ЖУРНАЛИСТТЕР ЖЫРГАШТЫ

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

2-июль – Спорт журналисттеринин эл аралык күнүн кыргыз спорт журналисттери да майрамдашты. Салтка айлангандай, майрамды уюштурууну КРнын Спорт журналисттер федерациясы колго алды. Жыл сайын журналисттер табият коюнунда кой жеп, футбол ойноп таймашып чардап келишчү. Быйыл майрам бир аз башкача форматта өтүп, калемгер-спортчулар "Космопарк" оюн-зоок борборуна чогулушту. 30га чукул журналисттин башын бириктирген кечени аталган федерациянын президенти Улукбек Салымбеков ачып, АИПСтин президенти Жанни Мерлонун саламын айтты. Ошондой эле күндүн каармандарын куттуктап, Кыргызстанда спорт гүлдөп-өнүксүн деген тилегин билдирди. Ак дасторкон үстүндө устукан тартылып, жакшы каалоо-тилектер айтылды. Журналисттер “жирно” отурушуп, Спорт журналисттер федерациясы менен КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин белектерине ээ болушту.
Кеченин кульминациясы боулинг боюнча мелдеш болду. Кызуу таймаш жараткан оюндун жыйынтыгында журналист Кудрет Тайчабаров жеңүүчү аталса, 2-орун ага саал жете бербей калган КТРКнын спорт баяндамачысы Кубан Атабековго буюрду. Ал эми 3-орунга боулинг төшөлмөсүнө биринчи жолу чыкканына карабай “Супер-Инфонун” спорт бөлүмүнүн шеф-редактору Базарбек Абдураимов илинди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
17.07.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саал калыптырда дагы бираз аракет кылбса болмок
19.07.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-орун ага "СААЛ" жете бербей калган, бизде ушундай соз барбы?
19.07.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"саал" деген сөз "биртике", "аз-маз" деген сөздөрдөй эле маанини берет. Таласта колдонулат. Мен да бул сөздү көптөн бери колдонбогондуктан унутуп да калыпмын. Түштүк тарапта, Аксы жакта деле колдонулса керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо