Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨРҮК ӨМҮРДҮ УЗАРТАТ

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Өрүктүн мекени болуп Армения өлкөсү эсептелинет. Бул жемиш Армениядан Греция, андан кийин Европа өлкөлөрүнө македондук Александр аркылуу таралганы тарых булактарында айтылып келет. Дүйнө жүзүнө өрүктүн 50дөй сорту белгилүү болсо, анын 20га жакыны, "Кандек", "Курмайы", "Субхоны", "Мирсанжали", "Курсадык" сыяктуу даамдуу түрлөрү мекенибизде өстүрүлүп келет. Келгиле, эмесе, биздин күнөстүү Баткен облусунун бренди болгон өрүк тууралуу кеп салалы.

ӨРҮКТҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Пакистандын тоолуу бир районунун тургундары европалыктарга караганда 10 жыл узак жашашат экен. Окумуштуулар бул сырдын түйүнүн да чечүүгө жетишишкен. Көрсө, алар өрүктү күнүмдүк турмушунда кеңири пайдаланышат тура.
Чындыгында, өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган “өрүк сүтү” жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.
Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот. Эсиңизде болсун, өрүктү ач карын жегенге болбойт. Ошондой эле бул жемишти жеген соң дароо муздак ичүү сунушталбайт. Ичеги-карындарга зыян алып келиши мүмкүн.
Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.

ӨРҮК КАК ЖАСОО
Өрүк кургатуу иши алгач Орто Азия чөлкөмүндө башталганы айтылып келет. Андан өнүгүп отуруп акырындык менен дүйнө жүзүн кучагына камтыган. Өрүктү туура кургатууну жана сактоону кааласаңыз, анда аны күнгө эмес, көлөкө жана мелүүн жел жүрүп турган жерге кургатканыңыз оң. Бул сиздин мээнетиңиздин текке кетпесине жана витаминдүү жемишти кышка камдап алууңузду шарттайт. Эгер сиздин жашаган жериңиз же айлана-чөйрөңүз көлөкөдө кургатууга мүмкүн болбосо, анда бул сунушту да карап көрсөңүз болот.
Күнгө, бирок анын үстүнө бир нерсе жаап коюу менен сактоого болот. Бул аз да болсо какты күндүн терс таасирлеринен сактайт. Андан тышкары кургатуу учурунда чаң, кирден да алдын алган болосуз. Өрүктөрдү кургаткандан кийин кургак баштыкка же айнек идиштерге салып койсоңуз, көпкө сакталат.
Сиз билесизби, эмне үчүн кургатылгандан кийин өрүк кичине жана катуу болуп каларын? Себеби кургатуу учурунда анын курамындагы суунун өлчөмү 90 пайыздан 15 пайызга түшөт. Мындай учурда андагы шекердин көлөмү, витаминдер жана минералдар топтолушат да, анын даамы жогорку деңгээлге жетет.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Өрүк ширеси жана жумшак эти кандай типтеги тери болбосун жагымдуу. Сергитип, жашартып, бырыштарды канчалык бир деңгээлде жазат. Теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, серпилгичтигин жогорулатат. Бул маска бардык типтеги терилер үчүн пайдалуу. Маска үчүн ичке кесилген тилимин колдонуу жакшы. Эгер өрүк ширесин колдонгуңуз келсе, анда чүпүрөктү ага малып, бетиңизге жаап коюңуз. Кургагандан кийин чүпүрөктү дагы бир жолу ширеге малып, дагы 20 мүнөт жатыңыз. Андан соң жылуу суу менен жүзүңүздү чайкап койсоңуз жетиштүү. Эгер бетиңизде жара болсо, анда өрүк маскасын колдонбой турганыңыз оң.

АШКАНАДА
Ашканада өрүктөн кыям, ар кандай таттууларды, мармелад, шербет, шире жана шарап даярдап келишет. Кытай жана Япония ашканасында өрүктү туздап, закуске катары да пайдаланышат. Жаңы бышкан өрүктү муздаткычта 2 жума, ал эми бөлмө температурасында 2 күнгө чейин сактоого болот.

“ЖУМУРТКА” ТОКОЧУ Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 250 грамм
Кумшекер – жарым стакан
Жумуртка – 1 даана
Картошка крахмалы – 150 грамм
Ванилин – 10 грамм
Ун – 170 грамм
Өрүк (консерваланган өрүктү колдонсоңуз да болот) – 17 даана

Даярдоо ыкмасы

1. Каймакты эритип, ага кумшекерди кошуп аралаштырабыз.
2. Жумуртканы өзүнчө идишке чалып алып, каймак менен кумшекердин аралашмасына кошобуз.
3. Эми бул аралашмага ванилинди, унду жана крахмалды салып, бөлтөксүз кылып чалып алабыз.
4. Даяр болгон аралашманы целлофан баштыкка куюп, анан асты майланган табага аз-аздан чубуртуп тегерек кылып куябыз да, ортосуна жарым өрүктү салабыз.
5. Андан соң 180 градус­та ысып турган мешке салып, 15-20 мүнөт убакытта бышырып алабыз. Эгер кааласаңыз, бышкан токочтун үстүнө кумшекер күкүмүнөн себелеп койсоңуз да болот.

ӨРҮК ШИРЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Өрүк, кумшекер, суу

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач таза бышкан өрүктү жууп-тазалап алабыз. Андан соң өрүктү жарып, данегинен ажыратабыз. Сизге бир сыр, данектерди ыргытпай, чагып, кургатып алсаңыз, кышкы­сын жегенге, ар кандай таттууларды жасоодо колдонсоңуз болот.
2. Өрүктү данегинен ажыратып алган шире сыгуучу жабдыктан өткөрөбүз. Алынган ширеге теңме-тең муздак суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатуу шарт. Эгер шире сыгуучу жабдыгыңыз жок болсо, өрүктү данегинен ажыратып, сыр идишке саласыз. Үстүнө 2-3 сантиметр ашкыдай кылып суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатабыз. Бул аралашма толук муздагандан кийин өрүктү сүзүп, кол менен эзип, электен же жука дакиден өткөрөбүз. Алынган боткону баштапкы өрүк кайнатылган сууга кошуп кайнатабыз. Чыгарарда татымына жараша кумшекер кошуп, дагы беш мүнөт кайнатып, банкаларга куюп жаап койсок болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Өрүк жөнүндө билип алыңыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
09.07.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jogoruda oruktun paydasi dep,persiktin surotun koyup koyuwuptur
10.07.2012. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aote, персик эмей эле орук болуп турат ,ошондой сорту...
09.07.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aote - туура байкаптырсыз, сизге +5 )
09.07.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алма жеп акыйгыча,орук жеп олгон жакшы.(тамаша).
09.07.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыл орук кызыл орук жеп койгум келет сени коруп(тамаша)
09.07.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай эмне шабдалынын суротун койуп орук дегенин тушунбодум
10.07.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamek10, кечирип кой сен орук коро елек екенсин.
09.07.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат, жакшы кенештер экен
09.07.2012. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орук жонундо соз болуп атса, суротун карабай эле койгула да.
10.07.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу туугандар лейлекке келип конок б.п кетиниздер!!!
10.07.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орук жеп артынан суу ичсен ичегилерге куч келет дегени жакты. Чын эле ошондой менин организмимде, орук менен суу мушташышат болсо керек. Аябай жакшы кенеш болуптур
SUPER.KG видео
19.07.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мондур чаап чааралакей болгон оруктор го
SUPER.KG видео
20.07.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактын музыкасынан башка кыргыз музыкасы жок бекен?..
21.09.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidagy persik- al abrikos
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо