Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Майрамбек Осмонов: «ЭЛГЕ ЧАЧКАН ЫРЫСКЫМДЫ ЖЫЙНАП ЖҮРӨМ»

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Бир кездери Бек, Сыймык, Мухтар өңдүү ырчылар менен катарлаш ырдап жүргөн Майрамбек Осмонов аттуу ырчы агабыз бар эле. Ажылыкка барып зыярат кылып келгенден бери бул ырчыны сахнадан кээде гана көрүп калдык. Анда биздин сыйлуу төрүбүздө айтылуу Майрамбек Осмонов болмокчу.

"АТАМДЫ СҮРӨТКӨ ТАРТЫП КОЮП, ТАЯК ЖЕГЕМ"
-Балалыгым Токтогул районунун Толук айылында өттү. Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз, мен жетинчисимин. Кичинемде курсагымды тойгузуп койсо, мойтоюп эле отура берчү экенмин. Шоктук, тентектик деген менде болбоптур. Азыр апам айтып калат, “көрсө, тилиңден чыкмак турбайбы” деп. "Бактылуу балалык – ата-энеңдин көзү тирүүлүгү" деген чын экен. Кой-ай дей турган кожоң бар. Бирөө таш менен урса, келип атаңа айтасың. Өзүм айылда Кыпчак деген байдын коюн кайтарып чоңойгом. Ал – өзүмдүн атам. Атам колунан көөрү төгүлгөн уста эле, мындан 6-7 жыл мурун инсульттан каза тапты. Атам 39 жыл өмүрүн устачылыкка арнаган адам. Темир устачылыктын айынан бирөөгө така жасап берем деп анын сыныгы көзүнө кирип кетип, көзү өткүчө бир көзү көрбөй, майып болуп калган. Ага кол кабыш кылып жүрүп бул кесипти жакшы эле өздөштүрүп калсам керек, өзүмө зымдан машина жасап ойночумун.
Мектепте дене тарбия, математика, сүрөт, тарых сабактарынан жакшы окугам. Атам да мени айылдагыларга "балам сүрөтчү болот" деп мактап калчу. Эсимде, бир жолу атамдын сүрөтүн тартып жатып анын бир көзүнүн майып экендигин жашырбастан тартып коём деп аябай таяк жегем. Ошондон кийин сүрөт тарткыс болдум. 7-класска чейин жакшы эле балалыктын доорун сүрдүм десем болот. Андан кийин ишке жарап мал карап, чөп чаап, суу жыгып келмей деген жумуштар менин мойнума жүктөлдү. Бул нерсе адамдын өзүнө эле жакшы экен, атам айтчу, “кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн” деп. Мен азыр да бир күн эс алып, эртеси жумуш кылбасам кадимкидей бук болуп ооруп калам. Табиятымдан эмгекчилмин.

"ТАЛАНТЫМДЫ ЖАРНАМАЛАГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ"
-"Көптөн бери көрүнбөй кеттиң" деп сурап калышат. Эл катары эле жүрөм, өз турмушум менен жашап. Силердин гезитиңерге чыга элегиме да 7-8 жыл болуп кетиптир. Кээ бир адамдар бар го, 99 пайыз таланты жок, бирок бышпаган талантын жарнама кылып, ар кимдин артынан чуркап жүрө беришет. Мен антип өзүмдү сүйгөн адамдардан эмесмин. Спорт Ордосу менен филармонияга басып барбаганыма көп болуп калды. Бул менин ал жайларды танганымдан эмес, жөн эле буттар тартпай калды, чарчаган окшойм, сыягы. "Тулпар тушунда, күлүк күнүндө" деп коёт эмеспи, биздин ордубузга бара турган адамдар деле чыкты. Курандан башка нерсенин баарынан чарчайт экенсиң. Күндүз үйдө устачылык кылып жаным тынбайт, кечкисин тамадалык кызматым бар. Элге чачып койгон ырыскымды жыйнап жүрөм. 3 балабыз бар. Баары өз нугу менен.

"ЫРЛАРЫМ БОЛГОН ОКУЯДАН АЛЫНАТ"
-Негизи, мен ырды чыныгы окуялардан алып жазам. Мисалы, “Нарындык кыз” деген ырым мындан 13 жыл мурун башымдан өткөн окуядан алынган. Бейтапканага барсам, жакшынакай бир келин отуруптур. Жанында жигит отурат, ал кыз аны көзүнө илбей эле мени карайт. Мен бул жакта бушайман болом десең, "тигиниси байкап калса эмне болот?" деп. Кечинде филармонияда концерт берип, кафеге тамактанганы кирсем, жанагы кыз баягы жигити менен ошол жакта отурат. Ырдын текстинде “карап өттүң сен да, карап өттүм, көзүм менен чачыңды тарап өттүм. Жаныңдагы жигиттен чочуркадым, акыл-эстен адашып араң өттүм” деген саптар ошондогу абалымды чагылдырган. Кийин ал кыз менен таанышып, таксиге салып узатып жатып бир жолу сол бетинен өпкөн элем, “бир ай болду таанышып алганыма, сол бетинен бир гана жолу өптүм” деген саптарды да ырга кошком. Ошол бойдон кийин аны издебедим. Билбейм, ал учурда экөөбүзгө тең сүйүүнүн баркы жок беле, ал сүйүүбү, сүйүү эмеспи, түшүнбөгөн бойдон калдым. Ал эми Айнура Салахидинова ырдап жүргөн "өзүң деп соккон жүрөк, өзгөгө чаппай калды" деген саптары бар “Арман” аттуу ырымды биринчи жубайым Айгүлгө арнап жазган элем. Ошондо ичип жүрчүмүн. Аны менен урушуп-талашып жүргөн күндөрү досумдун вагонунда отуруп алып жазгам. Айгүлдүн үйүнө келип, көчөдө аккордеон менен ырдап берип жатып жарашкам. Бирок тагдыр ушундай экен, экөөбүз балалуу боло албай, эки айрым жолго түшкөнбүз.
Ырчылык, устачылык, сүрөтчүлүк өнөрлөрүмөн да күчтүүрөөк өнүккөнү куудулдугум болуш керек деп ойлойм. Анткени бир кишинин жанында 3 күн жүрсөм эле туурап алам. Кээде адамдын тамак жеп, оозунун кыймылдаганынан бери туурайм да, анан кээде ойлонуп, таң кала берем, бул деле Жараткандын берген таланты болсо керек деп. Күзүндө бере турган концертимде он чакты депутатты туурасам деп даярданып жатам.

"АЖЫ БОЛСО ЭЛЕ КАРАҢГЫ БОЛУП КАЛБАШ КЕРЕК"
-Ажыга барып келгенден кийин такыр эле караңгы жерде камалып калбаш керек. "Майрамбектин ырларынын тексттери ажы деген атына жооп бербейт” деген өңдүү сындарды мен этибарга албайм. Ал коомго жараша болот. Азыр элдин 80 пайызы сакалчандарды жаман көрөт, себеби коом сакалчан эмес. Ал эми Арабияда, тескерисинче, сакалы жокторду жаман көрөт. Мына, өзүмдү эле мисал кылсам, мен тойлорду алпарганда дин тууралуу айтсам, элдер чарчап кетишет. Ал сынчыларга айтарым, Майрамбек Осмоновсуз деле динди жеткире турган адамдар бар. “Шам намазга барайын, жолугалы кечинде” деген – жөн эле чыгарма. Башка обончуларга караганда менин тексттерим сонун эле, муну мен мукактанбай эле айта алам. Адамдын кан басымын көтөрүп, өлтүрө турган тексттери бар ырларды угуп эле жүрөбүз го.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Майрамбек Осмонов: "Ажы болсо эле караңгы болуп калбаш керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
07.07.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кишини сыйлайм,.....
ийгилик каалайм сизге!
SUPER.KG видео
07.07.2012. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хорошо говорит, но есть что-то в нем отталкивающее и не внушающее доверие. Может быть это из-за его излишней самовлюбленности...
SUPER.KG видео
07.07.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
amerikano. ну умник, сперва набери такой популярности как он, потом критикуй......
SUPER.KG видео
08.07.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
шам намазга барайын жолугалы кечинде ха ха ха
SUPER.KG видео
08.07.2012. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соннун суйлоптур жакты
SUPER.KG видео
09.07.2012. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER, во-первых, "набери такой популярности" - хе-хе!!! сперва научись говорить правильно. А во-вторых, я не умничаю а просто-напросто высказываю свое мнение. И еше, уважаемый LIVER, комментарии для того и пишутся, чтобы поделиться со своими впечатлениями...
09.07.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекейибизде Майрамбек Осмонов,Сыймвк Бейшекеев,БекБорбиев байкелелердин ырларын7 угуп эле чонойдук!!! Мечиттерден коп кором майрамбек байкени Азаматсыз!!!!Кайсы би мечитте Азанчы деп да уктум эле!!!!Аллах Ийгилик берсин!!!!!
SUPER.KG видео
09.07.2012. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы сүйлөп бериптир, б.а. чечендик жайы бар экен... Болгонун болгондой, түз, бетке, жасалмасы жок...
09.07.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз!Элдин бактысына!!!
10.07.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге балдарынызга омур берсин жаратканым.
11.07.2012. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз уйбулонуздо тынчтык болсун
SUPER.KG видео
12.07.2012. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишини абдан сыйлайм. Таланты бар, анын устуно Аллах Таалам туура жолго салып койго алтын адам! Биз медресени бутургондо да бул киши барган, созго чечен баарын озуно тарткан жана туура жолго ундогон Азамат инан экен! Бар болунуз, Аллах сизди колдосун!
12.07.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ищтеринизге ийгилик, бар болунуз , бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
21.07.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин озунун жаратылышы жана коз карашы бар деп айтылат эмеспи, ошого жараша, озунун жеке пикири катуу адам экен. Айткадарынын бир моменти туура экен, кудайга ишен, бирок чеги менен деген мааниде, себеби кээ бирлери кудайга ишенет десе эле, аша чаап, маджахеттин кийимин кийип, сакалын сербейтип, фундаменталист болуп кетишет экен.
SUPER.KG видео
30.08.2012. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz elime tileginiz sonun ayttynyz
SUPER.KG видео
21.09.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул айткан создорунуз эми аткарылса дейм!
SUPER.KG видео
26.10.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман кулдуруптур узаак жашаныз ага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо