Клара Алибекова: «БАЙЫШ ЭКӨӨБҮЗ КАЙРА БАШ КОШОБУЗ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.

Кыргыздын жигиттерин даңктап, так секирип бийлеген Клара Алибекованын чыгармачылыгында чоң тыныгуу болсо да, аты дале унутула элек. Турмуш жолунан бир адашып, бирок бактылуу эне статусуна ээ болгон ырчы Клара Алибекова сырлары менен бөлүшмөкчү.

“ЖАШТЫГЫМ ТӨРТ ДӨҢГӨЛӨКТҮН ҮСТҮНДӨ ӨТҮП КЕТТИ”
– Эсимде, 5-класста окуп жүр­гөндө ырдасам деген тилегим күч эле. Бир күнү мектептеги ансамблди жетектеген агай активдүү кыздарды чакырып калды. Арасынан мен жагып, ансамблде ырдамай болдум. Кийинчерээк агайым К.Урманбетовдун “Кыргызымдын жигиттери” деген ырын ырдоону сунуштады. Ал кезде талантым ашып-ташып турган кез эле да. Эл көзүнө ошондо көрүндүм.
Мектепте ырдап жүргөн күндөр­дүн биринде Жаныбек Алыкулов менен Абидин Темиров биздин айылга концерт койгону келишип, менин ырдаганымды жактырып калышты. Экөө үйгө чейин барып, ата-энемден сурап борборго алып кетишкен. Ал кезде фонограмма менен ырдоо, популярдуулук, акча дегенди такыр билчү эмесмин. Ырдаганыма сүйүнүп эле жүрчү экенмин. Ошентип, 5-класстан баштап жер кыдырып, жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөктүн үстүндө өтүп кетти.

“АЙЫЛДЫН БАЛДАРЫ БУРА БАСТЫРЫШЧУ ЭМЕС”
– Мектепте окуп жүргөндө аябай популярдуу болуп кеткем. Биздин эмес, башка мектептин балдары да жабыла жолумду тороп, бура бастырышчу эмес. Сүйүүсүн арнагандар андан көп болгон. 9-классымда биринчи жолу кошуна айылдагы бир бала менен көңүлүбүз төп келишип, сүйлөшкөндөй болгонбуз. Бирок ал балалык сүйүү болсо керек, кийин эмне болуп мамилебиз үзүлгөнүн деле билбей калгам.
Ал кезди эстесем, дагы бир окуя эсиме түшөт. 6-7-класстарымда болсо керек. Бир жолку концерттин аягына чыккыча чыдабай уйкум келди. Ары жакты карасам, “Ямаханын” коробкасы туруптур. Ага кирип көрсөм, батат экем. Ошонун ичине кирген боюнча уктап калыптырмын. Концерт бүтүп, эл мени таппай аябай убара тартып издептир. Акыры аспаптарды чогултуп жатып коробканын ичинен мени таап, аябай күлүшкөнү көз алдыман кетпейт.

“ТАГДЫР БАЙЫШ ЭКӨӨБҮЗДҮ КОШТУ ДА, АЖЫРАТТЫ”
– Бир убактарда Байыш экөөбүз бүтүндөй кыргыз элине жар салып баш коштук эле, тагдыр экен, экөөбүз эки ажырым жолго кеттик. Мурун кыз-жигит болуп сүй­лөшүп жүр­гөнбүз. Ортобузда, албетте, сүйүү болгон. 11-классты аяктап калганда мен Ошто Гүлшайыр Садыбакасованын колунда иштеп жүргөн элем. Концерттерге Байыш да катышып калып, экөөбүз сүйлөшүп баштаганбыз. Ал “экөөбүз тең чыгармачыл адамдарбыз, бири-бирибизди түшүнүп жашайбыз” деп баш кошуу тууралуу сунуш кылган болчу. Мен да макулдугумду билдиргем. Бирок ал убакта турмуш куруу эмне экенин жакшы билген эмес экем. Бактылуу күндөрүбүз көпкө созулбай, ортодон бузукулар чыкты. Мага аны, мени ага жамандаган сөздөр көбөйдү. Ошондой жагымсыз кептер да акыры экөөбүздү эки айрым жолго салды. Бир аз убакыттан кийин үйлөнгөнүн уктум, көп деле жаман абалда болбой, “үйлөнсө үйлөнүптүр да” деп койдум. Бирок Байыш экөөбүз кайра баш кошуп калабыз деп түк ойлогон эмесмин.
Бир-эки жылдан кийин кайра бизди тагдыр кошту. Байыш үйлөнгөнүн, бирок учурда таарынышып жүргөнүн айтты. “Азыр деле кеч эмес, экөөбүз баш кошуп алалы” деп кайра баштады. Башым маң болуп, үйдөгүлөргө да айта алган жокмун. “Мурун бойдок кезде үйлөнсөк мейли, эми азыр сенин башың бош эмес, болбой калат” деп качып жүргөн күндөрүм болду. “Мени түшүн” деп жүрүп, акыры кантип көндүрүп алганын билбей калдым. Аялы менен ал кезде ажыраша элек болчу, мени Оштон концерттен кийин ала качып кетти. Ошентип, нике кыйып, той берип, жашап калдык. Ата-энем каршы болушту жакшы эле, бирок кайра көңүлүмө карап унчукпай калышты. Өкүл атабыз Расул Маматкулов болуп, ал тойду өз моюнуна алып, тойдон түшкөн акчага бир бөлмөлүү үй алып берди.
Эки жыл жашап, Байэл аттуу уулдуу болдук. Турмушта ар кандай нерсе болот тура, кайын журт деген бар экен. Мен аларга жакпай калдымбы же алар мага жакпай калыштыбы, айтор, Байыш экөөбүздүн турмушубуз бузулду. Жаман-жакшы айтышпай эле ажыраштык. Байыштын кызганычтын айынан какыс-кукус кылып, көңүлгө тийген жаман сөздөрдү айткан күндөрү болду. Экөөбүз ажырашкандан кийин мени “Байыштын үй-бүлөсүн бузуп тийди” дешти. Байышты “жаш кыздын репутациясын бузду” деп айтышты. Чындыгында, андай болгон эмес да. Ал үйлөнгөнгө чейин эле мага сунуш кылган болчу.

“ЧОҢ ЫРЧЫЛАРДЫН АРТЫНАН СҮЙЛӨСӨҢ, ӨЗҮҢӨ ЖАМАН БОЛОТ ДЕП ЧАЛЫШКАН”
– Атың таанылып калганда көптөгөн ушак-айыңдарга да кабылат экенсиң. Андай башты маң кылган ушактардын бири Айчүрөк эже экөөбүздүн ортобузду алыстатты. Бир гезит “Айчүрөк эженин күйөөсү менен мамилеси бар экен” деген кат келгенин айтып эже экөөбүздүн чырыбызды ырбатты. Менин оюм дароо эле эжеге кеткен, анткени илгеркини ким эле кайра чукуп чыксын? Мен деле бирөөнү жамандоо максатында эмес, жөн гана болгонун болгондой айткам. Анан мага телефон чалуулар болуп жаткан. “Сен эмне үчүн чоң ырчылардын артынан ушундай сөздөрдү айтып жүрөсүң? Өзүңө жаман болот” деп чыгармачыл чөйрөдөн бирөө чалган. Менин атыма көп жаман сөздөр айтылып жатса, албетте, мен деле адаммын да, оюмду айтканга укуктуумун.

“КӨҢҮЛГӨ ЖАККАН АДАМДАР БАР, БИРОК...”
– Мурун эч нерсени элес албаган эселек кыз болсом, азыр көп нерсени көрүп-билип калдым. Ажырашкандан кийин чыгармачылык жактан да, жеке жашоом жактан да кыйналдым. Дагы деле күйөрмандарым бар экен, “эмнеге чыкпай калдың?” деп сурашат, демөөрчү болот элем дегендер болот. Демөөрчүгө башка талаптар керек экен да. Мен ага макул эмесмин. Сөз айтып, сүйүүсүн арнагандар дагы деле чыгууда. Бирок мен негедир биринчи турмуштан кийин тайсалдап калгам. Кээде жалгыз каламынбы деп коркуп кетем. Көңүлгө жаккан адамдар болуп калат, бирок көпчүлүгү үй-бүлөлүү болгондуктан, баш тартууга туура келет.
Бир кезде Расул Өкүмалиев деген журналист менен дос катары сүйлөшүп калган элек. Ал кийин өзүн пиар кылуу үчүнбү, “Клара экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз, баласына ата болсом дейм” деп жар салып жибериптир. Жакшыбы-жаманбы, Байэлдин атасы бар. Азыркы кезге чейин атасы менен байланышып, сүйлөшүп турат. Расулга “сен ушинтип жүргөн турбайсыңбы?” десем, “мен антип айткан эмесмин, алар өздөрү эле жазып салышыптыр” деп танып кеткен. Азыр ал үй-бүлөлүү, келинчеги менен жакшы мамиледебиз.
Эрлан Шүкүрбеков деген Райхан Абдувалиеванын тобунда иштеген жигит менен кичинебизден дос болчук. Ал азыр тамадалык кылгандыктан, тойлоруна чакырып калат. Тойдо ээрчишип жүргөнүбүздү эл көрүп, “мамилеси бар” деп сөз чыгарып жиберишиптир.

“УУЛУМДУ КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ”
– Бала менен жалгыз калган кыйын экен. Уулумду көрүп жүрөгүм ооруп кетет. Атасы менен чогуу, ага эркелеп чоңойсо эмне?..
Байыштын сунушу менен үйү­бүздү сатып, акчасын бөлүп алганбыз. Бир туугандарым, ата-энем акча чогултушуп, мага бир бөлмөлүү үй алып беришкен, азыр балам менен ошол жакта турам. Байэл менен көчөдө жүргөндө эл дароо эле “Байыштын уулубу?” деп таанып коёт. Атасына аябай окшош. Музыкага шыктуу, кыңылдап ырдап, бийлеп калат. Азыртан эле спортко кызыгуусу күч.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(46)
16.07.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх Клара,бала чагыбызда өзүңдү да сүйчү элек,ырларыңды дагы сүйуп укчу элек.Андан бери канча деген убакыт өттү,канча суулар акты,бирок дагы деле сенин ырларыңды ошондогудай сыйлап угам.Азыр деле ырдап чыксаң, азыркы көпчүлүк ырчы кыздардан өтө жакшы ырдамаксың.
17.07.2012. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бактылуу болгула , Байыштын уяты жок экен бир комната уйун баласына деле берсе болмок ,
17.07.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
байыш клара м.н ажырашып биринчи аялы м.н табышкандан кийин.бир гезитке берген маегин окугам.анда мындай деп жазылат мен динараны ж.а кызымды суйом мен озумду ушулар м.н гана бактылуу сезем деп.ошондон кийин ушу Байышты жек кором андай бактылуу экен жон жерден клараны неге бактысыз кылат.жайына койсо Клара да бактылуу болмок бироо м.н.Клара сага айтарым кайратту бол баландын бактысына бар бол.
18.07.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fanatka19, tura balacyna tashtap koiboibu ozunun kany da ortodo Klarany da baktycyz kyldy.Klara ech ubakta chokpo alga jakshy yrlaryn bar
17.07.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жашоодо баары болот кееде пилдер да учуп конот
17.07.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу негизи артистердин жашоосу татаал,
17.07.2012. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир аялдын ар бир баланын убалы болот Байыш ушул убалга калды. Байыш балан чоноюп эр жигит болгондо аттин кыласын бирок кеч болуп калат , бир уйду саттырып болбой эле койбопсун .
17.07.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клара мен менен тен болгондо, ала качып кетмекмин...
18.07.2012. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayabai kaigyga batkandai sezilet eken sozdoruno karaganda...Birok aldyda jakshy jana baktyluu jashoo kutup turat dep oiloim. Kaira jany yrlardy yrdap chyksa ayabai kubanyp koldogon kuiorman bolom:)Oshol kundu kudai bersin.
18.07.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байыш болбой бамыран кал.
18.07.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
супер менин коментарийим эмнеге кетпей калды
18.07.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alik1602, Катталганына 15 күн боло элек КОНОК тайпасындагылар бир күндө 3 гана комментарий жаза алышат.
18.07.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми куноону ар кимге койгон деле болбойт,буйруганы ошол да кудайдын,мындан кийинки жашоондун манызын изде Клара.ийгилик!балага баарынан эне керек.
19.07.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылара эже сиз албетте бактынызды табасыз!мен сизди жакшы кором бактылуу болун баланыздын омурун берсин!
19.07.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кларочка,жаман да болсо биринчин,Байыш мн болгун келет экен,албетте баланын атасы да,бирок,даа,окунучтуу!!!Коздуу мончоксун,жерде калбайсын!Сага бакыт!!!
19.07.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahim ar ubak sizdi jana balanizdi koldop tursun, biz sizdi suyobuz
19.07.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кунажын козун сузбосо бука жибин узбойт. Баласынын, Аялынын устуно аял ала качкан эркектен эмне куттунуз эле? Ажеп болуптур. Балага эле жалко...
19.07.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
seed, жаканды кармачы,кесир суйлоп болбойт билсен!ал кудайдын буйругу.
19.07.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Байыш пас адам экен.Кылган иши эркекчиликке жатпайт го...Уй болсо озу албаган тойдон топтолгон акчага алынса намысы менен Клара менен баласына иегова чыгып кетсе болмок!
20.07.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Galia, Туура айтасын.Мындайынан карасанар деле корунуп турат го.Клара жаш баладай таза,назик,ишенчээк корунот.А Байыштын болсо коздору ойноктоп,аял муноздой болуп турат.
20.07.2012. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара эже мен да сиздин таланттынызды жакшы кором ийгилик сизге. Кыргызымдын жигиттери, Ала качып ала качып
20.07.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анча не актанып арманынды айткансын? Жигиттеринди санап кыйратып койгонсуп тиги менен жургом бул менен жургом деп тим эле мага
20.07.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
куноо эки кишиден тен кетет Клараны суттон ак деп айтсанар жаныласынар,байкуш корунгону менен чыныгы жузун кимнер кордунор эле Кларанын билбей туруп бироонун аркасынан соз айткан туура эмес куноо Байыш менен клара экоондо бирдей
20.07.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куто туралы байыш да жон жатпай оз жообун берет да
21.07.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойлордо ачуусунан азыраак эле алса болмок? Кыргыз жигиттери жаман ойдо калбасын учун.
21.07.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу байышты бабник дешет, анан да
кларага ал тен келбейт.!
клара жылдыздуу жакшынакай айым , ийгилик калайм...
22.07.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kak govoritsya vremya le4it, no i pokole4it! Glavnoe ne padat',a na s4et Bayisha NO COMMENT!!! postupil kak posledniy LOH!!!
22.07.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара озу туура эмес кылган. Байыш аялы менен ажыраша электе эле ага неге макул болуп турмуш курдун? Анын аялын, бала чакасын ойлодун беле? Ойлогон болсон ошондо эле баш тартмаксын. Кайра аялын менен жараш деп айтыш керек болчу. Куто турсан сендей кызга уйлоно элек жигиттер чыкмак.... Кудай озу салмактап коет да ушунтип.
22.07.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А Байыш болсо... уйдун акчасын болуп алгандан кийин... лох..
22.07.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тагдыр татаал, тагдырды биз колубуз менен эч убакта тургуза албайбыз.Мандайга жазылганын коробуз. Ийгилик сизге Клара.
23.07.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
расул маматкулов алып берген уйду уулуна еле берип койсо болмок акчасын болбостон байыш кайыш екен
23.07.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустарда айтылгандай "у медали две стороны" демекчи,ар окуянын 2 жагы бар.Бул Клара эжебиздин айтканынын 2-жагы да бар да.Бирок жаш кызды алдап койгону билинип дал корунуп турат.
23.07.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогумдо орун бироо деп кайсы аарына ырдады Байыш бир орунга экоону тыга албай койду го...
01.09.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тойдо клараны коруп калдым баласын ээрчитип барганын. Апасы ырдап келейн десе бура бастырбай козун жашы молтулдоп тогуп ыйлайт. Клара аны алдайт конбойт. Байкуш анан кыжалат болуп тойдон кетип калган. Азамат клара жалгыз баласын татына карап багып. Ошондо аларды аяп ичимден байышты согуп алгам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо