Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИНТУИЦИЯ ЖЕ ТАГДЫРГА ИШЕНГЕНДЕР

№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Өлкөсү –АКШ
Жанры мелодрама
Режиссёру Питер Челсом
Сценарийдин автору – Марк Клейн
Башкы ролдордо – Жон Кьюсак, Кейт Бекинсэйл
Тасманын узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
Бюджети – 28 миллион доллар
Тартылган жылы – 2000

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Фильмди тартуу иштери 2000-жылы 24-июлда Нью-Йорк шаарында башталып, 28-августтан баштап Торонто шаарына которулган.
  • Тасмада 2001-жылы 11-сентябрда ураган “Эгиздер” мунарасынын көрүнүшүн жашыруу үчүн бир нече сценалар кайра оңдолуп чыккан.
  • Башкы ролдордогу актёрлор Кейт Бекинсэйл менен Жон Кьюсак 2002-жылы "Сатурн" сыйлыгынын “Биринчи пландагы мыкты актриса жана актёр” наамдарына көрсөтүлгөн.
  • Тасмадагы “Интуиция 3” кафеси Нью-Йоркто чынында эле бар. Актёрлор отуруп тамактанган стол фильмден кийин “жылдыздар столу” деген атка конгон.
  • Жон менен Кейт тасмада эки жолу гана жолуккандыктан, чогуу тартылган эпизоддорду тасмага түшүрүү иши бир нече күнгө эле созулган.
  • Болжол менен фильм сатыктан 77, 5 миллион доллар чогулткан.

АЛТЫНЧЫ ТУЮМГА ИШЕНЕСИЗБИ?
Тагдырга ишенебизби же ишенбейбизби, ага карабастан, жашоодо кандайдыр бир түшүнүксүз көрүнүштөр биздин турмушубузга таасирин тийгизип турат. Дайыма болбосо да, кээ бир учурларда бир нерсени алдын ала сезгенибиз, кыялдарыбыздын орундалышы, үмүттөрүбүздүн ишке ашышы буга далил. Ар бир адамда туюу сезими жашайт. Айрымдар дал ошол алтынчы туюмга таянып, кылдаттык менен иш баштаса, ал сезимге баш-оту менен ишенип алгандар да бар. Биз баян кыла турган тасманын каарманы да ушул сезимге ишенип, ага бактысын тапшырган адамдардын бири. Ал сезим каармандын үмүтүн актайбы же жокпу, анда тасмага чогуу көз жүгүртөлү.

БАКТЫСЫН ТАГДЫРГА ТАПШЫРГАН КААРМАНДАР
Кыштын ызгаардуу суук күндөрүнүн биринде Рождество күнүнө даярдык көрүп жаткан Жонатан менен Сара кокусунан таанышып калышат. Эки бейтааныш адам буга чейин кезикпесе да, бири-бирин өмүр бою билип жүргөн адамдардай эле. Ал кечте көңүлдөрү төп келишкен Жонатан менен Сара чогуу эс алышат. Ошол кезде Жонатандын сүйлөшкөн кызы, Саранын да сүйүктүүсү бар эле. Коштошордо Жонатан Саранын телефон номерин сураса, ал: “Эгер тагдырыбыз бир болсо, экөөбүз дагы жолугабыз”,- деп сумкасынан 5 доллар акчаны алып, ага Жонатандын телефон номерин жаздырып, ал акчаны дароо дүкөнгө өткөрөт. Ал эми өзүнүн номерин колунда кармап турган китебине жазып, аны китеп саткан дүкөндөрдүн бирине таштап кетет. Ошентип, бактысын тагдырга тапшырган каармандар бири-биринин ысымдарын гана билген бойдон кала беришет. Арадан көп жыл өтөт. Бул жылдар ортосунда Жонатан китеп саткан дүкөндөрдү кыдырып, Саранын номерин издеп, Сара аттуу ысымы бар айымдарга кайрыла берип чарчайт. Сара да колуна 5 долларлык акча тийип калса эле тымызын эки тарабын карап калат.
Жонатандын үйлөнүү тою белгиленип, Сарага да сүйүктүүсү нике шакегин салат. Байкоосуздан Жонатан үйлөнчү кыз мындан тогуз жыл мурун, Рождество түнүндө телефон номерин жазып калтырган Саранын китебин Жонатанга белек кылса, Жонатандын телефон номери жазылган 5 долларды Сара өзүнүн курбусунун капчыгынан стюардессага майда акча берип жатып байкап калат. Кадимки бардык романтикалык комедиялар сыяктуу эле, аталган фильм да бактылуулук менен аяктайт.

АЙРЫМ ЭПИЗОДДОРУ “ТАГДЫР ТАМАШАСЫНА” ОКШОШПУ?
Жогорудагы бири-бирин жоготуп, он жыл аралыгында кайра табышкан жаш мырза менен айымдын окуясын баяндаган тасманын Рождество майрамында жолугушуп, кайра Рождестводо табышкан эпизоду орустардын “Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!” фильмине окшоштугу бар. Аталган фильмде Саранын ролундагы Кейт Бекинсэйлдин актёрдук чеберчилигинин деңгээли бир тепкич өйдөдө экенин далилдесе, ал эми Жонатандын образын мыкты ачып бере алган актёр Жон Кьюсакка киллердин ролуна караганда кыялкеч мырзанын ролу мыкты жарашарын кино сынчылары айтып келишет. Тасма сатыкта ийгиликтүү болуп, кирешелүү фильмдердин катарын толуктабаса да, мелодрама жанрындагы эң мыкты фильмдердин бири болуп калганында шек жок.

БАШ КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Актёр, сценарист, продюсер Жон Кьюсак 1966-жылы 28-июнда АКШнын Иллинойс штатында туулган. “Гросс-Пойнттогу өлтүрүү” жана “Абадагы абак” тасмаларынан атак алган. 46 жаштагы актёр дале бойдок, балдары да жок. Бирок Голливуд жылдыздары Женнифер Лав Хьюитт, Минни Драйвер, Клэр Форлани жана модель Женис Дикинсон менен сүйүү мамилелери болгонун айтышат. 2012-жылдын март айында Москвага келип кеткен.
Англиялык актриса Кейт Бекинсэйл 1973-жылы 26-июлда Лондондо төрөлгөн. “Башка дүйнө: Эволюция”, “Авиатор” фильмдеринен бизге таанымал. “Башка дүйнө: Эволюция” фильминин режиссёру Лен Уайзманга 2004-жылы турмушка чыккан.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


Интуиция же тагдырга ишенгендер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
08.07.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коргом сонун кино
SUPER.KG видео
09.07.2012. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча корсом да тажабайм, абдан сонун фильм, достор коргуло.
SUPER.KG видео
09.07.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мыкты кино окшойт. үйгө барар менен интернеттен таап көрөм буюруса
09.07.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кино
SUPER.KG видео
10.07.2012. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa, ayabay soonun kino:)
SUPER.KG видео
10.07.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oruscha atalyshy kandai bolup kalat????
SUPER.KG видео
11.07.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттин телефондон коргону болбойт экенда :(
SUPER.KG видео
17.07.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун фильм. Чыныгы суйуу ушундай болуш керек деп ойлойм. Ортолорун алыстык болуп, адашып турушса да, ички туюм аркылуу бири-бирин таап алышат. Эч кандай жасалмасы, тааныш-билиши жок. Бирок мындай суйуулор чанда кездешсе керек.
SUPER.KG видео
09.08.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее саячка ежеке кинонун аты ИНТУИЦИЯ.
Модератор AGAT түзөттү 09.08.2012 12:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо