АЛА-ТООДОН АЛЫСКЫ ЛОНДОНГО КАРАЙ

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

27-июлда Лондондо мааракелик 30-Жайкы Олимпиада оюндары башталат. Буга өлкөбүздөн 9 спорт түрүнөн 13 спортчу аттанат. Көпчүлүк балбандарга ишенүүдө. Олимпиаданын тегерегинде ой толгоп, олимпиадачыларыбыз менен тааныштырып баштайбыз. Алгачкы коноктор – балбандарыбыз.

"ЛОНДОН-2012"

Катыша турган өлкөлөрдүн саны – 205
Спортчулардын саны – 12 500
Спорт түрлөрү – 31
Ойнотулуучу медалдардын саны – 302 комплект
Өтүүчү даталар – 27-июль-12-август
Расмий гимни – “Survival” (англиялык “Muse” тобу аткарат)

МЕДАЛЬ КҮТПӨГҮЛӨ!
Мамлекет башындагылардан тарта калың элдин да спортчуларыбыздан күткөнү – медаль. Бирок башка өлкөлөрдөй шарт түзүп бербей туруп кантип медаль күтүп жатабыз? Мисалы, балбандар ишенимге ээ болушканы менен, мыкты шарт жана даярдык жагынан аксашат. "Жемиш алуу үчүн жемиш үрөнү керек" дейт. Жетиштүү үрөн жок, бул жолу куру үмүткө байланып, Кудайга жалынбайлы, туугандар! Башкалардын деле Кудайы бар, шарты да, даярдыгы да бар.
Сөз жок, "Бээжин-2008де" Ийгилик Кудайы жылмайып берген. Чет элдиктер менен Олимпиада тууралуу сүйлөшүүдөн жалтанып, басына баштадык. Олимпиадага катышкандардын саны жыл санап суюлууда. "Сидней-2000" Олимпиадасына 48 спортчу, "Афины-2004кө" 29 өкүл, "Бээжин-2008ге" 21 спортчу барган. Быйыл араң 13... Бул Олимпиадасыз жашоого алып келиши мүмкүн. Кантип айла табабыз? Бирок, такыр эле үмүттү үзүп салбообуз керек. Анткени, спорттун кудайы мезгили келгенде эмне дейт, белгисиз...

“БААРЫНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРДЫН АЗАЙЫШЫ СЕБЕП”
Олимпиадачылардын азайышы тууралуу “Олимпиадачылар” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Касенов төмөнкүлөрдү айтат:
– Негизи, "Лондон-2012" оор болот. Спортчуларыбыз оор тандап алуу оюндарынан иргелип алынды. Андыктан эл аралык мелдештерде мыкты күрөшүп жаткан балбандарга гана ишеним артам. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балбан Магомед Мусаевди Орусиянын командасы менен сборго жибердик. Эми Орусиядан машыктыруучуларды чакырып, биздин команда менен иштөөсүнө шарт түзүп беребиз. Ал эми Олимпиадага аттангандардын саны азайганы башка маселе. Мурун спортчуларыбызды СССР кезинде иштеген тажрыйбалуу машыктыруучулар машыктырчу. Мезгил өтүп, алар машыктыруучулукту таштаган соң мунун баары өзүбүздүн колдо калды. Бул жакшылыкка алып келбейт. Спортчуларды сактап калууга тийишпиз.

АЛТЫН АЛСАҢ, 200 МИҢ ДОЛЛАР
10-июлда "Лондон-2012ге" спортчуларды камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда байгелүү орун ээлеген олимпиадачыларды кандай акчалай сыйлык күтөрү белгилүү болду. Олимпиадада чемпион болгон спортчу 200 миң АКШ долларын алат. Калган орундарга бөлүнгөн суммалар менен төмөндөн таанышып алыңыздар.

2-орун – 150 миң АКШ доллары
3-орун – 100 миң
4-орун – 35 миң
5-орун – 30 миң
6-орун – 25 миң
7-орун – 20 миң
8-орун – 15 миң

Ал эми машыктыруучунун акчалай сыйлыгы шакиртинин ээлеген орунуна байланыштуу. Башкы машыктыруучу шакирти алган сумманын 70 пайыздык өлчөмүндөй, ал эми жеке машыктыруучу 50 пайыздык өлчөмүндөй сыйлык алат.

ДАНИЯР КӨБӨНОВ, грек-рим күрөшү
КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери

Туулганы жылы – 1982-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери– Жети-Өгүз району, Саруу айылы
Бою – 175 см, салмагы – 74 кг
Буга чейин "Афины-2004" Олимпиадасына катышкан
Жетишкендиктери – “Гуанчжоу-2010” Азия оюндарынын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунда 3-орун (Москва, 2010)

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА, кыз-келиндер күрөшү
КРнын Спорт чебери

Туулган жылы – 1993-жыл, 4-май
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлы-Сай шаары
Бою – 165 см, салмагы – 63 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Жаштар жана өспүрүмдөр арасында КРнын 2 жолку чемпиону (2010, 2012), Азия чемпиондугунда 3-орун (2010)

МАГОМЕД МУСАЕВ, эркин күрөш
КРнын Спорт чебери

Туулган жылы – 1989-жыл
Туулган жери – Казакстан
Бою – 178 см, салмагы – 94 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Рамзан Кадыровдун Эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2011, Орусия), Азия чемпиону (2012, Корея)

АРСЕН ЭРАЛИЕВ, грек-рим күрөшү
Эл аралык класстагы спорт чебери

Туулган жылы – 1987-жыл, 15-май
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы
Бою – 168 см, салмагы – 55 кг
Буга чейин бир да Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2011, Ташкент) жана Польша Гран-Присинин жеңүүчүсү (2011)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
16.07.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Сөз жок, "Бээжин-2008де" Ийгилик
Кудайы жылмайып берген. »

Кудай бир, эртенки кунду ойлоп жашоо керек!
16.07.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо. Бакй-Ата эмес, Бакай-Ата. адашыпсыздар
16.07.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumarbeka, Рахмат, катачылык кеткен.
16.07.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынара ийгилик Кыргызтандын желбирегин дуйно жузуно таанытып келесинер деп умут кыламын.
16.07.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр менен Арсенден умут чон. Ийгилик баарынарга. Данияр айткандай катышуу учун эмес чемпион болуш учун барыныздар
16.07.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм.Кудай буюрса жеңишке жетишет.
16.07.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга KG баарынарды Манас атамдын арбагы колдосун!
18.07.2012. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
windows.kg, Баарыбызды бир гана жараткан колдойт.Аллахым колдоп,ийгиликке жетип кайтышсын!
17.07.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медаль кутпогуло айланайындар, даярдык начар дейт
17.07.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урамтту Суперчилер,медаль кутпой эмес,кутуп умуттонсок алар да ошол умутту актоого белсенет да. Жакшы тилек жарым ырыс дейт
17.07.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulankubatow, сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
17.07.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерди Аллах колдосун и ким? ал сиорт кудайы деген?
17.07.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге ийгилик женишке жетиниздер . Кыргызстандын желегин желбиретип кайтыныздар .
18.07.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии десе эмне эле ийгилик Кудайы, спорт Кудайы деп жатасынар. Кудай жалгыз, ал-жараткан Алла!
18.07.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргызым!!! Ата-бабаларыбыз балбан келишкен, куроштон женишке жетишинерге ишенем.
18.07.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортчулардын олимпиада оюндарына кийуучу кийими адамдын жинин келтирет экен. Кайдагы кепканы тигишкен. Калпак кайда? Озубуздун кемер кур кайда. Олимпиадага делегацияны жетектеп алып бараткан адамдардын намысы жок экендиги ушундан билинип отурат. Дуйнолук аренада КАЛПАКТЫ корсотуунун ордуна жан дуйносу жакыр америкалыктардын кепкасы баса кийип алгандары куйгузду.
18.07.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорттук даярдык жактан жакшы конул болунбойт, акча аз дешет. Бул жон гана куру соз жана алдын ала актануу. Биздин спортчуларды кун, айга алып барып машыктырсан деле ушул результат болот. Кытайды басып алып башкарган МАНАС бабабыз жана анын чоролору не озгочо машыгуу откорушту дейсинерби? Жениш адамдын эрктуулугундо болот. МАНАС бабабыз эркинин кучтуулугунон кумурскадай жайнаган Кытайдын элин баш ийдирген.
18.07.2012. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай колдосун манас атабыздын руху колдосун Даниярдын эки жыл мурун айткан созу бар максатым Лондон олимпиядасын багындыруу деген ийгилик баарына
19.07.2012. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, жакшылык кутпогуло дебей,кубат берип,жазуу же соз аркылуу болсо да колдоп койсонор болмок,тан калычтуу. Жакшы тилек-жарым ырыс. Даярданбай деле КУДАЙ колдоп женип кеткен учурларга коп коп кубо болгонбуз.
20.07.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik baarinarga tuugandar.
22.07.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнанайын Супер-Инфо спорт Кудайы, ийгилик Кудайы деп жазбагылачы башка. Бир эле жалгыз Кудай барго. Анан медаль кутпогуло эмес, буюрса кутобуз. Буларды жаратканым колдоп, ийгилик коштоп медалдары менен кайтып келишсин!
22.07.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спортчуларга ийгилик
29.07.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун 29 интернетти казып атып таппай койдум Лондон 2012ге салтанаттуу узатуу аземин жана Лондондогу туз эфирди Кыргыз сайттарынан таба албай аябай ыза болуп олтурам айла жок Казактардын салтанатту катышуусун кордум эмнеге бизде алдын ала баарын чагалдырып берууго умтулушкан жок эмнеге ушунчалык кайдыгербиз эмнеге жок дегенде Кыргыз сайттарына салтанатту узатуу аземин коргозуп койушпайбы
06.08.2012. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ медал жок кыргыздарга гр рим куроштон умут бар болчу ал да жок болду! бакиев жаман болсода спортко жакшы карачу пекинде эки медалга жетишкен болчу билсенер!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо