөмдөөнүн теориясын жакшы билем. Бирок аны практикада колдонуудан аксайм. Аялзаты болгондон кийин дүкөн бизге курбу болуп калат экен да. Жалтырап көзгө жакшы көрүнгөн нерсени ала бермей жагым бар.

– Жигиттерди көргөндө эмнесине биринчи көңүл бурасың?
– Жигит болгондон кийин жигиттик сапат­ка ээ болушу керек. Башка кыздар сыяктуу эле жигиттик мүнөзүнө көз чаптырам. Албетте, сүй­лөгөнүнөн көп нерсени байкаса болот.

– Бир жигит жагып калса, анын көңүлүн буруш үчүн кандай аракеттерди жасаар элең?
– Болгон аракетти дебейимби, тамаша. Кыздык намысты биринчи орунга коюп, жакса да биринчи өзү сөз баштамайынча мен эч кандай аракет жасабайм.

– Жактырган адамың “же телени танда, же мени танда” десе, эмне кылмаксың?
– Акча менен байлыктай эле жумуш да бир күнү кетет. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Эгер мен жактырган адам кадырыма жете алса, анда албетте, анын сөзү менен болом. Үй-бүлөм үчүн теледен кетишим мүмкүн.

– Кандай белек алууну жакшы көрөсүң?
– Кандай экенин мааниге албаганда белектин өзү чоң кубаныч. Чын жүрөктөн берилген болсо, абайлап сактайм. Бирок кучак толо роза гүлүн жакшы көрөм.

– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Жок, кыялымда элестеткен мырзага жолуга элекмин.

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(31)
02.07.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
сулуу кыз экен! Озу Жалал-Абаддын кыздарына эч ким жетпейтго, чиркин! Бетинин тунуктугун айтпа! Бактылуу бол! Иштерине ийгилик!
09.07.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, сенин козун коробу ал грим тооба!!!
03.07.2012. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айрыкча Кочкор-Атаныкына деп кой))
03.07.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek4oro, эмнеге андай дейсин???
03.07.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жузу эле жагымдуу эмес, уну да соонун Шириндин. Азаматсын! Ийгилик!
03.07.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Wirin! Onorun orkundoi bersin! "OwTV" telekanalynyn osup-onuguwuno, kyrgyz madaniyatyn taanytuga jana kyrgyz tilin saktoogo salymyn 4on! Ow waarynyn turgunu katary, ozumdun atymdan yraazy4ylygymy bildirem saga - rahmat. Juzundon jyluu jylmayun ketpesin, telekanaldyn ak juzu bolup juro ber! Alga Wirin! :)
03.07.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Andan syrtkary, ata-emene yraazy4ylygymdy bildirmek4imin. Uwundai jakwy tarbiyalap, 4onoituwkandaryna. Kop bolso eken Wirindei wirin kyzdar. ;)
03.07.2012. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Ширин! «Өнөр» программасына келген конокторго маниилуу, мааныздуу жана салмактуу суроолорду узатат. Бул нерсе менен мен Шириндин соз тапкычтыгына баа бермекмин. Жашоодо да, теледе да жургондо жузундон эч качан кулку кетпесин. "ОшТВ" теле каналынын кыргызчаланышына сенин да салымын бар экенин унутпа иштерине ийгилик. Алга Ширин!!!
03.07.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош ТВнын ширини сен ааматсын!Республикалык каналдарда иштегин .Ийгилик !
03.07.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! "Ош ТВ" ТРКнын мыкты кызматкери болуп, дагы даалай-даалай ийгиликтерди багындырып журо бер Ширин кыз! Бар бол, бактылуу бол,дайыма жакшылыктар коштосун!
03.07.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
модолес
03.07.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз урматтуу "ОшТВ"нын Ширини! Сизди сыйлайбыз жана урматтайбыз! САЙРАГУЛ
03.07.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Ширин деген карындашым Супер Инфо газетасына чыгып жатканына аябаааай кубанып турам!Ушундай аракетинден жазба!Сен баардык теле каналдарда иштей аласын,сага ишенебиз!Бул нерсени жууш керек!Мен силерди жакшы кором ОшТВ жана Ширин!Жоодар
03.07.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Ширин деген карындашым Супер Инфо газетасына чыгып жатканына аябаааай кубанып турам!Ушундай аракетинден жазба!Сен баардык теле каналдарда иштей аласын,сага ишенебиз!Бул нерсени жууш керек!Мен силерди жакшы кором ОшТВ жана Ширин!Жоодар
03.07.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин сени жашы коробуз жана кором!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!11
03.07.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынды бул дуйнодо сезсем керек.....эми биз кызыл койнок шай кийип.......
03.07.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атына заты жарашкан кыргызымдын сулуу бийкечи болуп журо бер!!!
03.07.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин озунун жумушун жакшы билген келечектен умуттондургон журналисттердин бири. Келечегин кен болсун! Дагы дагы жаны ийгиликтерди багынтып журо бер!
03.07.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин озунун жумушун жакшы билген келечектен умуттондургон журналисттердин бири. Келечегин кен болсун! Дагы дагы жаны ийгиликтерди багынтып журо бер!
03.07.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине жана жеке жашооно ийгилик...
03.07.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аябай сулуу экен ийгилик калаайм!
04.07.2012. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да
04.07.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени менен теппетен экен 4-апрель 1990-жыл :-)
04.07.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин суроолорго абдан жакшы жана тушунуктуу жооп берипсин. Молодец,умница. Эми билдим Аксынын кыздары сулуу гана боюнча калбастан,акылдуу болушат экен. :) айтканча бал муздагын эрип баратат. :)
05.07.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rysbek13, каяктагы балмуздак???
05.07.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу ОшТВны кыргыз тилдуу телеканалга айлантып абдан туура кылышты. Сюита Соурбаеваны кыйын журналист катары билсек, эми мынтип мыкты жетекчи экенин коргозуп жатат. Ишинерге ийгилик ОшТВ!!! А чынын айтсам, бул кызды тааныбайт экенмин, эми таанып журом, бирок сулуу, жылдыздуу кыз экен.Ийгилик!
08.07.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89. ото жагымдуу балмуздак.
17.07.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wiki eje iwinizge iygilik! Joow kyzdai korunot.
19.07.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шики эмес , ширин деген эн сонун атты бар го бул кыздын
11.08.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик калайм Ширин. Бактылуу бол!!!))
09.09.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Шириним да. Менин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо