«УУЛУМДУ ӨЛТҮРГӨНДӨР ЖАЗАСЫН АЛМАЙЫНЧА ТЫНЧЫБАЙМ»

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Кийинки кездерде чек арачылар арасында дал ушундай окуялар көп учурачу болду. Бардык окуяда “аскерге капысынан ок жаңылды” дешет. Бирок чын эле ошондой болгонун аныктап, тактай турган адамдар аз. Жалгыз уулун мекенине кызмат кылууга жөнөтүп, өлүгүн тосуп алган эненин ыйы жүрөк титиретти.

Каза болгон аскердин апасы Кадиякан Сыдыкова: “АР КИМГЕ БИРДИК САЛДЫРЫП ТУРЧУ”
– Жалгыз уулум 8-классты бүтүп, мага жардамдашып базарда иштеп жүрчү. Өзүм 2 баланы атасы жок өстүрдүм. Дастияр аттуу уулум менин карманар адамым эле. Аны альтернативге өткөрүү үчүн Сузакка барсам, Таалай деген жигит “5000 сом берсеңиз, мен бүтүрүп берем” деп калды. Мен ишенип, 3000 сомду эптеп таап, колуна карматтым. Бирок кийин балам шаарда жүрсө, аны Жалал-Абаддын военкоматына алып барып салышыптыр. Эмне кылмак элем? Жамандык оюмда жок, 3-майда баламды узатып кала бердим. Кийин гана билдим, ал жактагылар уулумду бир баланын ордуна жасалма документ менен жөнөтүшкөнүн.
Дастияр Араван районундагы №22-24-Төө-Моюн чек ара заставасына түштү. Көп өтпөй эле “апа, бизди Алайга, Сары-Ташка жөнөтүшкөн. Ал жак суук, бийик экен, алым кетип жатат” деп телефон чалды. Андан да ар кайсы номерлерди айтып, “ушул номерлерге акча салып туруңуз, бирок “акча түштүбү?” деп сурабаңыз” деп калчу. З0-90 сомго чейин 7-8 күндүн арасында бирдик салып турдум. Балам мурда колу кесилип кетип операция болгон эле, колу шишип кеткенине байланыштуу Ошко кайра келди. Кийин деле ар кайсы номерлерге бирдик салдырып жүрдү. Аскерде бири-биринин үстүнөн үстөмдүк болорун билчүмүн, бирок унчуккан жокмун.

“БАЛАМДЫН ӨЛҮГҮН АЛЫП КЕЛИШТИ“
– Күйүп кетем да, биз балдарыбызды мекенин коргосо экен деп жөнөтсөк, алар бири-бирин урдуруп, өлтүрүп, өлүгүн кайтарып берип жатышпайбы! Минтип балдарыбызды өлтүрүп кайтаргыча, армияны жойдуруп эле салышсачы?! У.Оморов, Э.Кудайбердиев дегендерге бирдик салдырып, өзү телефон чалып жүрдү. Төө-Моюн деген Аравандагы аскер бөлүмүнө барып уулумду көрүп келгем. “Мен Жалал-Абадга милиция кызматкери болуп барам, анан Москвадагы аскердик окууга тапшырам” дечү байкушум. Э.К., А.Ж., Н.О., У.О. менен бирге кызмат өтөчү.
Старшина менен да сүйлөшүп, ага баламды Кудайга дайындагандай дайындагам, “жалгыз балам, балама тийбегиле, атайын эли-жерин коргогону жөнөттүм” деп. Ошол боюнча балам бир канча убакыттан кийин чалды. “Контрактта калып иштей бербейсиңби?” десем, балам “апа, көрүп жатам го аларды деле” деп жатканда “ким бул?” деген добуштар чыкты да, балам унчукпай, телефону ошону менен өчүп, байланыш үзүлдү. Өлөрүнө эки күн калганда телефон чалыптыр, алганга жетишпей калдым. Кайра чала албадым. Ойлойм да, балким, жетишип калсам, балам бир нерсе болгонун айтмак беле деп. Ошол боюнча чалбай, 6-декабрда базарда отурсам, Барпыдагы абысыным келип “кызыңыз менен үйгө барыңыздар” дейт. Эч нерседен кабарым жок Барпыга барсам, боз үй, машиналар турат. Бир маалда эле бир абысыным “Кадия, Дастиярдан ажырап калдык” дегенде кулагым тунуп, аалам айланып, апаат болуп кеткендей болду...

“СТАРШИНА АТЫП, КАЧЫП КЕТТИ ДЕШИП...”
– Баламдын өңү бопбоз болуп жатат. Киндик жагына ок тийип, үч жолу тигилиптир. Ок кирип, артынан чыгып кеткен экен. Ошол маалда Оштон келген полковник, Жалал-Абаддын лейтенанттары турушкан. “Старшина сержантты атып коюп качып кетти, табылбай жатат” дешти. Кийин гана айткан сөздөрүн танып кетишти. “Биз айткан жокпуз, бала өзү атынып алды” деп (айтылган версия боюнча, Дастияр чек арачы Алмамбет Жолдошевдин мылтыгын сурап, алыс барып буту менен мылтыктын милтесин басып, өзүн атып салган делет). Кандайча балам Алмамбет Жолдошевдин колундагы мылтыгын сууруп алат экен да, ашканага чуркап барып, бурчка туруп атынып алат? Бул – жомок, мени алдашпасын алар!
Оштогу Бакыт Матраимов деген тергөөчүгө жолуктум. Ал уулумдун документтерин толтуруп отурган экен. Карасам “атынып алды” деп жазылыптыр. 5-декабрда, балам өлгөн күнү мага Азамат Кыдыров деген телефон чалган экен. Кийин байланышсам, “заставанын командиримин” деди. “Мурун чалбай, так балам өлгөн күнү эмнеге чалдың? Эмнени билесиң?” десем, “сиз көп нерседен кечигип калдыңыз, көп нерсе жабылып кетти” деди. Тайсалдап, мурун айткан сөздөрүнө да жооп бере албай койду.

“БИРДЕ АСЫНЫП, БИРДЕ АТЫЛЫП АЛДЫ ДЕШҮҮДӨ”
– Сот болду. Соттун чечиминде балам Алмамбеттин колундагы мылтыгын жулуп алып алыс барып, буту менен мылтыкты басып атынып алды деген жыйынтык чыкты. Ок ичинен өтүп, шыпты тешип кетиптир. Бакыт Матраимовго каттап жүргөндө “кана экспертизанын жыйынтыгы? Мылтык, гильза, кан болгон кийимдери кана?” десем, “экспертизада, Бишкекте” дейт. Бишкектен 4-5 айдан кийин “атынып өлгөн” деген жыйынтык келди. Анан айрым документтерде “асынып өлүп алды” деп жазышып жатат. Мунун кайсынысына ишенесиң?! Козуев деген Оштун прокуроруна кирсем, “өзүңүз түшүнүк кат жазып берген турбайсызбы” дейт. Кагазда “Мен, Кадия Айдарова, балам альтернативада болсо да, аскерге жөнөтүүгө макулмун” деп жазылыптыр. Көрсө, менин атымдан военкоматта иштеген Н.Баева деген жазыптыр. Анан паспортумду алып чыгып, Козуевге “жаңылышасың, мен Кадиякан Сыдыкова болом, билип жүргүн” деп ыргытып жибердим.
Бул жасалма документти алар кайсы максатта жасашкан? Соттун өкүмүн окуп жатканда да “Лейлек районунда өлгөн баланчаев баланча” деп башка бирөөнүкүн окуп салды. Менин баламдын делосуна башка бирөөнүкүн жабыштырып коюшуптур. Бул деген Кыргызстанда мыйзамдын жоктугун көрсөтүп турат. Альтернативага документ жасап берем деп акча алган Таалай Москвага качып кетип, азыр ошол жакта иштеп, үйүнө акча салып жүрөт. Анын агасы балам өлгөндөн кийин 3000 сомду берип жибериптир. 3000 сом эмес, баламдын амандыгы керек болчу мага! “Куралын тарттырып жиберген” деп Алмамбетке 2 жыл берип коюшту. Башында Нуриев деген аскер Дастиярдын уюлдук телефонун дааратканадан целлофанга оролуп турган жеринен таап алыптыр дешкен. Кийин сотто Мусаев деген аскер дааратканадан мен таап алгам деп көрсөтмө берди. Ушундай туура эмес фактылар кетип жатат. Айтор, мени чарчайт деп ойлоп жатышат, мен күнөөлүүлөр жазасын алмайынча чарчабайм.

Бул иш боюнча тергөө жүргүз­гөн Бакыт Матраимовго байланышсак, “мен башкы прокурордун уруксатысыз эч кандай комментарий бере албайм” деген жооп айтты. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Канат мырза “соттун өзүнө кайрыл, ал маалымат бербесе, биздин бергенибиз туура эмес болуп калат” деп жолго салды. Окуянын кандай болгонун так билели деп Ош Аскердик гарнизондук соту Эрлан Суеркуловго байланыша албай убара тарттык. Айтор, эч биринен так жооп уга албадык.
Биз кимдир бирөөнү күнөө­лөйлү деп жазган жокпуз. Болгону, акыркы кезде уулун аскерге жөнөтүп, “кокустуктан өлдү” делген кагазды колуна кармап кан жуткан ата-энелердин ыйы көбөйүп баратканына күбөбүз. Келерки санда дагы бир аскердин өлүмү, ата-эненин кайгысы тууралуу баяндап, “дегеле биздеги аскердик тартип деген кандай, канткенде бейажал өлүм тапкан аскерлердин саны азаят?” деген темада кеңири кеп козгойбуз.

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
09.07.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайда мыйзам? Кайда акыйкат? Кайда чындык? Бечара кембагалга мыйзам иштебейт байдын, чондун балдары служба деле кылышпайт и закон да жок аларга !
09.07.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mekendi korgogondordu,meken korgogusu kelbeyt...
09.07.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай болбосун Акаевдин доору эле жакшы болгон экен. Кудай сактасын азыр акча эле болуп калыптыр бизде.
09.07.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эне
09.07.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара эне!Мына биздин бийликтегилердин иштеп жатканы!Карапайым калкка эле кыйын болду.
09.07.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев менен Бабанов только акча тушотурган несени жакшы текшеришет.
09.07.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастиярдын жайы жаннаттан болсун!куноолуулордун жазасын кудай озу берет!бизде мыйзамдын жоктугу чындык турбайбы.
09.07.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш энени эми ким угат, азыр акчасы барларды эле угат да соттор.Куносу барлар кармалса экен
09.07.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktaaa be4ara bala dagy bir baidyn balasynyn orduna ketip olup keldi da . akyikat kaiakta beti jok adamdar ejenin orduna ozdorun koiup koruwpoibu?!
09.07.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыныр иш кырк жылда билинет дейт го,азыркы заманда кырк жылда эмес кырк минутта билинет,кудайым куноолуулордун жазасын озу берет го...
10.07.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул макалаларды Атамбаев окуур бекен окубайт да ал, окуп берсен да укпаса керек. Жок дегенде жардамчы катчы сооройлору окуп жеткиришсе го. Президенттик кылып бир эки ушундай окуяны адилет карап жазаларын колуна берип койсо кичине эстерине келе тушот беле.
10.07.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NUR.DIM, Атамбаев укса эле кыйратып салат беле?! Атамбаевдин чет өлкөдөн акча сурап жүргөнүн эле билем, калган эч нерсе көзүмө көрүнө элек.
10.07.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгула,балдарды аскерге жонотпоштун аракетин кылыш керек экен.Балдарым кичине,бирок азыртадан эле коркуп жатам.
10.07.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда бир чек арачыны атынып алды деп ишин жаап коюшкан.Бирок чынында ок түнкү саат 3төрдө атылып, бир сыйра тыпырап, токтоп, анан эртеси ооруканага алпарышкан экен, бала кансырагандан эле өлүп калды дешкен.Медсестрага "эже, мен өлүп калбаймынбы?" деп көзүн жалдыратып кечке сураган экен байкуш.Артында чуркаган адам жок,карапайым бирөөнүн баласы экен,ошону менен дым-дым кылып коюшту.
11.07.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыйкат жок экенда мундай мыйзамда жашасак анда эчкачан биз онолбойбуз бечара кара пайым элге эле кыйын болду акчалууларга жашоо болду катту сакон барбы озу кыргызстана и болобу!
11.07.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Минтип отурса эчким аскерге барбаштын айласын издейт. Чиновниктер ушуга конул бурса жакшы болот эле
11.07.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолуулор мыйзам алдында жооп бериши керек.
11.07.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда Кыргызстанда чындык акыйкат жок, жалан эле акчалуулардын заманы болуп калган.Жайы жаннатта болсун.Элдерди сыздатып акчасын жеген, кара ниет кылгандар эки колу, буту иштебей калса экен илайим эле Жаратканым жазоолосун каалайт элем.
13.07.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ywyndai makalalardy okup otyrup, Kyrgyzstanybyzdyn kele4egine iwenbei ketem
13.07.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечера энеге эле кыйын болуптур.дастиярды дагы бир байдын баласыны ордуна жонотуп ийишсе керек да акмактар.
14.07.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман кайда баратат?Кандай тушунбогон акмактар,аларда деле бир тууган бар да?Ата-Энени балдардан,балдарды Ата-Энеден айрыбасын!!!
14.07.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу,мен тушунбойм биздин прокурор,генерал,майор ,деге эле милицияга алардын балдары ушундай болсо эмне кылат экен
14.07.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы учурда армияга барсан Кыргызстанды коргобой эле, ошол жердеги офицерлердин, полковниктердин уйун курасын же талаада кой кайтарасын!!!!
17.07.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan.kg, туура айтасын оздорун баалдыры ушундай болуп корсунчу турмодо чиритибиретгоо!!
17.07.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгерде мага мумкунчулук болсо акчаны жеп алган сотторду чондорду кырып эле атып салмакмын энелердин коз жашын тамызган айбандарды,кр мыйзам ,мыйзам дейт омуру болпойт экенда!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо