№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.
Нарын
Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүндөгү айылды тең экиге бөлүп туруучу Көкө-Мерен дарыясына салынган көпүрө кулап калуу коркунучунда. Көпүрөнүн аркы өйүзүндө жайгашкан 6 айылдын тургундары көпүрөнүн солкулдап кулап калчудай абалда турганынан коркуп, “сентябрда балдарыбызды мектепке жибербейбиз” деп турушат. Көпүрөнүн аркы өйүзүндө 1 толук эмес мектеп, 1 орто мектеп, 1 оорукана жана ФАП жайгашкан. Быйылкы жылдын бюджетинен каражат каралып, көпүрөнүн долбоору түзүлгөн. План боюнча, жаңы көпүрө май айында салынмак, бирок азыркы күнгө чейин курулуш иштери баштала элек."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |