«АЗЫРКЫ, АНДАН КИЙИНКИ ӨМҮРДӨ ДА СЕН!»

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

“Сүйүү жок, эч качан болгон эмес” дешет. Бирок бар экен. Ал бүтүндөй жашооңду астын-үстүн кылып, айланаңды болуп көрбөгөндөй кооз же тирүүнүн тозогу кыларын айткым келди. Менин окуям буга күбө...”

“БИР ТУУГАНЫМ...”
– Биз эки бир тууганбыз. Агам экөөбүздүн сырткы келбетибиз окшош болгону менен, көз карашыбыз таптакыр коошпойт. Ал – үй-бүлөнүн ишенген адамы, токтоо, ишенимдүү адам, а мен, тескерисинче, бир жерде токтобогон, кыз жандуу, тобокелчил, көчө жигитимин. Мен үйүмдө бекетке жүргүнчү конгондой жүрөр элем. Бир күнү агамдын бөлмөсүнө баш багып, анын чыкыя кийинип, галстугун байлап жатканын байкадым.
– О-уу, күйөө болчу жигит даярданып жаткан экен, ээ?
– Ооба, Нуриза менен жолугам...
– Кызык, ошол кичинекей сары кыз эми колукту дечи.
– Баарынан кызыгы, экөөңдүн туулган күнүңөр бир күндө экен. Ошол күнү экөөңдү жакындан тааныштырам деп ойлоп койдум.
– Ошондой бекен?
Нуриза атамдардын биздин айылдагы жакшы санаалаш адамдарынын кызы. Кичинесинде үйгө келип калганда анын чачынан тартып, куурчактарын катып коюп ыйлаткандан тажачу эмесмин. Биз шаарга көчүп кеткенде катышыбыз үзүлүп калып, кийин атамдар конокко барып келип эле Нуризаны агама ылайыктап калышты.
Ошол күнү агам менен убадалашкан кафеге баш бактым. Бир кыз жаагын таянган боюнча терезени ойлуу тиктеп отуруптур. Көңүлүм эрксизден бурулуп калды. Сулуу экен! Ойлуу тиктеген көздөрүндө кыялкечтиктин, жумшактыктын, белгиси бар. Мындай жанды карап туруп эс аласың. Ага карай кадам шилтегенимде агам кирип келди.
– Илим, сенин да эрте келген күнүң болот экен, ээ? Жүрү, Нуриза да күтүп калыптыр.
Мына сага! Нуриза ушул беле? Өзүмчө дел боло түштүм.
– Бул – Илим, сени ыйлата берген тентек жигит ушундай азамат болгон,- деди агам тамашалай.
– Тааныдым, көз карашы эсимде калган экен,- деди жылуу жылмайган ал. Мага ошол күндөн тозоктун оту башталды.

“ЖЕҢЕМЕ БОЛГОН ЖЫЛУУЛУК”
– Ушундай болду, эчен кызды кареги менен айланткан Илим Нуриза деген жандын капканына кабылды да калды. Башында “агамдын колуктусу болуп, биздин үйдүн босогосун аттаса, бул тартылуу өзүнөн-өзү жок болот” деп ойлогом. Ал тургай өзүмдү ишендирген элем. Бирок... Көргөндө качам, үйгө жолобой жоголуп кетем. Бирок кайра эле бир кымбат нерсемди түшүрүп алгандай издей баштайм. Шарт кескен шарлыгым, жиндилигимдин баары кагылды.
Бир күнү үйгө кеч келдим. Нуриза үй иштери менен алек болуп жүргөн экен. Мени көрүп акырын үн катты.
– Кел, азыр тамак жылытайын. Ачка болгондурсуң...
– Жок, өзүм эле...
Мага минтип апам да мамиле жасабай калганына көп болгон. Мага тааныш эмес жылуу мамиле ого бетер үрөйүмдү учуруп жиберди.
– Нуриза, тим кой. Мен өзүм...
– Илим, отурсаң, сени менен сүйлөшкүм келет. Эч ким менен сүйлөшпөйсүң. Келгенден бери ушул нерсеге таң калам.
Куру намысым ойгонуп “эмне ишиң бар, биздин мамиледе?” деп жибере жаздап барып, көзүнө көзүм урунганда шалдырай түштүм.
Ишенип койгула, ата-эне балдарынын баарын бирдей көрөбүз десе, калп айтып жатышат. Биздин үй-бүлөнүн сүймөнчүгү – башынан эле агам. Тартиптүү, мыкты окуган, ийгиликтүү агамдын көлөкөсүндө мен өмүр бою ата-энем үчүн экинчи планда элем. Кичинемде бүдөмүк атаандашуу бар эле. Кийин кыжырга айланды, ата-энемдин мени да байкашын, мага да көңүл бурушун кааладым. Оюма келген жорукту жасап жүрүп көчө баласына айлансам керек. Ошол күнү биринчи жолу адам аттууга жан дүйнөмдү ачтым. Нуриза мени аядыбы же табиятынан ушундайбы, мага камкор мамиле жасай баштады. Келгенимди, кеткенимди сурап, ишимди сурап, мага ишеним арткан биринчи адам да жеңем болду.
Ал менин сезимдеримди алгач байкабады. Агам менен бактылуу эле. Бир билгеним, мен аны агамдан көп эсе артык сүйчүмүн.

“МЕН СЕНИКИ БОЛБОГОНУМА ӨКҮНӨМ”
– Өзөгүмдү өрттөп бараткан бул нерсеге туруштук бере албасымды сездим. Кетишим керек эле.
– Кайда кетесиң?- деди атам адатынча угуп-укпай туруп.
– Башка өлкөдө иштеп келем.
– Деги сен тынчыйсыңбы?- күңкүлдөгөн атам сыртка чыгып кетти. Апам наалып, агам унчукпай кутулду. Көзүмдү көтөрсөм Нуриза өңү өчө шалдайган боюнча мени тиктеп туруптур. Жүрөгүм дирт эте түштү. Ошондо гана ал менин сезимимди билерин сездим. Андан да кызыгы, мендеги сезим анда да бар экенин туйдум. Бир гана көз караш менен эченден берки кыйналган сезимдерди айтып алдык. Азыр эркимде болсо кучактап, дүйнөдөгү болгон жакшы сөздөрдү арнабас белем! Айла жок...
Кетер күнү жаздыгымдын алдынан кат таап алдым. “Илим, сени ойлогум келбейт, бирок ойлобой калсам, өзүмдү жоготуп алгандай сезем. Сени көргүм келбейт, көрбөй калсам, өмүрүм токтоп тургандай сезилет. Бир аз, бир аз эле эрте жолукканда эмне... Улукту мен акылым менен тандагам, а сени жүрөгүм тандады. Өрттөнүп бараткан көз карашыңдан биринчи күндөрү коркуп жүрсөм, кийин ага көнүп калдым. Өрттөнүп кеттим. Бирок кеч... Бул катты окугандан кийин көрүшүп кереги жок. Кечир мени!”
Өмүрүмдө биринчи жолу ыйладым. Өкүнүчтөн, өмүрдү кайрып ала албаган айласыздыгыман ыйладым. Эртеси эч ким менен коштошпостон жолго чыктым.
Быйыл чет жакта жүргөнүмө 2 жылдын жүзү болот. Ошол аралыкта мен өзүмдү таптым. Өзүмдү түшүнгөнгө менин махабатым түрткү болду. Эми ар кимде ар кандай ойлор жаралышы мүмкүн. Бирок мен уяла турган, Нуризанын, менин адамдык намысыма шек келтире турган эч нерсе болгон жок. Болгону, мүмкүн болбогон жерден жолдорубуз биригип калды. Жардын кырынан кезиктик да, аргасыз ажыраштык. Башкалар үчүн экөөбүз тең бактыбыздан баш тартып, сүйүүбүздү түп-тамыры менен жулуп салдык. Бирок өкүнбөйм. Эгерде мага кайра эле ушул тагдырга ээ болосуң десе, баш тартпас элем. Кийинки өмүрүмдө, андан кийинки өмүрдө да бир гана сени сүйүп өткүм келет.

Илим

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(27)
09.07.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу...
09.07.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы,Илимге жалко.
09.07.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээххх кечиккен махабат...
09.07.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айабай окунучтуу екен.
09.07.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз акылдуу екен
09.07.2012. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кат жазган жери аябай жакты
09.07.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты ангеме экен, коркомдоп жазсанар сонун болмок экен!
10.07.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун тен эрки кучтуу, акылдуу ыймандуу адамдар экен.Бул да болсо бул дуйнонун сыноосу болсо керек.Ошол сыноода алар абийрин сактап кала алышыптыр.Агасын сыйлаган азамат жигит экен.
10.07.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх махабат махабат окунучтуу чет элге кетип туура жол тандаптыр!
10.07.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жененин жакшысы, кайнинин бактысы деп журо беришин керек эле Илим.
11.07.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женендин бир саны сеники деген соз бар кыргызда )))))))))))
11.07.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар балээни жазып баш катырышат,туура совет эн туура кылгансын Илим,намыс олумдон катуу ал сенин ир тууган аган
12.07.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уядан эмнени корсо учканда ошону алат деген кыргызда жакшы соз бар Азамат.... Илим Досун барда бийиксин, досун жокто таштан ташка секирген кийинсин дегендей сен оз олконо келишинди каалаймын себеби ал сенин женен бир кызга уйлонуп алсан тун суйун коз алдында турса болгондо да оз короонордун ичинде эмек келишинди каалаймын. Кыргызстанда сенден ыймандуу адамдар калбаганына окуном..... корсо бироо саясаттан чарчап кеткен болсо бироо махабатынан ажыраган турбайбы ...... Алайдан Идирисов Акылбек
13.07.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Илим
13.07.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодо суйуудон башка нерсе жоктой . Ай ушу .
13.07.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу экен
13.07.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
senin adamdyk sapatyna,erkindin ku4tuuluguno taazim.
Kaigyluu okuia,birok en ele okunu4tuusu sen al adam menen bir omurgo katywyp,mandaiynda juro beret.sen uwunundan jazbagyn. Suiuu,kyz tabylat. Ata-ene bir tuugan e4 kaidan tabylbait. Alar biz u4un bul jalgan jawoodo jalgyz jana yiyk.
13.07.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek
28.07.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты аябай кызык суйуу экен бактын ачылып жакщы кызга жолуксан экен
10.08.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунбодум кийин экоо уйлонуп ажырашыштыбы?
11.08.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Эркине таазим! Кудай берет. Эн негизгиси аман болсон,башкасы табылат. Илимдей адамдар жашоодо коп болсун,бирок журок оорутарлык суйуулор эмес........
12.08.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура жол таап онтойлуу маселеден чыгып кетиптир, бирок суйуу кургур курутат да!
12.08.2012. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жененда сенда аябай туура жол мене кетипсиздер. Ушулдан жазбаныздар себеп баарибир корушосуздор дайым
25.08.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes Ilim tuura jol tandagansin, jakshi kizdardi dagi jolukturasin,a birok bir tuugandi tappaysin oshonduktan tuura ele kilgansinar,
23.09.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek ekensin!!!
01.11.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсин! Женене жабышсан, аганын бактысына балта чабат болчусун да. Кыз табылат, сен да бактылуу болосун. Убакыт отуп баары жакшы болот.
01.11.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсин! Женене жабышсан, аганын бактысына балта чабат болчусун да. Кыз табылат, сен да бактылуу болосун. Убакыт отуп баары жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо