Айнура Салахидинова: «АЙЫЛДЫН ЖЫЛДЫЗ КЕЛИНИНЕ АЙЛАНДЫМ»

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Бойго жеткен кызды көргөндө “качан турмушка чыгасың?” деген суроону узатуу элибизде адатка айланып калгандай. Дегеним, ырчы Айнура Салахидиновага да бул суроо далай узатылып келгени анык. Айнура “жакында, күзүндө, жайында, буюрса...” деген жоопторду берүүдөн тажаган эмес эле. Көрсө, ырчы маңдайына жазылган ушул күндү күтүп жүргөн экен, Жалал-Абаддын Жерге-Тал айылына келин болду.

– Кандайсың, Айнура? Турмуш жолуң байсалдуу болсун! Турмушка чыккан кандай экен?
– Рахмат. Жашоо өзүнчө эле бир башкача болуп жатат. Алгачкы күндөрү көнө албай ыйлаган учурларым да болгону менен, акырындап баары жайына түшүп келатат.

– Турмуш сен элестеткендей эле бекен?
– Жок, алда канча жоопкерчиликтүүрөөк экен. Эртең менен эзели саат он-он бир болмоюнча турбаган жаным азыр саат алтыдан баштап тикемден тик туруп калдым. Тигил жакта өзүмдүн апам да менин уйкучулугумду ойлоп кабатыр болуп жатат. Өткөндө телефон чалып, “кызым, элге уят болот, келин болгондон кийин чыдаш керек. Эртең менен эрте тур, үйдөгүдөй болуп көп уктаба” дейт. Турарым менен эле короону шыпырып чыгам да, калган жумуштарга киришем. Бүгүн биринчи жолу апам тандырга нан жапканды үйрөтүп, нан жаптым. Күн сайын түрдүү тамактарды жасаганга аракет кылам. Азырынча тамактарымдын баарын эле мактап жатышат.

– Кайындарың сени кандай кабыл алышты?
– Аябай жакшы кабыл алышты. Кайненем дагы ушунчалык жакшы киши экен. Мага өз кызындай мамиле кылып, мени аяп, коргоп эле отурат. Түштө “жатып эс ал” деп да кыйнайт. Бирок жаңы келиндин “эс алат элем” деп түштө жатып алганы туура эмес болуп калат го. Санжар бир жакка кетип жатса, “сен да барып кел, артынан ээрчип ал” деп күлдүрүп калат. Баса, башында апамдын алдында аябай эле уят болуп жүрдүм. Ысымы менин жакын курбумдун атына окшош экен да. Курбумду айтып жатып улам эле атын атап алам. Баары күлүп калышат. Анан апам “курбуңа башка ат коюп ал” деп калды. Макул болуп, ага Жайдары деген ат койдум.

– Өзүнүн аты ким эле?
(Күлүп) Айта албайм да. Жайдарынын синоними.

– Шайырбы?
– Ооба, ооба. Бул ысым боюнча улуу абысыным да өзүнүн башынан өткөнүн айтып берди. “Актриса Касымалиева эженин атын айтып коём деп жаңы келген кезде күйөөмдөн жаакка бирди жеп, анан айтпай калгам” дейт.

– Кайындарың ысым тергөө жаатында тартипке катуу окшойт...
– Ошондой го. Бизде жаңы келген келин бешиктеги баланы да атынан атабайт экен, анан да сиз деп сүйлөш керек.

– Жолдошуңа да сиз деп кайрыласыңбы?
– Ооба, ал менден 9 жашка улуу болгондуктан, “Санжар байке, сиз” деп кайрылчумун. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин деле көшөгөдө отурганда телефондон "Санжар байке" деп сүйлөп жатсам, ошол жактан апалар “байке дегени эмнеси? Санжар эле де, уят болот” деп эскертүү беришти. Анан өзүнө да кайрылдым, “сизди Санжар эле дей берейинби? Ошентип айтышым керек экен” деп. Алгач макул болгон, анан кайра “жок, мени Санжик деп айт” деди. Ошо менен башым айланып, же Санжик дей албай, же Санжар дей албай, же байке дей албай жүрөм. Ал болсо сүйлөшүп жүргөн кезде мени “ашыгым, гүлүм, айым” дечү эле, азыр телефонуна гана "Айым" деп жазып алганы болбосо, көп деле эркелеткен сөздөрдү айтпайт. Айрыкча үйдөгүлөрдүн көзүнчө өзүн аябай токтоо алып жүрөт. Эч ким жокто жаш балага эле окшошуп калат (күлүп).

– Жолдошуң тууралуу айта кетсең, кайдан табышып калдыңар?
– Санжар Түркиядан юридикалык жактан билим алып, юрист кесибине ээ болгон. Бирок өмүр бою эле жеке ишкер болуп иштеп келатыптыр. Орусияда, Бишкекте чакан бизнестери бар. Түркияда 10 жыл, Орусияда 6 жыл жашап келген. Экөөбүз аз эле убакыт сүйлөштүк. Нооруздун алдында таанышканбыз. Өзүнүн айтымында, силердин WWW.SUPER.KG сайтыңардан дайыма ырларымды угуп, интервьюларымды окуп турчу экен. “Эки жылдан бери көз салып жүргөм” деп калат.
Санжардын мектепти бүтүргөнүнө быйыл 20 жыл болуп, Санжар Бердибековду, “Кеңеш” тобун, анан мени кечеде ырдап берүүбүздү суранып чакырган. Мен да эч нерсе оюмда жок эле акысын сурадым. Ал “акысына чыгармачылыгыңа колдоо катары бир клип тарттырып берейин” деп калды. Анан да клипке өзүнүн тартылуусун сунуштаган. Ага дароо эле макул болдум. Ошол клипке тартылгандан кийин экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү сезими тутана баштады десем болот.
Биз күзүндө үйлөнсөк деп ойлогонбуз, шарт ушундай болуп калды. Санжардын өзүнөн кийинки үч иниси үй-бүлөлөрү менен чет жактарда иштешет экен. "Ата-энем алар келгенче жаңы келиндин кызматын көрүшсүн" деп Санжар үйлөнүү пландарыбызды өзгөртүп жиберди. Ошентип, алдын ала ата-энемдин алдына барышып, мага сөйкө салып алып кетишти. Дагы бир айча айылда болсок, андан кийин Бишкекке, үйүбүзгө кетебиз.

– Ата-энең да кызын узатып, кыйын эле абалда калышса керек...
– Албетте, кыз узаткан кишинин ичи ачышып калат эмеспи. Анын үстүнө апам менен жигиттер жөнүндө деле сүйлөшчү эмесмин. “Чырагым” деген клибимди бир жигит тарттырып берип жатканын айтканымда апам аябай каршы чыгып, “кантип эле сага бирөө жөн эле клип тарттырып берип койсун?” деп ишенбей, аябай кооптонгон болчу. Азыр эми ата-энемдин көңүлү жайында болуп калды. Телефон чалган сайын “бизди уят кылба, ыймандуу, акылдуу бол” деп кеп-кеңешин айтып турушат.

– Мындан ары чыгармачылыкта кандай болот?
– Ушул маселени ойлонуп, дайыма бушайман боло берчүмүн. Бактыга жараша, кайындарымдын баары эле чыгармачылыгымды колдошорун айтып жатышат. Апам да өткөндө “ырчылыгыңды таштаба, бирок элге окшоп өтө ачык кийинип алба” деп калды. Жолдошум бир ирет сүйлөшүп отурганда мага “соодага кандайсың?” дейт. “Мен соода кылбайм, мен ырдайм” дедим дароо эле. Акыры “ырдасаң ырда, бирок гастролго жибербейм. Ыр жаздырып, клип тарттырып, Бишкектеги концерттерде ырдашыңа макулмун” деди. Анан артынан “мен да сени менен кошо ырчы болуп кетем го” деп күлдү. “Сенин клибиңе тартылгандан бери көчөдө түз баса албай калдым, жылдыз болуп” деп мени тамашалап калат.

– Жылдыз демекчи, айылдын жылдыз келини деп сени көргөнгө ашык болгондор көппү?
– Айылдын жылдыз келинине айландым. “Качан ырдап бересиң?” дегендери да бар. Ал тургай айылдагы кичинекей кыздар мени менен сүрөткө түшүп кетип жатышат (күлүп).

– Бал айын өткөрүүгө кандай пландар бар?
– Өткөндө жолдошума эркелеп, “биздин бал айыбыз ушинтип очоктун жанында өтөбү?” деп күлүп калсам, “жок, орозодон кийин той берсек, тойдун эртеси бир жакка алып кетем” деп койду. Байкашымча, бал айына Түркияга барат окшойбуз.

– Жакшы экен. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке аша берсин, бактылуу болгула!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(51)
09.07.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага ото жагат ушул ырчы бактылуу болгула
09.07.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!
09.07.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
kelatat degen soz barby?
09.07.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу озунон аябай улуу корунот экен бактылуу болгула быжырап балалуу болгула
09.07.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!! чын эле ото ачык жооп берип койуптур, коз тийбесин эми силерге
09.07.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
09.07.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Куйоон улуу корунот экен акчасына карап тийдинби? жаш жигиттер калбай калгансып.
09.07.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, эми ал озунун турмушу да озу чечет.тын жашаган жерге чыкты эмнеси бар."зато"тажик же башка улут эмес го,ушундай башка улутка тийсе дагы айтмаксынар улуу болсо деле кыргызга тийбейби деп.Айнура бактылуу болгула!эч кимге конул болбо.
09.07.2012. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asdf, Ошо да сөзбү? Улуу экен деп калыпсын. Биротол эле жазбайсынбы Толугурак экен , боу да , узун экен башкачасын тапса болбойт беле деп!
Жакшынакай жле пара болуп туратко! Бирок "Сиз" деп кичүүлөрдү айтканын мен "сартский замажка" деп баалайм!(((
09.07.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sgorodaenergetikov, Аллах бизге буйруган баарын биринди бирин сиз дегиле деп .Сен деген Аллах учун гана.
10.07.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nastya, Атын сонунго))). Сиз деп буйруса, иншалла суйлош керек анда "сиз" деп )))).
10.07.2012. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, ообу жок суроонун эмне кереги бар улуубу кичуубу бактылуу болушсун озуно ылайык экен Анжеликанын куйосун карабайсынарбы жапжаш кыз ошо
10.07.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, emne ushintip koro albaicynar,baktylyy bolcyn.bashka ulutka tiece dagy aitmakcyn. komentera beret dece ele ozuna kelgendi culou berecinerbi
10.07.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, тобоо ойлонуп жазсан болмок, ушинтип да жазабы адамдын конулуно каттуу тийет го? тогуз жаш деп атат го нормольно эле да....
17.07.2012. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdf, анан мне сенден урап тийиш керекпи озу билет кандай адамга тиерин бирок Айнура байлыкты тандап тийгендерге окшобойт жонокой кыздай.
09.07.2012. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын айтып койду деп жаакка чапканы эмнеси? ушундайларга чыдаган аялдарга баатыр деген наам бериш керек.
09.07.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунздар!!!
09.07.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoosu ayabay ele uluu okshoit, emnesi bolso da baktiluu bolsun!
10.07.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага оло жагат да бул ырчы.куйосу улуубу,сулуубу иши кылып бактылуу болсун.
10.07.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и мага жене болгон турбайсынбы,бактылуу болгула.
10.07.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chika91, жерге тал жалалабаддын сузак районундабы таранбазардан мурунку айыл ошондой болсо бизжакка келин болгонго
10.07.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа бактылуу болсун! :) айылдын эле кара келини болуп калыптыр ээ,апакай эле го?
10.07.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! Айнура ыманы ысык жакшына келин болупсун! Ылайым жузундон кулку кетпесин..
10.07.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
озу кара болгону менен жылдыздуу бактылуу болгула, эжеси бар ал сары
10.07.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BNA, э ботко, озуно карап алчы, кара, сары.
10.07.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйоосун сиз деп атын айтпаса бейишке барат.

10.07.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainura ap4e Sanjar jezde bakyttyn tuu 4okusunda kolkarmawyp juroberinizder
10.07.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула ошол жерден оордуну таап элдерди тамшандырган тугойлордон болгула келерки ушул жылы бешик тойунар болсун ч ыгармачылык ийгилик каалайбыз
10.07.2012. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
10.07.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула озубуз жакка жене болупсуз!
10.07.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клибинде экөө бири-бирине сонун жарашыптыр. Эми жакшынакай жар болушкан тура, өзүнчө эле ичти жылытышып, жакшы түгөйлөрдөн болушуптур. Ышкыбоз, шыктуу жигит көрүнөт, эми дуэт күтөбүз. Келиштирип туруп, үйлөнүү тоюңарда кыргызча кийинип, тоюңарды клипке кошуп, бир черди жазган чыгарма жараткылачы. Ийгилик!
11.07.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuzdar! Bul kai jakka turmushka chykty? Siz degenine karakanda biz tarapkago deim...
11.07.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ohna, жогоруда жазып койгон гой,Жалалабад шаары,Жерге -Тал айылы деп!
11.07.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тору келин болуптур го чиркин ай..
11.07.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуунарды каалайм.
12.07.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акылдуу кыз суйуктуу келин!кыргыз элине мазмуун болгон кыздардан келиндерден болунуз!
14.07.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жене болуасузда Бактыдуу болгула...Санжар акага салам
15.07.2012. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jene bolgon tyrbaisizbi.. Men Ainyra ejenin Yrlarin, klipterin jakshi korchym.. Ayabay kybanip atam bizdin ayilga kelin bolup kelgenizge. Men koshynasi bolom, barsam syrotko tyshmok tyrsyn yiyno barip kolunan chai ichpesem jeneshkanin. Baktiluu bolgyla, karmashkan kounar yzylbosun, Shayir ejenin syiyktyy kelini bolup juro berin...!!!
15.07.2012. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEEEii Allahimdin jakshi korgon pendeleri!!!! Oyunarga kelgen sozdy ele jaza berbei--- Baktiluu bolyshsyn, bala chakalyy bolsyhsyn jana dagi biz dagi ushundai jakshi kundorgo jetkiz Allahim desener jakshi bolmok dep oiloim. (kapa bolbogya ar kimdin oyu ozuno uluk)
15.07.2012. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура-молодец! остальные завидуйте молча!
17.07.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такталбаган маалыматты калтырууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
10 күнгө сайттан четтетилди!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо