- МИРБЕК АТАБЕКОВ жакында “Суранам” аттуу ырын тартуулайт. Азыр клип тартуу иштери жүрүп жатат.
-
Режиссёр ДАНИЯР АБДЫКЕРИМОВ “Кыялкечтер” аттуу тасмасын көрөрмандарга тартуулоонун астында турат.
-
Ырчы түгөйлөр УРМАТ УСЕНОВ менен НЕЛЯ Орусиядагы мекендештерге концерт коюп келишти.
-
БУРАШ учурда жаштарга арналган 2 ыр жаздырып жатат. Бири клубдук вариантта болсо, экинчиси кыргыз тилинде, сүйүү тууралуу.
-
КУБАНЫЧ САТАЕВ Таласта, өз айылында эс алууда. Келери менен күйөрмандарына Бишкек тууралуу чыгармасын тартууламакчы.
-
МАКСАТ БЕГАЛИЕВ учурда “Почему?”, “Прости” жана “Сагыныч” аттуу ырлардын үстүндө кызуу иштеп, клип тарттырып жатат.
-
АЛИХАНДЫН таякеси каза болуп, кайгырып жүргөн кези. Анан да туугандарынын аза чыгымдарын бүт көтөрүп, жардам берүүдө.
-
Бийчи АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ август айында Ысык-Көлдүн жээгине 15 атактуу дүйнө жылдызын алып келүүгө камынып жүрөт.
-
Актёр АЗИЗ МУРАДИЛАЕВ “Курманжан датка” тасмасында Алымбек датканын ролун жаратат.
-
МЕРГЕН ТУРГАН Түркиядан эс алып кайтты.
-
Рэп ырчысы БЕГИШ “Жалгызым” аттуу ырына клип тарттырып Ысык-Көлдө.
-
ЭРЛАН АНДАШЕВ “Сүйүп калдым, кантейин?” ырына клип тартуунун камында.
- ГҮЛЖИГИТ САТИБЕКОВ чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштөөдө. Жакында анын “Наабайчынын кызы”, “Агенттеги махабат”, “Тико”, “Актан менен Акылай” деген ырларына күбө болобуз.